Скрыть
4:1
4:17
4:20
4:21
4:24
4:30
«Ысрайыл, эгерде сен кайрылгыњ келсе, Мага кайрыл, – дейт Тењир. – Эгерде Менин алдымдан љзєњдєн жийиркеничтєє нерселерињди жок кылсањ, анда тентибейсињ».
Чындык менен, акыйкаттык менен, адилеттик менен: «Тењир тирєє!» – деп ант бересињ, элдер Тењирден бата алышат, Тењир менен мактанышат.
Анткени Жєйєт менен Иерусалимдин адамдарына Тењир мындай дейт: «Љзєњљргљ жањы эгин талааларды айдагыла, тикенектердин арасына сеппегиле.
Жєйєттєн адамдары, Иерусалимдин тургундары, жамандык кылууга жљндљмдєє болгондугуњар єчєн, Менин каарым силерге оттой жалындап, љчпљй кєйбљшє єчєн, љзєњљрдє Тењир єчєн сєннљткљ отургузгула, жєрљгєњљрдє сєннљткљ отургузгула.
Жєйєт аймагына кабарлагыла жана Иерусалимде жар салгыла, айткыла, жерди аралап сурнай тарткыла. Катуу кыйкырып: “Келгиле, чогулуп алып чептєє шаарларга баралы”, – деп айткыла.
Сиондо туу кљтљргєлљ, чепке качкыла, токтобогула, анткени Мен тєндєктљн кайгы жана чоњ кыргын алып келем».
Љзєнєн чытырман токоюнан арстан чыгып келе жатат, элдерди кыруучу чыгып келе жатат: ал љзєнєн ордунан сенин жерињди чљлгљ айландырыш єчєн чыгып келе жатат. Шаарларыњ талкаланып, тургундары жок калат.
Ошондуктан зумбал курчанып алып ыйлагыла, љкєргєлљ, анткени Тењирдин жалындаган каары бизден кайт болбойт.
«Ошол кєнє, – дейт Тењир, – падышанын жєрљгє жана тљрљлљрдєн жєрљгє катып калат. Ыйык кызмат кылуучулардын єрљйлљрє учат, пайгамбарлар тањ калышат».
Ошондо мен: «Оо Кудай-Тењирим! “Силерде тынчтык болот” деп, Сен бул элди жана Иерусалимди кызыктырып эле койдуњ беле? Бирок кылычтан кырылып жатабыз», – дедим.
Ошол мезгилде бул элге жана Иерусалимге мындай деп айтылат: «Менин элимдин кызынын жолуна чљлдєн бийик адырларынан куйкалоочу шамал келет. Ал шамал эгин сапырыш єчєн эмес, эгин тазалаш єчєн да эмес.
Ал жактан Мага мындан да катуу шамал келет, ошондо Мен аларга Љз љкємємдє жарыялайм».
Мына, ал булуттардай болуп кљтљрєлєп жатат, анын арабалары куюндай, анын аттары бєркєттљн да ыкчам. Бизге кайгы! Анткени биз талкаланабыз.
Иерусалим, куткарылышыњ єчєн, жєрљгєњдљн жаман нерсени жууп сал. Качанга чейин сенде жаман ойлор уялайт?
Анткени азыр эле Дандан єн угулуп жатат, Эпрайым тоосунан љлєм кабары келе жатат:
«Элдерге кабарлагыла, Иерусалимге билдиргиле: Алыскы љлкљдљн курчап алуучулар келе жатышат, љздљрєнєн кыйкырыктары менен Жєйєттєн шаарларын жањыртып жатышат».
«Алар Иерусалимди туш-туштан талаа сакчыларындай болуп курчап келе жатышат, анткени ал Мага каршы козголоњ чыгарды, – дейт Тењир.
Сенин жолдоруњ менен кылган иштерињ ушуга себепкер болду. Сен мыйзамсыздыгыњдан ушунчалык кыйналып жатасыњ, ал жєрљгєњдє жаралап жатат».
Жаным! Жаным! Жєрљгємдєн терењинде кайгырып жатам, жєрљгєм толкунданып жатат, унчукпай коё албайм. Анткени сен, жаным менин, сурнай єнєн, согуш коркунучун угуп жатасыњ.
Кайгы артынан кайгы! Бєт љлкљ кыйрап жатат, кєтєлбљгљн жерден менин єйлљрєм кыйрады, кљз ирмегенче менин чатырларым кыйрады.
Мен качанкыга чейин тууларды кљрљм, сурнай єнєн угам?
«Бул Менин элимдин акылсыздыгынан, Мени билбегендигинен болду. Алар – акылсыз балдар, аларда акыл жок. Алар жамандык кылганга акылдуу, бирок жакшылык кылууну билишпейт».
Жерди карасам, мына, ал кыйрап, ээн калды, асманды карасам, анын жарыгы жок.
Тоолорду карасам, мына, алар титиреп жатат, бєт адырлар солкулдап жатат.
Карасам, мына, адам жок, асмандагы куштардын баары туш-тушка учуп кетиптир.
Карасам, мына, Кармел чљлгљ айланыптыр, анын бєт шаарлары Тењирдин жєзєнљн, Анын катуу каарынан кыйраптыр.
Анткени Тењир мындай деген: «Бардык жер ээн калат, бирок таптакыр кырып салбайм.
Бул тууралуу жер ыйлайт, жогоруда асман тєнљрљт, анткени Мен айттым, Мен белгиледим, ал єчєн љкєнбљйм, андан кайтпайм.
Атчан аскерлердин жана жаа тарткан аткычтардын ызы-чуусунан бєт шаар эли туш-тушка качат: алар калыњ токойлорго кетишет, аскаларга чыгышат. Бардык шаарлар ээн калат, аларда бир да тургун болбойт.
Ээн калган, сен, эми эмне кыласыњ? Сенин ачык кызыл кийим кийгенињ да, алтын жасалгалар менен жасанганыњ да, кљзєњдє боёгонуњ да бекер. Ойношторуњ сени жек кљрєп калышты, алар сени љлтєргљнє жатышат.
Анткени мен тљрљп жаткан аялдыкындай єндє, биринчи жолу тљрљп жаткан аялдыкындай онтоону, Сион кызынын єнєн угуп жатам. Ал колун созуп онтоп жатат: “Оо, мага кайгы! Менин жаным киши љлтєрєєчєлљрдєн алдында кыйналып жатат!”
Толкования стиха Скопировать ссылку Скопировать текст Добавить в избранное
Библ. энциклопедия Библейский словарь Словарь библ. образов Практическая симфония
Цитата из Библии каждое утро
TG: t.me/azbible
Viber: vb.me/azbible