Скрыть
5:3
5:4
5:9
5:10
5:13
5:16
5:27
Љзємдєн Сєйєктєємљ Сєйєктєємдєн жєзємзары жљнєндљгє ырын ырдап берейин. Менин Сєйєктєємдєн жемиштєє дљњсљљнєн башында жєзємзары бар эле.
Ал аны тосмо менен курчады, аны таштарынан тазалады, ага тандалган жєзєм сабактарын отургузду, ортосуна мунара тургузду, анын ичине жєзєм сыгылуучу жай казды, анан жакшы жєзєм берет деп кєттє, бирок ал жапайы мљмљ берди.
«Эми, Иерусалимдин тургундары, Жєйєттєн эркектери, жєзємзарым экљљбєзгљ калыс болгула.
Жєзємзарым єчєн дагы эмне кылышым керек эле, мен ага эмнени кылбай койдум? Мен аны жакшы жєзєм берет деп кєтсљм, эмне єчєн ал жапайы мљмљ берди?
Эми Мен силерге жєзємзарымды эмне кыларымды айтып коёюн: анын тосмосун алып салам, ошондо ал талкаланат; дубалдарын уратам, ошондо ал тебеленет.
Аны кароосуз калтырам, анын бутактарын кыйышпайт, тєбєн тегерете казып жумшартышпайт, аны тикенек жана отоо чљп басат, анын єстєнљ жамгыр тљкпљгєлљ деп, булуттарга буйрук берем».
Себайот Тењирдин жєзємзары – Ысрайыл тукуму, Ысрайыл эркектери – Анын жакшы кљргљн кљчљттљрє. Ал адилеттикти кєттє, бирок мына, кан тљгєлєє; Ал акыйкаттыкты кєттє, бирок мына, ый.
Кайгы силерге, жерде љзєњљр эле жашап жаткансып, башкаларга жер калтырбай, єй єстєнљ єй, талаа єстєнљ талаа кошкондор!
Себайот Тењир менин кулагыма мындай деп айтты: «Ушул кљп сандаган єйлљр бош калат, чоњ, кооз єйлљрдљ эч ким жашабай калат.
Жєзємзардын он бљлєгє бир бат тєшєм берет, себилген бир хомер дан арањ эле бир эйфа дан берет».
Тањ заардан кєчтєє ичимдик издеп, тєн киргенче шарап ичип мас болуп отургандарга кайгы!
Алар тойлорунда лира, арфа чертишет, дап кагышат, чоор тартышат, шарап ичишет, бирок Тењирдин иштерин карашпайт, Анын колдору кылган иштер жљнєндљ ойлошпойт.
Ошон єчєн Менин элим кєтєлбљгљн жерден туткундалып кетет, тљрљлљрє ачкачылыкка дуушар болушат, байлары чањкашат.
Ошон єчєн љлгљндљр жаткан жай кењейип, оозун араандай ачты. Ал жакка алардын дањкы да, шаан-шљкљтє да, алар менен чогуу шапар тепкендер да тєшљт.
Ошондо адам башын жерге салат, эркек моюн сунат, текеберлердин кљзє жер карайт.
Тењир Себайот болсо сотто жогору кљтљрєлљт, ыйык Кудай Љзєнєн ыйыктыгын чындык менен кљрсљтљт.
Ошондо койлор љз эрки менен жайылат, байлардан калган оттуу жайыттарда башкалардын койлору оттошот.
Мыйзамсыздыкты курулай убаракерчиликтин жиби менен сєйрљп жєргљндљргљ, арабаны божу менен сєйрљгљндљй, кєнљљнє сєйрљп жєргљндљргљ кайгы!
Алар мындай дешет: «Ал шашылсын, Ал Љз ишин тездетсин, биз кљрљлє, Ысрайылдын ыйык Кудайынын чечими жакындасын, ишке ашсын, ошондо биз билебиз».
Жаманды жакшы деп, жакшыны жаман дегендерге, карањгыны жарык деп, жарыкты карањгы деп эсептегендерге, ачууну таттуу деп, таттууну ачуу деп эсептегендерге кайгы!
Љздљрєн акылман эсептегендерге, љзєнљ љзє акылдуу кљрєнгљндљргљ кайгы!
Шарапты коркпой ичкендерге, кєчтєє ичимдикти кыйын даярдагандарга кайгы!
Пара єчєн айыптууну актап, айыпсызга кєч кљрсљтєп жаткандарга кайгы!
Мына ошон єчєн саманды от жалмагандай, чљптє жалын жок кылгандай, алардын тамыры кєйєп жок болот, алардын гєлє топурактай сапырылат. Анткени алар Себайот Тењирдин мыйзамын четке кагышты, Ысрайылдын Ыйыгынын сљзєн жек кљрєштє.
Мына ошон єчєн Тењир Љз элине каарданып, аларга колун сунуп жазалайт, ошондо тоо солкулдап, алардын љлєктљрє кљчљлљрдљгє кыктай болот. Ошондо да Анын каары кайтпайт, Анын колу сунулган бойдон тура берет.
Ал алыстагы элдерге туу кљтљрљт, жер кыйырында жашаган элге белги берет. Мына ошондо ал оњой эле, тез эле жетип келет.
Анын арасында чарчаганы да, алсыраганы да болбойт, бир да адам уктабайт да єргєлљбљйт, анын белинен куру чечилбейт, бут кийиминин боосу єзєлбљйт.
Жаалары курчутулган, жебелери тартылган, аттарынын туяктары таштай катуу, арабалары куюндай.
Анын кєрєлдљгљнє ургаачы арстандыкындай. Ал жаш арстандай айкырат, љкєрєп келип олжосун баса калып, алып кетет, эч ким андан олжону тартып албайт.
Ошол кєнє ал ага кєркєрљгљн дењиздей айкырат, ошондо ал жерди карайт, мына ошондо ал жерди карањгылык, кайгы каптаганын, асманда жарык љчкљнєн кљрљт.
Толкования стиха Скопировать ссылку Скопировать текст Добавить в избранное
Библ. энциклопедия Библейский словарь Словарь библ. образов Практическая симфония
Цитата из Библии каждое утро
TG: t.me/azbible
Viber: vb.me/azbible