Скрыть
28:4
28:5
28:6
28:7
28:8
28:10
28:11
28:12
28:13
28:15
28:17
Ошол эле жылы, Жєйєт падышасы Ситкиянын падышачылыгынын алгачкы жылдарында, падышачылыгынын тљртєнчє жылынын бешинчи айында Гибондон чыккан пайгамбар – Азур уулу Ханания мага Тењир єйєндљ, ыйык кызмат кылуучулардын жана бєт элдин кљз алдында мындай деди:
«Ысрайылдын Кудайы, Себайот Тењир мындай дейт: “Бабыл падышасынын моюнтуругун кыйратам.
Эки жылдан кийин Мен бул жерге Бабыл падышасы Небухаданасар бул жерден Бабылга алып кеткен Тењир єйєнєн идиштеринин баарын кайра алып келем.
Жєйєт падышасы Жайаким уулу Жайахинди жана Бабылга туткундалып кеткен бєт жєйєт элин бул жерге кайра алып келем, – дейт Тењир. – Анткени Бабыл падышасынын моюнтуругун кыйратам”».
Ошондо Жеремия пайгамбар Тењир єйєндљ турган ыйык кызмат кылуучулардын кљз алдында жана бєт элдин кљз алдында Ханания пайгамбарга айтты:
Жеремия пайгамбар мындай деди: «Оомийин, Тењир муну ошондой кылсын! Тењир єйєнєн идиштери менен бєт туткундардын Бабылдан бул жерге кайра келиши тууралуу пайгамбарчылык кылып айткан сенин сљздљрєњдє Тењир иш жєзєнљ ашырсын!
Бирок бул сљздє угуп ал, мен аны сага жана бєт элге угуза айтам:
Менден мурунку жана сенден мурунку пайгамбарлар кљп жерлерге жана улуу падышачылыктарга согуш, алаамат, жугуштуу оору болорун алдын ала айтып келишкен.
Эгерде кайсы бир пайгамбар тынчтык болорун алдын ала айткан болсо, анда ошол пайгамбардын айткан сљзє орундалганда гана аны чыны менен Тењир жиберген пайгамбар деп эсептешкен».
Ошондо Ханания пайгамбар Жеремия пайгамбардын мойнунан моюнтурукту чечип алып, талкалап салды.
Ханания бєт элдин кљз алдында мына бул сљздљрдє айтты: «Тењир мындай дейт: “Эки жылдан кийин бєт элдердин мойнунан Бабыл падышасы Небухаданасар салган моюнтурукту чечип алып, так ушундай кылып талкалайм”». Анан Жеремия љз жолу менен кетти.
Ханания пайгамбар Жеремия пайгамбардын мойнундагы моюнтурукту талкалап салгандан кийин, Жеремияга Тењирден мындай сљз болду:
«Бар, Хананияга айт: Тењир мындай дейт де: “Сен жыгач моюнтурукту талкалап салдыњ, эми анын ордуна темир моюнтурук жасайсыњ”.
Анткени Ысрайылдын Кудайы, Себайот Тењир, мындай дейт: “Бабыл падышасы Небухаданасарга кызмат кылдырыш єчєн, ушул элдердин баарынын мойнуна темир моюнтурук салам, ошондо алар ага кызмат кылышат, атєгєл, Мен ага талаа жырткычтарын да бердим”».
Ошондо Жеремия пайгамбар Ханания пайгамбарга мындай деди: «Кулак сал, Ханания. Сени Тењир жиберген эмес, сен болсо бул элди жалган ємєттљндєрєп жатасыњ.
Ошондуктан Тењир мындай дейт: “Мына, Мен сени жер бетинен жок кылам. Сен ушул эле жылы љлљсєњ, анткени сен Тењирге каршы сєйлљдєњ”».
Ханания пайгамбар ошол эле жылы, жетинчи айда љлдє.
Толкования стиха Скопировать ссылку Скопировать текст Добавить в избранное
Библ. энциклопедия Библейский словарь Словарь библ. образов Практическая симфония
Цитата из Библии каждое утро
TG: t.me/azbible
Viber: vb.me/azbible