Скрыть
29:1
29:2
29:4
29:5
29:6
29:7
29:8
29:9
29:10
29:11
29:13
29:18
29:21
29:22
29:23
29:24
29:25
Аюб маанилєє сљздљрєн улантып, мындай деди:
«Оо, мен мурунку айлардагыдай болсом кана! Кудай мени сактап жєргљн кєндљрдљгєдљй болсом кана!
Анын чырактаны менин єстємдљ кєйєп турчу, карањгыда мен Анын жарыгы менен жєрчємєн.
Жаш чагымда, Кудайдын ырайымы менин чатырыма тийип турганда, мен кандай элем!
Кудуреттєє Кудай мени менен эле, балдарым тегерегимде болчу!
Жолдорума сєт тљгєлєп турчу, аскалар мен єчєн зайтун майын чыгарып турчу.
Шаар дарбазасынын алдына чыкканымда, аянтка отургучумду койгонумда,
жигиттер мени кљрєп, жашынып калышчу, карылар ордунан туруп, туруп турушчу.
Тљрљлљр сљзєн токтотуп, колдору менен ооздорун жабышар эле.
Атактуулардын єнє басылып, тилдери тањдайына жабышып калар эле.
Мени уккан кулак мени урматтап турар эле, мени кљргљн кљз мени дањктап турар эле.
Анткени мен жардам сураган жакырды да, карай турган кишиси жок жетимди да сактап калчумун.
Мага љлєп бара жаткандын батасы тийчє, жесир аялдын жєрљгєнљ кубаныч берчємєн.
Мен адилеттиктин кийимин кийип жєрчємєн, калыстыкты чапан жана баш кийим катары кийип жєрчємєн.
Мен сокурга кљз, аксакка бут болчумун.
Кайырчыларга ата болчумун. Љзєм билбеген адамдын талаш-тартыш маселесин кылдаттык менен чечип турчумун.
Мыйзамсыздын жаагын талкалап турчумун, уурдагандарын тиштеринен сууруп алып турчумун.
Мен мындай деп айтчумун: “Љз уямда љлљм, жашоо кєндљрєм кумдай кљп болот.
Тамырым сууга жетет, бутактарыма шєєдєрєм тєнљйт.
Атак-дањкым карыбайт, колумдагы жаа бек турат”.
Мага кулак салып турушчу, кєтєп турушчу, акыл айтканымда унчугушчу эмес.
Мен сєйлљгљндљн кийин, алар сєйлљшчє эмес, менин сљздљрєм алардын кулактарына куюлчу.
Мени жамгырды кєткљндљй кєтєшчє, ооздорун кеч жааган жамгырга ачкансып ачып турушчу.
Аларга жылмайып койсом, кљргљн кљздљрєнљ ишенишчє эмес. Алар менин жєзємдљгє жарыкты љчєрєшчє эмес.
Мен аларга жол кљрсљтєп турчумун, алардын башында отурчумун, жоокерлердин арасындагы падышадай жашачумун, ыйлагандардын кљњєлєн жубаткан сооротуучудай болчумун.
Толкования стиха Скопировать ссылку Скопировать текст Добавить в избранное
Библ. энциклопедия Библейский словарь Словарь библ. образов Практическая симфония
Цитата из Библии каждое утро
TG: t.me/azbible
Viber: vb.me/azbible