Скрыть
1:7
1:22
Бир кезде кљп элдєє болгон шаар жесир аялдай болуп жалгыз отурат! Элдердин арасындагы улуу шаар, дубандардын тљрљсє салык тљлљљчє болуп калды.
Тєнкєсєн ал катуу ыйлайт, анын кљзєнљн жаш куюлат. Аны сєйгљндљрдєн ичинен сооротор эч кимиси жок. Досторунун баары ага чыккынчылык кылышты, ага душман болуп калышты.
Жєйєт алааматтын, оор кулчулуктун айынан туткундалып кетти, бутпарастардын арасына кљчєп барды, бирок тынчтык таба алган жок, куугунтуктагандардын баары аны тар жерлерде кууп жетишти.
Сион жолдору капаланып жатат, себеби майрамга барган эч ким жок. Анын бєт дарбазаларынын алды бош калды. Анын ыйык кызмат кылуучулары єшкєрєп жатышат, анын кыздары кайгыга батты, ал љзє да кайгырып жатат.
Ага љзєнєн душмандары башчылык кылып жатат, анын кас адамдары жыргап жашап жатышат, анткени Тењир ага љзєнєн кљптљгљн мыйзамсыздыктары єчєн алаамат тєшєрдє. Балдары душмандарынын алдына тєшєп туткундалып кетишти.
Ошентип, Сион кызынан кљрк кетти. Анын тљрљлљрє жайыт таппаган бугулардай болуп калышты. Алсыраган алар куугунчулардын алдына тєшєштє.
Иерусалим љзєнєн башына алаамат тєшкљн кєндљрє, азап чеккен кєндљрє љзєнєн мурунку баалуулуктарын эстеди. Эли душмандын колунан кырылып жатканда, ага эч ким жардамга келген жок. Душмандары аны карап, анын ишемби кєндљрєн шылдыњдап кєлєп жатышат.
Иерусалим оор кєнљљгљ батты, ошондуктан жийиркеничтєє болуп калды. Мурда дањктап жєргљндљрдєн баары азыр аны жек кљрљ карашат, анткени анын жылањачтыгын кљрєштє, ал љзє да єшкєрєнљ жєзєн бурат.
Анын этегинде ыпыластык бар эле, бирок ал љз келечеги жљнєндљ ойлогон эмес, ошондуктан ал љзгљчљ кемсинди, анын сооротору жок. «Тењир, менин башыма тєшкљн оор кєнгљ назар сал, анткени душманым салтанат куруп жатат!»
Душман анын эњ кымбат нерселерине колун сунду. Ал љзєнєн ыйык жайына бутпарастардын кантип кирип жатканын кљрєп турат. Сен бутпарастарды Љзєњдєн ыйык жамаатыња кирбесин деп буйругансыњ.
Анын бєт эли нан издеп єшкєрєп жатат, жанына кубат берчє тамак єчєн љзєнєн эњ кымбат нерселерин берип жатат. «Тењир, кара, менин кандай кемсингенимди кљр!
Жол менен љтєп бара жаткандар, силердин башыњарга мындай кєн тєшпљсєн! Карап кљргєлљчє, мен чалдыккан оорудай оору бар бекен? Тењир мага Љзєнєн жалындаган каарын тљккљн кєнє жиберген оорудай оору бар бекен?
Жогору жактан Ал менин сљљктљрємљ от жиберди, от сљљктљрємдє кургатты. Буттарыма тузак тартып, мени кљмљлљнттє, мени жакыр жана кєн сайын жапа чеккен адам кылды.
Менин мыйзамсыздыктарымдын моюнтуругу Анын колунда байланып турат. Алар бири-бирине байланып, мойнума салынды. Ал мени алсыратты. Тењир мени каршы турууга кєчєм жетпеген душмандарымдын колуна салып берди.
Менин бєт кєчтєєлљрємдє Тењир љз жеримде кулатты. Менин уландарымды жок кылуу єчєн, мага каршы эл чакырды. Кызды, Жєйєт кызын, Тењир жєзєм сыгылуучу жайда тебелегенсип тебеледи.
Мен ушул тууралуу ыйлап жатам. Кљзємдєн жашы кљл болду, анткени менин жанымды тирилте турган сооротуучу менден алыс. Балдарым кыргынга учурады, анткени душман мени жењди».
Сион љз колун сунуп жатат, бирок анын сооротуучусу жок. Тењир душмандарга Жакыпты курчоону буйрук кылды. Алардын арасында Иерусалим жийиркеничтєє болуп калды.
«Тењир адилеттєє, анткени мен Анын сљзєнљ моюн сунган эмесмин. Бардык элдер, уккула, менин оорумду кљргєлљ: кыздарым менен уулдарым туткундалып кетишти.
Досторумду чакырдым, бирок алар мени алдап кетишти. Ыйык кызмат кылуучуларым менен аксакалдарым жандарына бир аз кубат алыш єчєн, шаарда нан издеп єшкєрєп жєрєшљт.
Тењир, кљз кырыњды сал, анткени мен Сага кљшљрєп каршы турганым єчєн кыйналып жатам, жаным жай таппай жатат, жєрљгєм эњшерилип кетти. Сырттан кылыч мени балдарымдан ажыратты, ал эми єйємдљн љлєм конуш алды.
Менин онтоп жатканымды угушту, бирок менин сооротуучум жок. Бєт душмандарым менин башыма тєшкљн мєшкєл жљнєндљ угуп, муну Сен кылганыњ єчєн кубанып жатышат. Оо, эгерде Сен Љзєњ алдын ала айткан кєндє кел деп буйруй турган болсоњ, анда алар да мага окшоп калышат эле!
Алардын бардык кыянат иштери Сенин алдыња келсе экен. Бєт кєнљљлљрєм єчєн Сен мени кандай жазаласањ, аларды да ошондой жазала, анткени мен катуу онтоп жатам, жєрљгєм сыздап жатат».
Толкования стиха Скопировать ссылку Скопировать текст Добавить в избранное
Библ. энциклопедия Библейский словарь Словарь библ. образов Практическая симфония
Цитата из Библии каждое утро
TG: t.me/azbible
Viber: vb.me/azbible