Скрыть
44:9
44:11
44:14
44:15
44:16
44:19
44:20
44:21
Азыр болсо, Жакып, Менин кулум, Мен тандап алган Ысрайыл, ук.
Сени жараткан, сени жасаган, сага энењдин курсагында жаткандан бери жардам берип келе жаткан Тењир мындай дейт: Коркпо, Менин кулум Жакып, Мен тандап алган Сєйєктєєм.
Анткени Мен суусаган жерге суу, какшыган жерге агын сууларды тљгљм. Сенин тукумуња рухумду тљгљм, сенин укум-тукумуња батамды берем.
Ошондо алар чљптљрдєн арасында, суулардын жээгинде љскљн талдарга окшоп љсєшљт.
Бири: “Мен Тењирдикимин”, – дейт, экинчиси Жакыптын аты менен аталат, дагы бирљљ љз колу менен: “Мен Тењирдикимин”, – деп жазат, Ысрайылдын аты менен аталат».
Тењир, Ысрайылдын Падышасы, анын Кун Тљлљп Куткаруучусу, Себайот Тењир мындай дейт: «Биринчи да Менмин, акыркы да Менмин, Менден башка Кудай жок.
Анткени Мендей ким бар? Ал Мага Мен байыркы элди жараткандан бери эмне болсо, ошонун бардыгын ирети менен кљрсљтєп, айтып берсин, кабар кылсын, же болбосо боло турганды жана келечекти алдын ала жарыя кылсын.
Коркпогула, єрљйєњљрдє учурбагыла. Мен сага мурун эле кабарлап, мурун эле алдын ала айткан жок белем? Силер Менин кєбљлљрємсєњљр. Менден башка Кудай барбы? Башка аска жок, башка эч бир аска жок».
Буркан жасагандардын баары – болбогон нерсе, алардын суктанарлык буркандары эч кандай пайда алып келбейт, ошондой экенине љздљрєнљ љздљрє кєбљ. Алар эч нерсени кљрєшпљйт, эч нерсени тєшєнєшпљйт, ошондуктан маскара болушат.
Эч кандай пайда алып келбеген кудайды ким жасады, бурканды ким куйду?
Буга катышкандардын бардыгы уятка калышат. Анткени сєрљтчєлљрдєн љздљрє деле – адамдар. Алардын баары чогулуп келип, турушсун, алардын єрљйє учат, баары уят болушат.
Темир уста темирден балта жасап алып, отто иштейт, аны барскан менен иштеп чыгат. Анын єстєндљ кєчтєє колдору менен иштейт, ачка болуп кєчє кеткенче иштейт. Суу ичпейт, алсырайт.
Жыгач уста жыгач тандап алып, ага жип тартып љлчљп, учтуу курал менен сєрљтєн тєшєрєп, анан аны кескич менен жонуп, жумуру кылат, єйгљ коюш єчєн, андан сулуу адамдын бейнесин жасайт.
Ал љзєнљ кедрлерди кыйып алат, карагай жана эмен жыгачын алат, аларды токойдогу дарактардын арасынан тандап алат, ясень дарагын тигет, ал эми жамгыр аны љстєрљт.
Анан ал адамга отун болот, ал анын бир бљлєгєн алып жылынат, от жагат, нан бышырат. Анан ошол эле жыгачтан кудай жасап, ага табынат, буркан жасап, ага таазим кылат.
Жыгачтын бир бљлєгєн отко жагат, экинчи бљлєгє менен эт бышырат, куурдак кууруп, тойгончо жейт. Ошондой эле жылынып: «Кандай жакшы, мен жылыдым, оттун табын сездим», – дейт.
Ал эми ошол эле жыгачтын калган бљлєгєнљн љзєнљ кудай кылып буркан жасап, ага табынып, анын алдына жыгылып, ага: «Мени куткар, анткени сен менин кудайымсыњ», – деп сыйынат.
Алар билишпейт, тєшєнєшпљйт, анткени алардын кљзє кљрбљш єчєн, жєрљгє тєшєнбљш єчєн жабылып калган.
Ал љз жєрљгєндљ ойлонбойт, «Мен жыгачтын жарымын отко жактым, чогуна нан бышырдым, эт кууруп жедим. Ал эми калганынан жийиркеничтєє нерсе жасамак белем? Бир кертим жыгачка табынмак белем?» деп айтканга анын тєшєнєгє да, акылы да жетпейт.
Ал чањды кубалап жєрљт, алданган жєрљгє аны адаштырды, ошондуктан ал љз жанын куткара албайт. «Оњ колумдагы жалган эмеспи?» деп айта албайт.
«Муну эсињден чыгарба, Жакып, Ысрайыл, анткени сен Менин кулумсуњ, сени Мен жараттым. Сен Менин кулумсуњ, Ысрайыл, Мени унутпа.
Сенин мыйзамсыздыктарыњды тумандай, кєнљљлљрєњдє булуттай таратам. Мага кайрыл, анткени Мен сени кун тљлљп куткарып алдым».
Шањдан, асман! Анткени муну Тењир кылды. Кыйкыргыла, жер терењдиктери! Тоолор, токойлор жана анын ичиндеги бак-дарактардын баары, кубанычтан шуулдагыла, анткени Тењир Жакыпты кун тљлљп куткарып алды, Тењир Ысрайыл аркылуу дањкталат.
Сени кун тљлљп куткарып алган, сени энењдин курсагында жараткан Тењир мындай дейт: «Мен бардыгын жараткан Тењирмин, асманды бир Љзєм жайдым, Љз кєчєм менен жерди тљшљдєм.
Жалган пайгамбарлардын жышаандарын жаратпай, сыйкырчылардын акылсыздыгын ашкере кылган, акылмандарды артка кубалаган, алардын билимин акылсыздыкка айландырган,
Љз кулунун сљзєн ишке ашырган, Љзєнєн элчилеринин сљздљрєн аткарган, Иерусалимге: “Сага кайра кљчєп келишет”, – деген, Жєйєттєн шаарларына: “Сен кайра куруласыњ, сенин урандыларыњды Мен калыбына келтирем”, – деген,
туњгуюкка: “Соолу! Мен сенин дарыяларыњды соолутам”, – деген,
Кореш жљнєндљ: “Менин койчум, ал Менин бєт эркимди аткарат”, – деген, Иерусалимге: “Сен кайрадан куруласыњ!” – деген, ийбадатканага: “Сен кайрадан негизделесињ”, – деген Тењир Менмин».
Толкования стиха Скопировать ссылку Скопировать текст Добавить в избранное
Библ. энциклопедия Библейский словарь Словарь библ. образов Практическая симфония
Цитата из Библии каждое утро
TG: t.me/azbible
Viber: vb.me/azbible