Скрыть
42:2
42:3
42:5
42:8
42:10
42:11
42:12
42:14
42:16
42:17
42:18
42:19
42:23
42:24
42:25
42:26
42:27
42:28
42:29
42:30
42:31
42:32
42:33
42:34
Жакып Мисирде эгин бар экенин угуп, уулдарына: «Эмне бири-бириңерди карап отурасыңар?
Мен Мисирде эгин бар деп уктум. өлбөй тирєє калышыбыз єчєн, ошол жакка барып, эгин сатып келгиле», – деди.
Ошондо Жусуптун он бир тууганы Мисирге эгин сатып келгени жөнөп кетишти.
Бирок Жусуптун бир тууганы Бенжеминди Жакып аларга кошуп жиберген жок. Анткени ал: «Бул да кырсыкка учурап калбасын», – деди.
Ошентип, Ысрайылдын уулдары башкалар менен кошо эгин сатып алууга келишти, анткени Канаан жеринде ачарчылык болуп жаткан эле.
Жусуп болсо ал жердин башкаруучусу болгондуктан, жер жєзєндөгє бардык элге эгин сатып жаткан. Жусуптун бир туугандары келип, жерге чейин ийилип, ага таазим этишти.
Ошондо Жусуп бир туугандарын көрєп, аларды тааныды, бирок таанымаксан болуп: «Кайдан келдиңер?» – деп, зекий сурады. Алар: «Канаан жеринен, азык сатып алганы келдик», – дешти.
Жусуп бир туугандарын тааныды, бирок алар аны таанышкан жок.
Ошондо Жусуп алар жөнєндө көргөн тєштөрєн эстеп, аларга: «Силер чалгынчысыңар, бул жердин начар жерлерин көргөнє келдиңер», – деди.
Алар: «Андай эмес, таксыр, кулдарың азык сатып алганы келишти.
Биз бардыгыбыз бир атанын балдарыбыз. Биз чынчыл адамдарбыз. Кулдарың чалгынчы болгон эмес», – дешти.
Жусуп аларга: «Жок, силер бул жердин начар жерлерин көргөнє келдиңер», – деди.
Алар: «Биз, сенин кулдарың, он эки бир тууганбыз. Биз Канаан жеринде жашаган бир адамдын балдарыбыз, кенже бир тууганыбыз азыр атабыздын жанында, ал эми бирөө жок болду», – дешти.
Жусуп аларга: «Силер чалгынчысыңар деп, мен ошон єчєн айткам.
Эми силер минтип сыналасыңар: фараондун өмєрє менен ант берем, эгерде бул жерге кенже бир тууганыңар келбесе, силер бул жерден чыкпайсыңар.
Араңардан бирөөнє жибергиле, ал барып, бир тууганыңарды алып келсин. Силер болсо камала турасыңар. Ошондо силердин айтканыңар чын же калп экени билинет. Чын болбосо, фараондун өмєрє менен ант берем, силер чалгынчысыңар», – деди.
Ошентип, Жусуп аларды єч кєнгө каматып койду.
Yчєнчє кєнє Жусуп мындай деди: «Эми мындай кылсаңар, тирєє каласыңар, анткени мен Кудайдан корком.
Эгерде силер чынчыл адамдар болсоңор, анда бирөөңөр силер камалган єйдө камалып турсун. Калганыңар ачка отурган єй-бєлөңөргө эгинди жеткиргиле.
Айтканыңар чын болсо, өлгєңөр келбесе, кенже бир тууганыңарды алып келгиле». Алар так ошондой кылышты.
Ошондо алар бири-бирине: «Биз бир тууганыбызга кылган кєнөөбєз єчєн жазаланып жатабыз. Биз анын жаны кыйналып турганын көргөнбєз, ал бизге жалынып-жалбарганда, аны укпай койгонбуз, ошон єчєн башыбызга ушул кайгы тєштє», – дешти.
Рубейин аларга мындай деди: «“Балага каршы кєнөө кылбагыла”, – деп айтпадым беле? Бирок силер тил албай койгонсуңар. Мына эми анын каны єчєн жазаланып жатабыз».
Алар болсо Жусуптун тєшєнєп турганын билишкен жок, анткени алардын ортосунда тилмеч бар эле.
Жусуп бурулуп, нары басты да, ыйлап жиберди. Анан кайра келип, алар менен сєйлөшєп, алардын ичинен Шымонду алып, бир туугандарынын көзєнчө байлатып салды.
Анан Жусуп: «Булардын каптарына эгин толтуруп, ар биринин каптарына кємєштөрєн кайра салып, жолго жетерлик азык бергиле», – деп буйрук берди. Аларга так ошондой кылышты.
Алар эгиндерин эшектерине артып, ал жерден жөнөп кетишти.
Жолдо тєнөгөнє токтошкондо, алардын бири эшегине жем бермек болуп, каптын оозун чечип, оозунан өзєнєн кємєшєн көрдє.
Анан ал бир туугандарына: «Менин кємєшємдє кайра салып коюшуптур. Мына, ал менин кабымда экен», – деди. Ошондо алардын тынчы кетип, коркконунан калтырашып, бири-бирине: «Кудайдын бизге бул эмне кылганы?» – дешти.
Алар Канаан жерине, атасы Жакыпка келип, болгон окуялардын баарын мындай деп айтып беришти:
«Ал жердин башкаруучусу зекий сєйлөп, бизди чалгынчы катары эсептеди.
Ошондо биз ага: “Биз чынчыл адамдарбыз, биз чалгынчы болуп көргөн эмеспиз.
Биз бир атадан он эки бир тууганбыз. Бир бир тууганыбыз жок болгон, кенже бир тууганыбыз азыр Канаан жеринде, атабыздын жанында”, – дедик.
Анан ал жерди башкарган адам бизге: “Силердин чынчыл адам экениңерди мен мындан билейин: бир туугандарыңардын бирин мага калтырып, калганыңар эгинди алып, ачка отурган єй-бєлөңөргө жеткиргиле.
Анан кенже бир тууганыңарды мага алып келгиле. Силердин чалгынчы эмес, чынчыл экениңерди ошондо билип, бир тууганыңарды колуңарга берем, ошондо силер бул өлкөгө ээн-эркин келип-кетсеңер болот”, – деди».
Алар каптарын бошотуп жатканда, ар биринин кабынан кємєш салынган тєйєнчөктөрє чыкты. Кємєш салынган тєйєнчөктөрєн көрєшкөндө, өздөрє да, атасы да коркуп кетти.
Ошондо атасы Жакып аларга: «Силер мени балдарымдан айрыдыңар. Жусуптан айрылдым, Шымондон да айрылдым, эми Бенжеминди алып кеткиңер барбы?! Мунун баары менин башыма тєшкөн мєшкєл!» – деди.
Рубейин атасына мындай деди: «Эгерде мен сага Бенжеминди алып келбесем, эки уулумду өлтєрєп сал. Аны менин колума тапшыр, мен аны кайра алып келем».
Жакып аларга: «Уулум силер менен барбайт, анткени агасы өлєп, өзє жалгыз калды. Эгерде силер бараткан жолдо бул да кырсыкка учураса, ак баскан башыма кайгы кошуп, өлгөндөр жаткан жайга жибересиңер», – деди.
Толкования стиха Скопировать ссылку Скопировать текст Добавить в избранное
Библ. энциклопедия Библейский словарь Словарь библ. образов Практическая симфония
Цитата из Библии каждое утро
TG: t.me/azbible
Viber: vb.me/azbible