Скрыть
13:2
13:5
13:6
13:7
13:8
13:9
13:11
13:12
13:14
13:15
13:17
13:22
13:24
13:25
13:26
13:27
13:28
13:29
13:30
13:32
13:35
13:36
13:37
Пасах майрамынын алды эле. Ыйса Љзєнєн бул дєйнљдљн кетип, Атасына бара турган убагы келип калганын билчє. Ал бул дєйнљдљгє Љзєнєн адамдарын сєйдє, аларды акырына чейин сєйдє.
Кечки тамак убагы болчу. Шайтан буга чейин эле Шымон уулу Жєйєт Искариоттун жєрљгєнљ Ыйсага чыккынчылык кылуу каалоосун салып койгон.
Ыйса Атасынын бардык нерсени Љзєнљ бергендигин, Љзєнєн Кудайдан келип, Ага кайра кайтып барарын билчє.
Ыйса дасторкондон туруп, сырткы кийимин чечти да, белине сєлгє байлады.
Андан кийин чылапчынга суу куюп алып, шакирттеринин бутун жууп, белиндеги сєлгє менен аарчый баштады.
Шымон Петирдин жанына келгенде, ал Ага мындай деди: «Тењир, Сен менин бутумду жууйсуњбу?»
Ыйса ага мындай деп жооп берди: «Менин эмне кылып жатканымды сен азыр тєшєнбљйсєњ, кийин тєшєнљсєњ».
Петир Ага: «Мен бутумду Сага эч качан жуудуртпайм!» – деди. «Эгерде Мен сенин бутуњду жуубасам, анда сен Мени менен єлєштљш болбойсуњ», – деп жооп берди Ыйса.
Ошондо Шымон Петир Ага: «Тењир, андай болсо, бутумду гана эмес, колумду да, башымды да жуу!» – деди.
Ыйса ага: «Жуулган адамдын бутун гана жууш керек, анткени ал таза. Силер да тазасыњар, бирок баарыњар эмес», – деди.
Анткени Ыйса кимдин чыккынчылык кыларын билген, ошондуктан: «Баарыњар эмес», – деди.
Ыйса шакирттеринин бутун жууп бєтєп, сырткы кийимин кийип, дасторконго кайра отургандан кийин, мындай деди: «Силерге эмне кылганымды тєшєндєњљрбє?
Мени: “Устат”, “Тењир”, – дейсињер. Мунуњар туура, анткени Мен чынында эле Ошолмун.
Мен Тењир жана Устат болуп туруп, бутуњарды жуудум. Демек, силер да бири-бирињердин бутуњарды жуушуњар керек.
Анткени Мен силерге єлгє кљрсљттєм, Мен силерге эмне кылсам, силер да ошону кылгыла.
Чындыкты, силерге чындыкты айтып коёюн, кул љз кожоюнунан жогору эмес, жиберилген адам жиберєєчєдљн жогору эмес.
Эгерде ушул билгенињерди аткарсањар, анда бактылуусуњар.
Баарыњар жљнєндљ айтып жаткан жокмун, Мен Љзєм тандап алган адамдарымды билем. Бирок Ыйык Жазуудагы “Мени менен бир дасторкондо отурган адам Мага согончогун кљтљрдє” деген сљз аткарылышы керек.
Мен бул сљздє силерге аткарыла электе эле айтып жатам, аткарылгандан кийин, Ошол Мен экендигиме ишенип каласыњар.
Чындыкты, силерге чындыкты айтып коёюн, ким Мен жиберген адамды кабыл алса, ал Мени кабыл алган болот. Ал эми Мени кабыл алган адам Мени жиберген Кудайды кабыл алган болот».
Бул сљздљрдє айткандан кийин, Ыйса кайгырып, мындай деди: «Чындыкты, силерге чындыкты айтып коёюн, арањардан бирљљ Мага чыккынчылык кылат».
Шакирттери Ыйсанын ким жљнєндљ айтып жатканын тєшєнєшпљй, бири-бирин карашты.
Шакирттеринин бири Ыйсанын тљшєнљ башын коюп отурган. Ыйса аны жакшы кљрљр эле.
Шымон Петир ага ким жљнєндљ айтып жатканын сурачы дегендей белги берди.
Ыйсанын тљшєнљ башын коюп отурган ал: «Тењир, ал ким?» – деп сурады.
«Бир єзєм нанды табактагы ашка малгандан кийин, кимге берсем, ал – ошол», – деп жооп берди Ыйса. Анан Ал бир єзєм нанды табактагы ашка малды да, Шымондун уулу Жєйєт Искариотко сунду.
Нанды алары менен, Жєйєттєн ичине шайтан кирди. Ошондо Ыйса Жєйєткљ: «Кылайын дегенињди тезирээк кыл!» – деди.
Дасторкондо отургандардын эч кимиси Ыйсанын ага эмне єчєн ушинтип айтканын тєшєнгљн жок.
Акча салынуучу куту Жєйєттљ болгондуктан, кээ бирљљлљрє: «Ыйса ага: “Майрамга карата бизге керектєє нерселерди сатып кел” же “Жакырларга бир нерсе бер”, – деп жатат го», – деп ойлошту.
Жєйєт нанды алары менен, сыртка чыгып кетти. Тєнкє убак эле.
Жєйєт чыгып кеткенден кийин, Ыйса мындай деди: «Азыр Адам Уулу дањкталды. Ал аркылуу Кудай да дањкталды.
Эгерде Кудай Ал аркылуу дањкталса, анда Кудай да Аны дањктайт, Аны жакын арада дањктайт.
Балдарым! Эми Мен силер менен бир аз убакыт гана болом. Мени издейсињер. Жєйєттљргљ айткан сљзємдє азыр силерге да айтам: “Мен бара турган жерге силер бара албайсыњар”.
Силерге жањы осуят берем: бири-бирињерди сєйгєлљ! Мен силерди сєйгљндљй, силер да бири-бирињерди сєйгєлљ!
Эгерде бири-бирињерди сєйсљњљр, башкалар силердин Менин шакирттерим экенињерди билишет».
Шымон Петир Ыйсадан: «Тењир, Сен кайда барасыњ?» – деп сурады. Ыйса ага: «Мен бара жаткан жакка сен азыр Мени ээрчип бара албайсыњ, бирок Менин артымдан кийин барасыњ», – деп жооп берди.
Петир Ага: «Тењир, эмне єчєн мен Сени азыр ээрчип бара албайм? Мен Сен єчєн жанымды берем», – деди.
Ошондо Ыйса ага мындай деди: «Мен єчєн жаныњды бересињби? Чындыкты, сага чындыкты айтып коёюн, короз кыйкырганга чейин, сен Менден єч жолу баш тартасыњ.
Толкования стиха Скопировать ссылку Скопировать текст Добавить в избранное
Библ. энциклопедия Библейский словарь Словарь библ. образов Практическая симфония
Цитата из Библии каждое утро
TG: t.me/azbible
Viber: vb.me/azbible