Скрыть
10:10
10:11
10:14
10:15
10:17
10:27
10:31
10:32
«Адилетсиз мыйзам чыгаргандарга, ырайымсыз чечимдерди жазгандарга кайгы!
Анткени алар бей-бечараларды акыйкаттыктан четтетишет, Менин элимдин ичиндеги жакырларды укугунан ажыратышат, жесирлерди љздљрєнљ олжо кылышат, жетимдерди талап-тоношот.
Алыстан бєлгєн келип, жазалана турган кєн келгенде, силер эмне кыласыњар? Кимге жардам сурап кайрыласыњар? Байлыгыњарды кайда калтырасыњар?
Менсиз силер туткундардын арасында бєкєрљйєп каласыњар, љлтєрєлгљндљрдєн арасына кулайсыњар». Ошондо да Анын каары кайтпайт, Анын колу сунулган бойдон тура берет.
«Оо Ашур, Менин каарымдын таягы! Анын колундагы таяк Менин каарым!
Мен аны кудайсыз элге каршы жана Мени каарданткан элге каршы жиберем. Мен ага ошол элди талап-тоноону, олжолоону жана кљчљдљгє баткактай тебелеп-тепсљљнє буйрук кылам.
Бирок ал мындай деп ойлобойт, анын жєрљгє башканы ойлойт, анын жєрљгєндљ – бир топ элдерди кыйратуу, жок кылуу.
Анткени ал мындай дейт: “Падышалардын баары Менин тљрљлљрєм эмес бекен?
Кално Каркемиштей эмес бекен? Хамат Арпаттай эмес бекен? Самария Дамасктай эмес бекен?
Менин колум буркандары Иерусалим менен Самарияныкына караганда кљп болгон бутпарас падышачылыктарды ээлеп алды.
Анан мен Самарияга жана анын буркандарына кылганымды Иерусалимге жана анын жасалма кудайларына кылбай коймок белем?”»
Тењир Љзєнєн бардык иштерин Сион тоосунда жана Иерусалимде бєтєргљндљн кийин: «Ашур падышасынын текебер жєрљгє жеткен ийгиликти жана жогору караган кљздљрєнєн менменсингендигин кљрљм», – дейт.
Ал: «Мен муну љз колумдун кєчє менен, љз даанышмандыгым менен кылдым, анткени мен акылдуумун. Элдердин чек арасын жылдырып жатам, алардын казына-байлыктарын талап-тоноп жатам, дљљдљй болуп тактарынан кулатып жатам.
Менин колум элдердин байлыктарын уяны тартып алгандай тартып алды. Уяларда калган жумурткаларды алгандай, мен бєт жерди тартып алдым, эч ким канатын кыймылдаткан жок, эч ким ооз ачкан жок, эч ким кыњк эткен жок», – деп жатат.
Балта љзє менен чаап жатканга кыйынсынмак беле? Араа љзє менен араалап жатканга менменсинмек беле? Союл љзєн кљтљрєп жатканга каршы чыккансыйт! Таяк жыгач эмеске каршы кљтљрєлгљнсєйт!
Ошон єчєн Эгедер, Себайот Тењир, анын семиздерин арыктатат, анын атактууларынын арасында оттун жалынындай жалын чыгарат.
Ысрайылдын Жарыгы от болуп, анын Ыйыгы жалын болуп, коко тикендери менен тикенектерин бир кєндљ жалмап,
атактуу токою менен багын тєп-тамыры менен жок кылат. Ошондо ал алсырап љлєп бара жаткан адамдай болот.
Анын токоюнда дарактар ушунчалык аз калгандыктан, аларды жаш бала да эсептеп чыга алат.
Ошол кєнє мындай болот: Ысрайылдын калдыгы, Жакыптын тукумунун аман калгандары, љздљрєн љлтєрєп жаткандарга таянбай калышат, тескерисинче, алар Ысрайылдын ыйык Тењирине чын жєрљктљн таянышат.
Калдык кайрылат, Жакыптын калдыгы, кудуреттєє Кудайга кайрылат.
Анткени Сенин элињ, Ысрайыл, дењиздин тєгљнгєс кумундай болсо да, калдыгы гана кайрылат. Жок кылуу чечими чыкты, ал акыйкаттыкка толгон.
Анткени жок кылуу чечимин Себайот Кудай-Тењир бєт љлкљдљ ишке ашырат.
Ошондуктан Эгедер, Себайот Тењир, мындай дейт: «Сиондо жашаган Менин элим, Ашурдан коркпо! Ал сени таяк менен чабат, Мисирдей болуп сага союлун кљтљрљт.
Дагы бир аздан кийин, бир аз эле убакыттан кийин Менин сага каршы каарым кайтат, Менин жаалым аларды кырууга бурулат».
Сур-Орейип аскасынын жанында мидиандыктарды кыйраткандагыдай, Себайот Тењир ага камчы кљтљрљт же Љзєнєн таягын дењизге кљтљрєп, мисирликтерди чљктєргљндљй чљктєрљт.
Ошол кєнє мындай болот: ийнињен анын жєгє алынат, мойнуњан анын моюнтуругу алынат, семиздиктен моюнтурук талкаланат.
Ал Айатка бара жатат, Мигрон аркылуу љтєп бара жатат, азык-тєлєгєн Мукмаска жыйнап жатат.
Тар жерлерден љтєштє, Гебада тєнљштє, Рама солкулдады, Шабулдун Гибасы туш-тушка качты.
Галим кызы, улуп-уњшуп ыйла! Сени Лаиш уксун, бактысыз Анатот!
Мадмейна туш-тушка качып кетти, Гейбимде жашагандар качканга шашылып жатышат.
Ал дагы бир кєн Нопто турат. Ал љзєнєн колу менен Сион тоосун, Иерусалим дљњсљљсєн коркутуп жатат.
Мына, Эгедер, Себайот Тењир, коркунучтуу кєч менен бак-дарактардын бутактарын жулат, бою менен мактангандар кыйылат, бийик љскљндљрє жерге кулатылат.
Токойлордун калыњ жерлерин темир менен кыят, Лебанон Кудуреттєєнєн колунан кулайт.
Толкования стиха Скопировать ссылку Скопировать текст Добавить в избранное
Библ. энциклопедия Библейский словарь Словарь библ. образов Практическая симфония
Цитата из Библии каждое утро
TG: t.me/azbible
Viber: vb.me/azbible