Скрыть
1:5
1:9
1:24
1:28
1:30
1:32
1:33
1:36
Жашыя кљз жумгандан кийин, Ысрайыл уулдары Тењирден: «Канаандыктар менен согушууга бизден ким биринчи болуп барат?» – деп сурашты.
Тењир аларга: «Жєйєт барат. Мен жерди анын колуна берип жатам», – деди.
Жєйєт болсо љзєнєн бир тууганы Шымонго: «Мени менен бирге согушканы бар, канаандыктар менен согушабыз. Анан мен сени менен бирге согушканы барам», – деди. Ошентип, Шымон аны менен кетти.
Жєйєт согушка жљнљдє. Тењир канаандыктар менен периздиктерди алардын колуна салып берди. Ошентип, алар Безекте алардын он мињ адамын кырышты.
Безекте алар Адону-Безек менен беттешип, салгылашып, канаандыктар менен периздиктерди талкалашты.
Адону-Безек качып жљнљдє, бирок алар артынан кууп жетип, кармап алышты да, анын колу менен бутунун баш бармактарын кесип салышты.
Ошондо Адону-Безек: «Колдору менен буттарынын баш бармактары кесилген жетимиш падыша менин єстљлємдєн астынан кєкєм терип жешчє. Мен кандай кылсам, Кудай мени так ошондой жазалады», – деди. Аны Иерусалимге алып келишти, ал ошол жерде љлдє.
Жєйєттєн уулдары Иерусалимге каршы согуш ачып, аны багынтып, элин кылычтап кырып, шаарды љрттљп жиберишти.
Анан Жєйєттєн уулдары тоодо, тєштєктљ жана ойдуњ жерлерде жашаган канаандыктар менен согушууга жљнљштє.
Анан Жєйєт Хеброндо жашаган (Хеброндун мурунку аты Кирийат-Арба болчу) канаандыктарга кол салып, Шейшайды, Акиманды, Талмайды љлтєрдє.
Ал жерден ал Дебирдин тургундарына каршы жљнљдє. Дебирдин мурунку аты Кирийат-Сейпер болчу.
Ошондо Калеп: «Ким Кирийат-Сейперди талкалап, аны басып алса, ага кызым Аксаны аялдыкка берем», – деди.
Ал жерди Калептин иниси Кеназдын уулу Отниел басып алды. Калеп ага кызы Аксаны аялдыкка берди.
Кыз узай турган болгондо, Отниел ага атањдан жер сура деп єйрљтєп койду, ошондо ал эшектен тєштє. Калеп кызынан: «Сага эмне керек?» – деп сурады.
Акса атасына: «Батањды бер, сен мага тєштєк жерин бердињ, суу башаттарын да бер», – деди. Калеп кызына жогору жактагы башатты да, тљмљн жактагы башатты да берди.
Мусанын кайын атасы кейни Итронун уулдары Жєйєттєн уулдары менен Курма шаарынан чыгып, Араттын тєштєгєндљгє Жєйєт чљлєнљ барышты да, эл арасына отурукташып калышты.
Жєйєт бир тууганы Шымон менен барып, Сепатта жашаган канаандыктарды кыйратты. Ошондон улам бул шаар Хорма деп аталып калган.
Жєйєт ошондой эле Азаны, Ашкелонду, Экронду тегерек-чети менен басып алды.
Тењир Жєйєт менен болду, ал тоо аймагын ээлеп алды. Бирок љрљљндљ жашагандарды кууп чыга алган жок, анткени алардын темирден жасалган майдан арабалары бар эле.
Муса айткандай, Калепке Хебронду беришти. Калеп ал жерден Анактын єч уулун кууп чыкты.
Бирок Иерусалимде жашаган жебустуктарды Бенжемин уулдары кууп чыгышкан жок. Жебустуктар Бенжемин уулдары менен Иерусалимде бєгєнкє кєнгљ чейин бирге жашашат.
Ошондой эле Жусуптун уулдары да Бейтелге каршы аттанышты, Тењир алар менен болду.
Жусуптун уулдары Бейтелди карап чыгышты (шаардын мурдагы аты Луз эле).
Сакчылар шаардан келе жаткан адамды кљрєп, ага: «Бизге шаарга кире турган жерди кљрсљтєп берсењ, сага ырайым кылабыз», – дешти.
Ал шаарга кире турган жерди кљрсљтєп берди, алар шаарды кылычтап кыйратышты да, тиги кишини урук-туугандары менен коё беришти.
Ал киши хеттиктердин жерине барып, шаар куруп, аны Луз деп атады. Ал бєгєнкє кєнгљ чейин ошондой аталат.
Менаше Бейт-Шейанда, Таанахта, Дордо, Иблейемде, Мегидодо жана алардын карамагындагы шаарларда жашаган элдерди кууп чыккан жок. Ошентип, канаандыктар ошол жерлерде кала беришти.
Ысрайыл кєч алганда, канаандыктарга салык тљлљтєп койду, бирок аларды кууп чыккан жок.
Эпрайым да Гезерде жашаган канаандыктарды кууп чыккан жок. Канаандыктар алардын арасында, Гезерде жашап калышты.
Забулун да Китрон менен Налолдун тургундарын кууп чыккан жок. Канаандыктар алардын арасында жашап, салык тљлљп калышты.
Ашыр да Аконун, Сидондун, Аклаптын, Аказиптин, Хелбанын, Апиктин жана Рехоптун тургундарын кууп чыккан жок.
Ашыр ушул жерлерде жашаган канаандыктардын арасында жашап калды, анткени аларды кууп чыккан жок.
Напталы да Бейт-Шемештин, Бейт-Анаттын тургундарын кууп чыккан жок. Ал ушул жерлерде жашаган канаандыктардын арасында жашап калды. Бейт-Шемеш менен Бейт-Анаттын тургундары ага салык тљлљп калышты.
Аморлуктар Дан уулдарын љрљљнгљ тєшєрбљй, тоого сєрєп салышты.
Аморлуктар Херес тоосунда, Айалондо, Шаалбимде жашап калышты, бирок Жусуптун уулдары аморлуктарды багындырып алышты. Аморлуктар аларга салык тљлљп калышты.
Аморлуктардын жери Акрабым дљњсљљсєнљн жана Селадан жогору карай кетет.
Толкования стиха Скопировать ссылку Скопировать текст Добавить в избранное
Библ. энциклопедия Библейский словарь Словарь библ. образов Практическая симфония
Цитата из Библии каждое утро
TG: t.me/azbible
Viber: vb.me/azbible