Скрыть
2:5
2:8
2:10
2:14
2:15
2:18
2:20
2:21
Жетинчи айдын жыйырма биринчи кєнє Акай пайгамбар аркылуу Тењирден мындай сљз болду:
«Эми Жєйєт башчысы Шалтиел уулу Зоробабылга, башкы ыйык кызмат кылуучу Жетсадак уулу Жешуяга жана элдин калдыгына мындай де:
“Арањарда бул єйдє мурунку дањкы менен кљргљндљр барбы? Азыр силер аны кандай абалда кљрєп турасыњар? Силердин кљзєњљргљ ал эч нерсеге арзыбаган нерсе катары кљрєнєп турган жокпу?
Бирок сен азыр кайраттан, Зоробабыл, – дейт Тењир, – башкы ыйык кызмат кылуучу Жетсадак уулу Жешуя, кайраттан! Бул жердин бєт эли, кайраттан, – дейт Тењир, – иштей баштагыла, анткени Мен силер мененмин, – дейт Себайот Тењир.
Мисирден чыкканыњарда Менин силер менен тєзгљн келишимим жана Менин рухум силер менен, коркпогула!”»
Анткени Себайот Тењир мындай дейт: «Жакын арада Мен асман менен жерди, дењиз менен кургактыкты дагы бир жолу солкулдатам,
бардык элдерди солкулдатам, ошондо бардык элдер љздљрєнєн кымбат баалуу нерселери менен келишет, бул єйдє дањкка толтурам, – дейт Себайот Тењир.
Кємєш Меники, алтын да Меники, – дейт Себайот Тењир.
Бул акыркы ийбадаткананын дањкы мурунку ийбадаткананын дањкынан жогору болот, – дейт Себайот Тењир. – Мен бул жерге тынчтык берем, – дейт Себайот Тењир».
Дарийдин падышачылыгынын экинчи жылы, тогузунчу айдын жыйырма тљртєнчє кєнє Акай пайгамбар аркылуу Тењирден сљз болду:
Себайот Тењир мындай дейт: «Ыйык кызмат кылуучулардан мыйзам тууралуу сура:
“Эгерде кимдир бирљљ ыйык этти этегине салып бара жатып, этегин нанга, же бышкан ашка, же шарапка, же зайтун майына, же болбосо кандайдыр бир тамакка тийгизип алса, ал нерсе ыйык болуп калабы?”» Ыйык кызмат кылуучулар: «Жок», – деп жооп беришти.
Анан Акай мындай деди: «Эгерде љлєккљ тийип булганган адам ушул нерселердин бирине тийип кетсе, ал нерсе таза эмес болуп калабы?» Ыйык кызмат кылуучулар: «Таза эмес болуп калат», – деп жооп беришти.
Ошондо Акай мындай деди: «Бул эл ушундай, Менин алдымда бул уруу ушундай, – дейт Тењир, – алар кылган иштердин баары ушундай! Алардын ошол жерде чалган курмандыктарынын бардыгы таза эмес.
Эми жєрљгєњљрдє бєгєнкє кєндљн Тењир ийбадатканасында таш єстєнљ таш коюла элек мезгилге карай бургулачы.
Ошол убактарда мындай болгон: жыйырма љлчљм боло турган чљмљлљгљ келишсе, он љлчљм болуп чыккан; жєзєм сыгылуучу жайга элєє љлчљм сузуп алганы келишсе, жыйырма эле љлчљм болуп чыккан.
Мен силерди эгинињерге коњур дат оорусун жиберип, эгинињерди кєйгєзєп, кылган бардык ишињерди мљндєр менен талкалап жазаладым, ошондо да силер Мага кайрылган жоксуњар, – дейт Тењир.
Бєгєнкє кєндљн тартып – тогузунчу айдын жыйырма тљртєнчє кєнєнљн, Тењирдин ийбадатканасы негизделген кєндљн тартып артка карай жєрљгєњљрдє бургулачы. Жєрљгєњљрдє бургула:
Кампаларда дагы єрљн барбы? Буга чейин жєзєм сабагы да, анжыр дарагы да, анар дарагы да, зайтун дарагы да тєшєм берген эмес. Ушул кєндљн тартып Мен силерге батамды берем».
Айдын жыйырма тљртєнчє кєнє Акай пайгамбарга Тењирден экинчи ирет сљз болуп, мындай деп айтылды:
«Жєйєт башчысы Зоробабылга мындай деп айт: “Мен асман менен жерди солкулдатам.
Падышачылык тактыларды кулатам, бутпарас падышачылыктардын кєчєн жок кылам, майдан арабаларын жана аларда отургандарды аласалдырам, аттары да, чабандестери да жерге кулатылат, ар бири љз бир тууганынын кылычы менен кулатылат.
Кулум, Шалтиел уулу Зоробабыл, – дейт Себайот Тењир, – ошол кєнє Мен сени Љзємљ алам, – дейт Тењир, – сени мљљр шакеги катары сактайм, анткени Мен сени тандап алдым”, – дейт Себайот Тењир».
Толкования стиха Скопировать ссылку Скопировать текст Добавить в избранное
Библ. энциклопедия Библейский словарь Словарь библ. образов Практическая симфония
Цитата из Библии каждое утро
TG: t.me/azbible
Viber: vb.me/azbible