Скрыть
38:1
38:2
38:4
38:6
38:9
38:10
38:13
38:17
38:18
38:19
38:20
38:21
38:22
38:23
38:25
38:26
38:28
38:30
Ошол убакта Жєйєт өз бир туугандарынан бөлєнєп кетип, адуламдык Хира деген кишинин жанына отурукташты.
Жєйєт ал жерден Шуа деген канаандык кишинин кызын көрдє. Аны аялдыкка алып, ага жакындады.
Анын боюна бєтєп, уул төрөдє. Жєйєт анын атын Эйир койду.
Дагы боюна бєтєп, уул төрөдє. Анын атын Онан койду.
Анан дагы уул төрөп, анын атын Шейла койду. Аны төрөгөн учурда Жєйєт Хезипте болчу.
Анан Жєйєт тун уулу Эйирге аял алып берди. Анын аты Тамар эле.
Жєйєттєн тун уулу Эйир Теңирге жакпагандыктан, Теңир аны өлтєрєп салды.
Ошондо Жєйєт Онанга мындай деди: «Бир тууганыңдын аялына жакында, кайын ини катары ага єйлөнєп, бир тууганыңдын тукумун ула».
Онан ал тукумдун өзєнєкє болбосун билгендиктен, бир тууганынын аялына жакындаганда, бир тууганынын тукумун улабаш єчєн, уругун жерге агызып салчу.
Анын бул кылганы Теңирдин алдында жийиркеничтєє болгондуктан, Ал аны да өлтєрєп салды.
Ошондо Жєйєт келини Тамарга: «Уулум Шейла эр жеткиче, өз атаңдыкында жесир катары жашап тур», – деди. «Ал да улуу агаларындай болуп өлєп калбасын», – деп ойлоду Жєйєт. Тамар кетип, өз атасыныкында жашап калды.
Көп убакыт өткөндөн кийин Шуанын кызы – Жєйєттєн аялы өлдє. Жєйєт сооронгондон кийин, койлорун кыркып жаткандарга өзє менен кошо досу адуламдык Хираны алып, Тимнага кетти.
Ошондо Тамарга: «Кайын атаң Тимнага койлорун кырктырганы келе жатат», – деп кабарлашты.
Тамар єстєндөгє жесирдин кийимин чечип, чємбөт жамынып, кымтыланып алып, Тимнага баруучу жолго, Эйнайим дарбазасынын жанына отуруп алды. Анткени Шейла эр жетсе да, өзєнєн ага аялдыкка алып берилбегенин көрдє.
Жєйєт аны көргөндө, сойку деп ойлоду. Анткени аял жєзєн жаап алган эле.
Жєйєт ага кайрылып келип: «Мен сени менен жатайын», – деди. Анткени келини экенин билген жок. Тамар андан: «Мени менен жатсаң, мага эмне бересиң?» – деп сурады.
«Короомдон бир улак берип жиберейин», – деди Жєйєт. Тамар андан: «Улагыңды берип жибергенче, кєрөөгө бирдеме калтырасыңбы?» – деп сурады.
«Кєрөөгө эмне берейин?» – деп сурады Жєйєт. «Мөөрєңдє, куруңду, колуңдагы таягыңды бер», – деди Тамар. Ал анын сураганын берип, ага жакындады. Андан Тамардын боюна бєттє.
Тамар турду да, чємбөтєн алып таштап, жесирдин кийимин кийди.
Жєйєт болсо адуламдык досунан улакты берип жиберип, аялдан кєрөөнє алдырмакчы болду, бирок ал аялды таппай койду.
Ал ошол жердин тургундарынан: «Эйнайимге бара жаткан жолдун боюндагы сойку кайда?» – деп сурады. Алар ага: «Бул жерде сойку болгон эмес», – деп жооп беришти.
Ал досу Жєйєткө кайрылып келип: «Мен аны таппай койдум. Ал жердин тургундары да: “Бул жерде сойку болгон эмес”, – дешти», – деди.
Ошондо Жєйєт: «Мейли, мен бергендерди ала берсин, элге кєлкє болбосок эле болду. Мен улакты берип жибердим, бирок сен аны таппай келдиң», – деди.
Арадан єч айга жакын убакыт өткөндөн кийин, Жєйєткө мындай дешти: «Келиниң Тамар бузулуп кетиптир, атєгєл, анын боюна да бєтєп калыптыр». Ошондо Жєйєт: «Аны элдин алдына алып чыгып, өрттөп жибергиле», – деди.
Тамарды алып жөнөшкөндө, ал кайын атасына мындай деп айттырды: «Бул буюмдар кимдики болсо, ошондон боюма бєттє». Анан мындай деди: «Бул мөөр, кур, таяк кимдики экенин таанычы».
Жєйєт таанып: «Ал мага караганда адилеттєєрөөк, анткени мен аны уулум Шейлага алып берген эмесмин», – деди. Андан кийин ал ага жакындаган жок.
Төрөт учурунда аялдын боюнда эгиз бала бар экени билинди.
Аял төрөп жатканда, кол көрєндє. Аначы кемпир: «Бул биринчи чыкты», – деп, анын колуна кызыл жип байлап койду.
Бирок ал колун кайра тартып алды. Ошондо анын бир тууганы чыкты. Аначы кемпир ага: «Сен кантип биринчи чыктың?» – деди. Анын атын Перес коюшту.
Андан кийин колуна кызыл жип байланган бир тууганы чыкты. Анын атын Зерак коюшту.
Толкования стиха Скопировать ссылку Скопировать текст Добавить в избранное
Библ. энциклопедия Библейский словарь Словарь библ. образов Практическая симфония
Цитата из Библии каждое утро
TG: t.me/azbible
Viber: vb.me/azbible