Скрыть
9:1
9:3
9:6
9:8
9:16
9:18
9:21
9:22
9:23
9:24
9:25
9:26
Ошентип, биринчи келишимдин Кудайга кызмат кылуу боюнча кљрсљтмљлљрє, жердеги ыйык жайы бар эле.
Биринчи жыйын чатыры тигилген. Анын «ыйык» деп аталган биринчи бљлмљсєндљ чырактан, дасторкон, нан курмандыктары бар.
Экинчи кљшљгљнєн артында «ыйыктын ыйыгы» деп аталган ички бљлмљ бар.
Анда жыпар жыттуу заттар тєтљтєлєєчє алтын идиш жана ичи-тышы алтын менен жалатылган келишим сандыгы, сандыкта манна салынган алтын идиш, Арундун бєрдљгљн аса таягы жана келишим жазылган таш лооктор бар.
Сандыктын єстєндљ канаттарын жайып, сандыктын капкагын жаап турган дањктын керуптары турат. Азыр буга токтолуп отуруунун зарылчылыгы жок.
Ушундай жабдылган чатырдын биринчи бљлмљсєнљ ыйык кызмат кылуучулар Кудайга кызмат кылуу єчєн дайыма киришет.
Ал эми экинчи бљлмљгљ башкы ыйык кызмат кылуучу гана жылына бир жолу кире алат. Ал бљлмљгљ ал љзє єчєн жана элдин билбей жасаган кєнљљлљрє єчєн чалынган курмандыктын каны менен кирет.
Бул аркылуу Ыйык Рух муну билдирет: биринчи бљлмљ турганда экинчисине, ыйык жайга кирєєгљ жол али ачыла элек.
Бул азыркы учур єчєн єлгє: Кудайга алып келинген тартуулар менен курмандыктар аларды алып келген адамдын абийирин жеткилењ кыла албайт.
Денеге тиешелєє болгон жеп-ичєє, ар кандай жуунуу расмилери жана салттар жљнєндљгє кљрсљтмљлљр жањы тартип келген убакка чейин гана кєчєндљ болгон.
Бирок Машайак келечектеги жакшылыктардын Башкы ыйык кызмат кылуучусу катары кол менен жасалбаган, башкача айтканда, бул дєйнљгљ таандык болбогон, мурункудан чоњ жана жакшы чатыр менен келди.
Текелердин, торпоктордун каны менен эмес, Љз каны менен бир ирет ыйык жайга кирип, бизге тєбљлєк куткарылуу алып берди.
Эгерде денелери тазаланыш єчєн, єстєлљрєнљ чачылган текелердин, торпоктордун каны жана кунажындын кєлє булгангандарды ыйыктаган болсо,
анда тєбљлєктєє Рух аркылуу кемчиликсиз Љзєн Кудайга курмандыкка алып келген Машайактын каны тирєє Кудайга кызмат кылышыбыз єчєн, абийирибизди љлєк иштерден тазалары анык.
Ошондуктан Машайак – жањы келишимдин Арачысы. Ал адамдарды байыркы келишимдин убагында жасаган кєнљљлљрєнљн арылтуу єчєн, Љз жанын љлємгљ кыйды. Ошентип, Кудай тарабынан чакырылып алынгандар Анын убада кылган тєбљлєк мурасына ээ болот.
Анткени мурас кагазы бар жерде мурас калтырган адамдын љлгљндєгє аныкталышы керек.
Анткени мурас кагазы мурас калтырган адамдын кљзє љткљндљн кийин гана кєчєнљ кирет, анын кљзє тирєє турганда, мурас кагазынын кєчє жок.
Ошондуктан биринчи келишим да кансыз бекитилген эмес.
Муса бєт Ысрайыл элине мыйзам китебиндеги бардык осуяттарды жарыялады. Андан кийин курмандыкка чалынган кочкорлор менен торпоктордун канына суудан кошуп, ага кызыл жєндє жана иссопту малып, китепке жана бєт элге чачып:
«Бул кан – Тењирдин силер менен тєзгљн келишимин беките турган кан», – деди.
Ошондой эле жыйын чатырына, Кудайга кызмат кылууда колдонулуучу бардык буюмдарга чачты.
Мыйзам боюнча дээрлик бардыгы кан менен тазартылат. Кан тљгєлмљйєнчљ, кєнљљ кечирилбейт.
Ошентип, асмандагынын єлгєсє ушул курмандыктар менен, асмандагынын љзє болсо булардан жакшы курмандыктар менен тазаланышы керек болгон.
Анткени Машайак чыныгы ыйык жайдын єлгєсє боюнча колго жасалган ыйык жайга эмес, азыр биз єчєн Кудай алдында туруу єчєн асмандын љзєнљ кирди.
Ыйык жайга жыл сайын љзєнєн эмес, курмандыктын каны менен кирген башкы ыйык кызмат кылуучуга окшоп, Ыйса Љзєн кайра-кайра курмандыкка алып келиш єчєн кирген эмес.
Болбосо Ал дєйнљ жаратылгандан бери бир нече ирет азап чегиши керек болор эле. Бирок Ал Љзєн курмандыкка берєє менен, кєнљљнє жок кылуу єчєн, кылымдын акырында бир ирет келди.
Адам баласы бир ирет љлєп, андан кийин сотко келиши керек.
Ошол сыяктуу эле кљптљрдєн кєнљљлљрєн Љз мойнуна алыш єчєн, Машайак Љзєн бир ирет курмандыкка берди. Ал эми экинчи ирет кєнљљдљн тазалоо єчєн эмес, Љзєн кєтєп жаткандарды куткаруу єчєн келет.
Толкования стиха Скопировать ссылку Скопировать текст Добавить в избранное
Библ. энциклопедия Библейский словарь Словарь библ. образов Практическая симфония
Цитата из Библии каждое утро
TG: t.me/azbible
Viber: vb.me/azbible