Скрыть
41:3
41:5
41:6
41:9
41:12
41:17
41:21
41:22
41:24
41:25
41:26
41:28
«Аралдар, Менин алдымда унчукпай калгыла, элдер кайра кєчкљ толсун, алар жакын келишип: “Сот алдында бирге турабыз”, – дешсин».
Чыгыштан адил адамды ким тургузду? Ким аны љзєнєн артынан жєрєєгљ чакырды? Ким анын колуна элдерди салып берип, падышаларды багынтты? Ал аларды анын кылычы менен топуракка айландырды, анын жаасы менен шамал учурган саманга айландырды.
Ал аларды кубалап, эч качан буту баспаган жол менен жайбаракат бара жатат.
Муну ким кылды? Муну ким жєзљгљ ашырды? Урууларды байыртадан чакырган ким? «Мен, Тењир, биринчимин, акыркы уруулар учурунда да Мен ошол элемин».
Аралдар кљрєп, єрљйлљрє учту, бєт жер жєзє титиреп кетти. Алар жакындап келип, биригип калышты.
Ар ким љз жакынына жардамдашып, љз бир тууганына: «Кайраттан», – дейт.
Темир уста эритєєчєнєн кљњєлєн кљтљрљт, балка менен темир тєздљгљн адам дљшєгљ соккон адамга ширетилген жери жљнєндљ «жакшы» деп айтып, бекем болуш єчєн мык менен бекитет.
«Ал эми сен, Ысрайыл, Љзєм тандап алган кулум Жакып, Менин досум Ыбрайымдын тукуму,
Мен сени жердин аягынан алгам, жер кыйырынан чакырып алып, сага мындай деп айткам: “Сен Менин кулумсуњ, Мен сени тандап алдым, ошондуктан Мен сени четке какпайм”.
Коркпо, анткени Мен сени мененмин, єрљйєњдє учурба, анткени Мен сенин Кудайыњмын. Мен сени бекемдейм, сага жардам берем. Мен сени Љзємдєн адилеттигимдин оњ колу менен колдойм.
Мына, сага каардангандардын баары уятка калып, маскара болушат, сени менен тирешкендердин баары эч нерсеге турбай калат, жок болот.
Љзєњљ каршы чыккандарды издейсињ, бирок таппайсыњ. Сени менен каршылашкандар эч нерсеге турбай калат.
Анткени Мен сенин Кудай-Тењирињмин. Сени оњ колуњдан кармап, сага мындай дейм: “Коркпогун, Мен сага жардам берип жатам”.
Коркпогун, курт Жакып, эли аз Ысрайыл, Мен сага жардам берип жатам, – дейт Тењир, сенин Куткаруучуњ, Ысрайылдын Ыйыгы.
Мына, Мен сени курч, жањы, тиштєє моло таш кылдым, сен тоолорду малалап майдалайсыњ, дљњдљрдє топонго айландырасыњ.
Сен аларды сапырасыњ, аларды шамал айдап, таратып жиберет, куюн учуруп кетет. Сен болсо Тењир тууралуу кубанасыњ, Ысрайылдын Ыйыгы менен мактанасыњ.
Жакырлар менен кедей-кембагалдар суу издеп жєрєшљт, бирок суу жок, алардын тилдери суусагандан кургап жатат. Мен, Тењир, аларды угам, Мен, Ысрайылдын Кудайы, аларды таштабайм.
Тоолордон дарыя, љрљљндљрдљн булак чыгарам, чљлдє кљлгљ айландырам, какшыган жерди суу булагына айландырам.
Чљлгљ кедр, акация, мирта, зайтун дарактарын отургузам, талаага кипарис, клён, бук дарактарын тигем.
Ошондо алар буларды Тењирдин колу жасаганын, Ысрайылдын Ыйыгы жаратканын кљрєшљт, таанып билишет, байкашат, тєшєнєшљт».
«Ишињерди кљрсљткєлљ, – дейт Тењир. Љзєњљрдєн далилињерди келтиргиле, – дейт Жакыптын Падышасы.
Алар бизге эмне болорун кљрсљтєшсєн жана айтышсын, бир нерсе болордон мурда алдын ала кабарлашсын, ошондо биз акылыбыз менен тєшєнєп, анын аягы эмне менен бєткљнєн билебиз, же болбосо бизге келечек жљнєндљ алдын ала айтышсын.
Келечекте эмне болорун айткыла, ошондо биз силердин кудай экенињерди билебиз, же болбосо жакшы же жаман бир нерсе жасагыла, биз тањ калып, силер менен бирге кљрљлє.
Бирок силер санда жок нерсесињер, ишињер да эч нерсеге жарабайт, силерди тандап алган адам жийиркеничтєє.
Мен аны тєндєктљн тургуздум, ал келет. Кєн чыгыштан Менин ысымымды чакырат, љкємдарларды ылайдай тепсейт, карапачы чопо тебелегендей тебелейт.
Биз билишибиз єчєн, бул жљнєндљ бизге башынан ким кабарлады эле? Биз “Ушул чынбы?” деп айтыш єчєн, бизге ким алдын ала айтып койду эле? Эч ким айткан жок, эч ким кабарлаган жок, эч ким силердин сљзєњљрдє уккан жок.
Мен Сионго: “Ал мына!” – деп, биринчи айттым, Иерусалимге жакшы кабарчыны бердим.
Ошондуктан Мен карап турдум, бирок эч ким кљрєнгљн жок. Мен алардан сураганда, алардын арасынан Мага жооп берер кењешчи табылган жок.
Алардын бардыгы – санда жок нерсе, алардын иштери да болбогон нерсе. Алардын буркандары – жел жана боштук.
Толкования стиха Скопировать ссылку Скопировать текст Добавить в избранное
Библ. энциклопедия Библейский словарь Словарь библ. образов Практическая симфония
Цитата из Библии каждое утро
TG: t.me/azbible
Viber: vb.me/azbible