Скрыть
8:4
8:7
8:9
8:13
Биз айтып жаткандардын эњ башкысы бул: Улуулуктун тактысынын оњ жагында отурган Башкы ыйык кызмат кылуучубуз бар.
Ал – чыныгы жыйын чатырынын жана адам эмес, Тењир тургузган ыйык жайдын Ыйык кызмат кылуучусу.
Ар бир башкы ыйык кызмат кылуучу тартууларды жана курмандыктарды Кудайга алып келєє єчєн дайындалат. Ошол себептєє биздин Башкы ыйык кызмат кылуучубуздун да Кудайга алып келгенге бир нерсеси болушу керек.
Эгерде Ал жерде калса, анда Ыйык кызмат кылуучу болмок эмес. Анткени мыйзам боюнча Кудайга курмандык алып келе турган ыйык кызмат кылуучулар бар.
Алар асмандагынын бейнеси менен кљлљкљсєнљ кызмат кылышат. Муса жыйын чатырын курууга киришкенде, ага Кудай тарабынан мындай деп айтылган: «Байкагын, аларды Мен сага тоодо кљрсљткљн єлгє боюнча жаса».
Бул Башкы ыйык кызмат кылуучу мурункудан жогору кызматты алды, Ал – мурункудан жакшы келишимдин арачысы, ал келишим мурункудан жакшы убадаларга негизделген.
Эгерде биринчи келишим кынтыксыз болсо, экинчисинин кереги жок болмок.
Ал аларды мындай деп жемелейт: «Ысрайыл жана Жєйєт менен Мен жањы келишим тєзљ турган кєндљр келе жатат.
Бирок бул келишим Менин алардын ата-бабалары менен тєзгљн келишимимдей эмес. Мен ал келишимди алардын ата-бабаларын Мисир жеринен алып чыгыш єчєн, аларды колунан алган кєнє тєзгљм. Бирок алар келишимди сакташкан жок, ошондуктан Мен алардан жєзємдє бурдум, – дейт Тењир.
Бирок ошол кєндљрдљн кийин Мен Ысрайыл менен мындай келишим тєзљм, – дейт Тењир, – Мен Љзємдєн мыйзамдарымды алардын акылына салам, алардын жєрљктљрєнљ жазам, алардын Кудайы болом, алар болсо Менин элим болушат.
Ошондон кийин эч ким љз жакынын, эч ким љз бир тууганын: “Тењирди таанып билгиле”, – деп єйрљтпљй калат, анткени алардын бардыгы, кичинесинен чоњуна чейин, Мени таанып билишет.
Анткени Мен аларга ырайым кылып, адилетсиздиктерин кечирем, мындан ары алардын кєнљљлљрє менен мыйзамсыздыктарын эстебейм».
«Жањы» деп айтуу менен мурункунун эскиргендигин кљрсљттє. Ал эми кљљнљргљн, эскирип бара жаткан нерсе жок болуунун алдында турат.
Толкования стиха Скопировать ссылку Скопировать текст Добавить в избранное
Библ. энциклопедия Библейский словарь Словарь библ. образов Практическая симфония
Цитата из Библии каждое утро
TG: t.me/azbible
Viber: vb.me/azbible