Скрыть
43:1
43:4
43:6
43:8
43:10
43:11
43:12
43:13
43:15
43:16
43:17
43:18
43:19
43:20
43:22
43:25
43:27
43:28
43:31
43:33
Жер жєзєндө ачарчылык кєчөдє.
Алар Мисирден алып келген эгинди жеп бєтєшкөндөн кийин, атасы уулдарына: «Дагы барып, бир аз азык сатып келгиле», – деди.
Ошондо Жєйєт атасына мындай деди: «Ал киши бизге чечкиндєє тєрдө: “Эгерде силер менен кошо бир тууганыңар келбесе, көзємө көрєнбөгєлө”, – деген.
Эгерде инибизди биз менен кошо жиберсең, барып, сага азык сатып келебиз.
Эгерде жибербей турган болсоң, анда барбайбыз, анткени ал киши: “Эгерде силер менен кошо бир тууганыңар келбесе, көзємө көрєнбөгєлө”, – деген».
Ошондо Ысрайыл аларга: «Эмнеге мага ушундай жамандык кылдыңар? Ал кишиге дагы бир инибиз бар деп, эмнеге айттыңар?» – деди.
Алар: «Ал киши биз жөнєндө, єй-бєлөбєз жөнєндө сураштырып: “Атаңар дагы эле тирєєбє? Бир тууганыңар барбы?” – деди. Ал бизге суроо бергенинен улам жооп бердик. Анын бизге иниңерди алып келгиле дээрин кайдан билдик?» – деп жооп беришти.
Жєйєт атасы Ысрайылга: «Баланы мени менен жибер, биз ордубуздан туруп, жолго чыгалы, анан биз да, сен да балдарыбыз менен кошо өлбөй тирєє калабыз.
Ал єчєн мен жооп берем, аны менден сурайсың. Эгерде мен аны алып келип, алдыңа койбосом, өмєр бою сенин алдыңда айыптуу бойдон калайын.
Биз минтип кечиктирбегенде, эмгиче эки барып келмекпиз», – деди.
Атасы Ысрайыл аларга мындай деди: «Андай болсо мындай кылгыла: өзєңөр менен кошо бул жердин мөмө-жемишинен алып, ал кишиге белек катары бир аз бальзам, бир аз бал, стиракс менен ладан жыгачтарынын чайырынан, мистеден, бадам жаңгагынан алып барып бергиле.
Колуңарга мурункудан башка кємєш алгыла. Ал эми кабыңардын оозуна кайра салып койгон кємєштє өз колуңар менен кайра бергиле, мємкєн, бул жаңылыштыктан болгондур.
Бир тууганыңарды алгыла да, туруп, ошол кишиге кайра баргыла.
Кудуреттєє Кудай силерди ал кишиден ырайым таптырсын, ал Шымон бир тууганыңарды да, Бенжеминди да коё берсин. Эгерде баласыз өтө турган болсом, баласыз эле өтөйєн».
Ошентип, бул адамдар ушул белектерди, мурункудан эки эсе көп кємєш жана Бенжеминди алып, Мисирге жөнөштє. Алар Жусуптун алдына келишти.
Жусуп алардын арасынан Бенжеминди көрєп, өз єйєнєн башчысына мындай деди: «Бул адамдарды єйгө киргизип, мал союп, тамак бышыр, анткени бул адамдар мени менен тєштөнєшөт».
Ошондо ал адам Жусуп айткандай кылып, бул кишилерди Жусуптун єйєнө киргизди.
Жусуптун єйєнө киргизишкенинен улам, бул кишилер коркуп кетишип: «Бул кабыбызга кайра салынган мурунку кємєштөр єчєн болуп жатат. Кыйкым таап, бизди айыпка жыгып, кулга айландырып, эшектерибизди тартып алыш єчєн єйгө киргизишти», – дешти.
Ошондо алар Жусуптун єй башкаруучусуна жакын келишип, ага эшиктин жанынан мындай деп сєйлөй башташты:
«Кулак салчы, мырза, биз мурун да азык сатып алганы келгенбиз.
Жолдо тєнөгөн жерибизде каптарыбызды ачсак, ар бирибиздин кємєшєбєз каптарыбыздын оозунда экен, салмагы кемибептир. Азыр биз аларды өз колубуз менен кайра бергени келдик.
Ал эми азык сатып алыш єчєн, башка кємєш ала келдик. Каптарыбызга кємєшєбєздє ким салып койгонун билбейбиз».
Ал: «Тынчсызданбай эле койгула, коркпогула. Силердин Кудайыңар, атаңардын Кудайы, кабыңарга кенч салып берди. Мен силердин кємєшєңөрдє алгам», – деди да, аларга Шымонду алып келди.
Анан ал киши буларды Жусуптун єйєнө киргизип, суу берди. Алар буттарын жуушту. Ал булардын эшектерине да жем берди.
Алар белектерин тєшкө маал, Жусуп келер убакытка жакын даярдап коюшту, анткени ошол жерде тамактанышарын угушкан эле.
Жусуп єйєнө келгенде, алар колдорундагы белектерин єйгө алып кирип, ага беришти, анан жерге чейин ийилип таазим этишти.
Жусуп алардын ден соолугун сурады. Анан мындай деди: «Силер айткан кары атаңар кєєлєє-кєчтєєбє, дагы эле тирєєбє?»
Алар: «Сенин кулуң, биздин атабыз кєєлєє-кєчтєє, тирєє», – деп жооп беришти. Анан баш ийип таазим этишти.
Жусуп өзєнєн энесинин уулу, бир тууганы Бенжеминди көрєп: «Бул силер айткан кенже бир тууганыңарбы?» – деди. Анан ага кайрылып: «Уулум, Кудайдын ырайымы сени менен болсун!» – деди да,
шашылыш чыгып кетти, анткени бир тууганына болгон сєйєєсє артып, ыйлап жибере жаздаган эле. Ички бөлмөгө кирип, ошол жерде ыйлады.
Анан бетин жууп, кайра чыкты. өзєн колго алды да: «Тамак тарткыла», – деди.
Ага өзєнчө, аларга өзєнчө жана бирге тєштөнгөн мисирликтерге өзєнчө тамак тартышты, анткени мисирликтер єчєн эврейлер менен бирге отуруп тамактануу жийиркеничтєє болчу.
Аларды Жусуптун алдына улуулата отургузушту, ошондо бул адамдар таң калып, бири-бирин карашты.
Жусуп аларга тамак тарттырып жатты, аларга караганда Бенжеминге беш эсе көп тартылды. Алар Жусуп менен бирге тойгончо ичип-жешти.
Толкования стиха Скопировать ссылку Скопировать текст Добавить в избранное
Библ. энциклопедия Библейский словарь Словарь библ. образов Практическая симфония
Цитата из Библии каждое утро
TG: t.me/azbible
Viber: vb.me/azbible