Скрыть
35:3
35:9
35:16
35:18
35:28
Кудай Жакыпка мындай деди: «Ордуңан туруп, Бейтелге жөнө, ошол жерде жаша. Бир тууганың Эйсаптан качып бара жатканыңда сага келген Кудайга арнап, ошол жерге курмандык чалынуучу жай кур».
Ошондо Жакып өз єй-бєлөсє менен өз кишилерине мындай деди: «Бөтөн кудайларыңарды таштагыла, тазаланып, кийимиңерди алмаштыргыла.
Ордубуздан туруп, Бейтелге жөнөйлє. Башыма оор кєн тєшкөн кєнє мени угуп, мен жєргөн жолдо мени менен бирге болгон Кудайга курмандык чалынуучу жай курайын».
Алар Жакыпка өздөрєнєн бөтөн кудайларын, кулактарындагы сөйкөлөрєн беришти. Жакып аларды Шекемдин жанындагы эмен дарагынын тєбєнө көөмп салды.
Ошентип, алар жөнөп кетишти. Тегерек-четтеги шаарларга Кудайдын коркунучу туулуп, Жакыптын уулдарынын артынан куушкан жок.
Жакып өзєнєн кишилери менен Канаан жериндеги Лузга, башкача айтканда, Бейтелге келди.
Анан ал жерге курмандык чалынуучу жай куруп, ошол жерди Эл-Бейтел деп атады, анткени ал өз бир тууганынан качып бара жатканда, ошол жерде ага Кудай келген.
Ребеканын эмчек энеси Дебора каза болуп, Бейтелдин төмөн жагындагы эмендин тєбєнө коюлду. Жакып аны Алан-Бакут деп атады.
Жакып Месопотамиядан кайтып келгенден кийин, Кудай дагы келип, ага батасын берди.
Ошондо Кудай ага мындай деди: «Сенин атың Жакып. Мындан ары сенин атың Жакып эмес, Ысрайыл болот». Ошентип, ага Ысрайыл деген ат койду.
Кудай ага дагы: «Мен Кудаймын, Кудуреттєємєн. Укумдап-тукумдап көбөйө бер. Сенден көптөгөн элдер, падышалар чыгат.
Мен Ыбрайым менен Ыскакка берген жерди сага жана сенин укум-тукумуңа берем», – деди.
Анан Кудай андан, ага сєйлөгөн жерден көтөрєлєп кетти.
Ошондо Жакып өзєнө Кудай сєйлөгөн жерге таштан эстелик тургузуп, анын єстєнө куюлуучу курмандыкты куюп, анын єстєнө зайтун майын куйду.
Ошентип, ал Кудай өзєнө сєйлөгөн жерди Бейтел деп атады.
Анан алар Бейтелден жөнөп кетишти. Эфратага бир аз калганда, Рахел төрөдє. Анын төрөтє оор болду.
Ал төрөттөн кыйналып жатканда, аначы кемпир мындай деди: «Коркпо, анткени мунуң да уул болот».
Жаны чыгып бара жаткан Рахел баланын атын Бен-Они койду. Бирок баланын атасы анын атын Бенжемин койду.
Рахел өлєп, Эфратага бараткан жолдун боюна коюлду, башкача айтканда, Бейт-Лехемге коюлду.
Жакып анын мєрзөсєнєн єстєнө эстелик койду. Ал мєрзөнєн єстєндөгє эстелик бєгєнкє кєнгө чейин турат.
Анан Ысрайыл жолго чыгып, Эйдер мунарасынын ары жагына чатырын тикти.
Ысрайыл бул өлкөдө жашап турганда, Рубейин барып, атасынын кєңє Била менен жатып алды. Муну Ысрайыл укту. Жакыптын он эки уулу бар эле.
Леянын уулдары: Жакыптын туну Рубейин, андан кийинкилери Шымон, Леби, Жєйєт, Исахар жана Забулун.
Рахелдин уулдары: Жусуп менен Бенжемин.
Рахелдин кєңє Биланын уулдары: Дан менен Напталы.
Леянын кєңє Зилпанын уулдары: Гат менен Ашыр. Жакыптын бул уулдары Месопотамияда төрөлєшкөн.
Ошентип, Жакып атасы Ыскакка, Ыбрайым менен Ыскак жашаган Мамрейге, Кирийат-Арбага, башкача айтканда, Хебронго келди.
Ошондо Ыскак жєз сексен жашта эле.
Ыскак карылыгы жетип, өмєргө тоюп көз жумуп, өз элине кошулду. Аны уулдары Эйсап менен Жакып көргө коюшту.
Толкования стиха Скопировать ссылку Скопировать текст Добавить в избранное
Библ. энциклопедия Библейский словарь Словарь библ. образов Практическая симфония
Цитата из Библии каждое утро
TG: t.me/azbible
Viber: vb.me/azbible