Скрыть
28:1
28:2
28:3
28:4
28:5
28:6
28:7
28:8
28:9
28:10
28:11
28:12
28:13
28:14
28:17
28:18
28:19
28:20
28:21
28:22
28:24
28:25
28:27
«Чындыгында, кємєштєн кени бар, алтындын эритєєчє жайы бар.
Темир жерден алынат. Жез таштан эритилип алынат.
Адам карањгылыкка чек коёт, карањгылыкта, љлєм кљлљкљсєндљ кылдаттык менен таш издейт.
Эч кимдин буту баспаган жерден кен казат, тєпкєргљ тєшљт, адамдар жок жерде илинип, термелип турушат.
Дан љскљн жердин тєпкєрєндљ от балбылдап жаткансыйт.
Анын таштарынын арасынан сапфир табышат, ал жерден алтын кум чыгат.
Ошол жакка барчу жолду жырткыч куш билбейт, аны айры куйруктун кљзє кљргљн эмес.
Жаш арстандар аны тепсеген эмес, ал жол менен арстан баскан эмес.
Ал гранит ташка колун сунат, тоолорду тєп-тамыры менен омкорот.
Аскаларды тешип жол чыгарат, анын кљздљрє бардык асыл байлыктарды кљрљт.
Агын суулардын агымын токтотот, жашыруун жаткандарды жарыкка чыгарат.
Бирок акылмандык кайдан алынат? Акылдын жаткан жери кайда?
Адам анын баасын билбейт, ал тирєєлљр жашаган жерден табылбайт.
Тєпкєр айтат: “Акыл менде эмес”, – деп, дењиз да: “Менде эмес”, – дейт.
Аны алтынга ала албайсыњ, кємєшкљ сатып ала албайсыњ.
Ал Опирдин алтыны менен да, кымбат баалуу акак таш менен да, кљк жакут менен да бааланбайт.
Ага алтын да, тунук кристалл да тењ келбейт, аны таза алтындан жасалган идиштерге да алмаша албайсыњ.
Ал эми маржан менен берметтерди айтып љтєєнєн кажети да жок, акылмандыкка жетєє кыпкызыл лаалга жетєєдљн алда канча артык.
Ага Эфиопиянын сары жакут таштары да тењ келбейт. Ал таза алтын менен бааланбайт.
Анда акылмандык кайдан чыгат? Акылдын чыккан жери кайда?
Ал бардык тирєє жандардын кљзєнљн жашыруун, асман куштарына да кљрєнбљйт.
Абадон менен љлєм: “Ал жљнєндљгє сљздє биз љз кулагыбыз менен уктук”, – дешет.
Анын жолун бир гана Кудай билет, анын орду бир гана Кудайга маалым.
Анткени Ал жердин тєпкєрєнљ чейин карап турат, асман астындагынын бардыгын кљрєп турат.
Ал шамалга салмак берип жатканда, сууларды љлчљмє менен жайгаштырып жатканда,
жамгырга мыйзам берип жатканда, кєркєрљгљн чагылгандын жолун тєзєп жатканда,
аны кљрдє жана кљрсљттє, аны даярдады, сыноодон да љткљрдє.
Анан адамга мындай деп айтты: “Мына, акылмандык деген – Кудайдан коркуу, акыл деген – кыянаттыктан качуу”».
Толкования стиха Скопировать ссылку Скопировать текст Добавить в избранное
Библ. энциклопедия Библейский словарь Словарь библ. образов Практическая симфония
Цитата из Библии каждое утро
TG: t.me/azbible
Viber: vb.me/azbible