Скрыть
30:1
30:2
30:3
30:4
30:5
30:6
30:7
30:8
30:11
30:12
30:13
30:15
30:17
30:18
30:21
30:22
30:27
30:28
Азыр болсо мени љзємдљн кичєєлљр шылдыњ кылып жатышат, мен алардын аталарын койлорумду кайтарган иттеримдин жанына да жаткырганга макул болбойт элем.
Алардын кєчтєє колунун мага эмне кереги бар? Алардын убагы љтєп кеткен.
Жакырчылык менен ачарчылыктан алсырагандар тєнљргљн, ээн калган, суусуз талаада кањгып жєрєшљт.
Тикенектин тєбєнљн майда чљп терип жешет, тикенектєє бадалдын мљмљсє – алардын тамагы.
Аларды эл ичинен кубалап, ууруга кыйкыргандай кыйкырышат.
Ошондуктан аларга сай-сайдын жарларында, капчыгай боорлорунда, аска-зоолордун коњулдарында жашоого туура келет.
Алар тикенектин арасында ыйлашат, бадалдын тєбєнљ корголошот.
Алар – четке кагылган адамдар, атсыз-нарксыз адамдар, жер жєзєнєн таштандылары!
Азыр мен ошолордун ырдар ыры болдум, оозунан тєшпљгљн сљзє болдум.
Алар мени жек кљрєшљт, менден качышат, менин бетиме тєкєрєєдљн тартынышпайт.
Тењир менин жаамдын жибин єзєп, мени талкалады, ошон єчєн алар менин кљз алдымда љздљрєнєн ооздорундагы ооздукту алып салышты.
Бул жер жайнаган эл менин оњ капталыман чыгып, мени буттан чалып жатат, љздљрєнєн кыйратуучу жолдорун мени кљздљй буруп жатышат.
Менин жолумду болсо бузушту, жардамчысыз эле менин љлємєм єчєн бардыгын камдоого єлгєрєштє.
Алар мага чоњ тешиктен тєшкљнсєп тєшєп келишти, чуру-чуу менен мага кол салышты.
Љтљ жаман коркунучтар мага бет алды. Менин кадыр-баркым шамалдай учуп кетти, бак-таалайым булуттай тарап кетти.
Азыр болсо ичимдеги жаным кыйналып жатат: мени кайгылуу кєндљр курчады.
Тєнкєсєн сай-сљљгєм сыздайт, тарамыштарымдын тынчы кетти.
Yстємдљгє кийимим љтљ кыйынчылык менен чечилет, кљйнљгємдєн жакасы кысып турат.
Ал мени ылайга таштады, мен кєл менен топуракка окшоп калдым.
“Мен Сенден жардам сурап жатам, бирок Сен мага жооп бербейсињ, Сенин алдыњда турам, бирок Сен мага кљњєл бурбайсыњ.
Сен мага ырайымсыз болуп калдыњ, кубаттуу колуњ менен мага каршы чыгып жатасыњ.
Сен мени кљтљрєп, катуу шамал менен кошо учуруп жатасыњ, бороон менен кљтљрєп чаап жатасыњ.
Ошондуктан мен билем, Сен мени љлємгљ дуушар кылып, бардык жашоочулар чогула турган жайга алып барасыњ”.
Урандылардын астында калган адам жардам сурап колун сунбай коймок беле? Башына кырсык тєшкљн адам кыйкырбай коймок беле?
Мен башына мєшкєл тєшкљндљрдє кљргљндљ, ыйлаган жок белем? Жардыларды кљргљндљ, жаным кыйналган жок беле?
Мен жакшылыкты эњсеп турганда, жамандык келди, жарыкты кєтєп турганда, карањгылык келди.
Менин ичим кайнап жатат, басылбайт, мен кайгылуу кєнгљ туш келдим.
Мен капкара болуп басып жєрљм, бирок бул кєндљн эмес. Эл арасында туруп, жардам сурап кыйкырып жатам.
Мен чљљлљрдєн бир тууганы болуп калдым, тљљ куштардын досу болуп калдым.
Менин терим карарып кетти, сљљктљрєм ысыктан куйкаланды.
Лирамдын єнє кайгылуу чыгып калды, сыбызгымдын єнє ыйга окшоп калды.
Толкования стиха Скопировать ссылку Скопировать текст Добавить в избранное
Библ. энциклопедия Библейский словарь Словарь библ. образов Практическая симфония
Цитата из Библии каждое утро
TG: t.me/azbible
Viber: vb.me/azbible