Скрыть
33:1
33:2
33:3
33:4
33:5
33:6
33:7
33:9
33:10
33:11
33:12
33:13
33:14
33:15
33:16
33:18
33:20
Жакып көз чаптырып, Эйсаптын келе жатканын көрдє. Анын жанында төрт жєз адам бар экен. Ошондо ал Леянын, Рахелдин жана эки кєңдєн балдарын өз-өзєнчө бөлєп койду.
Кєңдөрєн жана алардын балдарын алдыга койду, Леяны жана анын балдарын алардын артына, ал эми Рахел менен Жусупту алардын артына койду.
өзє болсо алардын алдына өтєп, бир тууганына жакын келгенче, жети ирет жерге чейин башын ийип таазим этти.
Ошондо Эйсап ага утурлай чуркап, аны мойнунан кучактап өпкєлөдє, анан экөө тең ыйлашты.
Эйсап анын аялдары менен балдарын көрєп: «Буларың ким?» – деп сурады. «Кудайдын кулуңа берген балдары», – деп жооп берди Жакып.
Ошондо кєңдөр менен алардын балдары жакын келип, ага таазим кылышты.
Лея да балдары менен келип таазим этти. Акырында Жусуп менен Рахел да келип таазим этишти.
Анан Эйсап андан: «Сен бул көп сандаган малды кандай максат менен жибердиң?» – деп сурады. Жакып ага: «Мырзамдын алдында ырайым табуу єчєн», – деп жооп берди.
Ошондо Эйсап ага: «Бир тууганым, өзємдєкє жетиштєє, өзєңдєкє өзєңдө калсын», – деди.
«Жок, эгерде мен сенин алдыңда ырайым тапкан болсом, белектеримди кабыл ал, анткени жєзєңдє көргөндө, Кудайдын жєзєн көргөндөй болдум, сен мага ырайым кылдың.
Менин сага алып келген тартуумду кабыл ал, анткени Кудай мага берди, менде баары бар», – деп, Жакып аны көндєрдє, Эйсап кабыл алды.
Анан Эйсап: «Ордубуздан туруп жөнөйлє. Мен сени менен жөнөйєн», – деди.
Жакып ага: «Мырзам өзє көрєп турат, балдарым жаш, ал эми майда жана бодо малым саан. Эгерде малды кєнє бою айдасак, анда бардык мал өлєп калат.
Мырзам өз кулунун алдында кете берсин, ал эми мен алдымда бара жаткан малдын жєрєшєнө жараша, балдарымдын басыгына жараша жай жол жєрєп, мырзама, Сеирге келейин», – деди.
«Жанымдагы кишилердин бир нечесин сени менен калтырайын», – деди Эйсап. «Алардын кереги эмне? Мен мырзамдын алдында ырайым тапсам эле болду», – деди Жакып.
Ошентип, Эйсап ошол эле кєнє өз жолу менен Сеирге кайтты.
Жакып болсо Сукотко келип, ошол жерде өзєнө єй куруп, малына бастырма тургузду. Ошондуктан ал жерди Сукот деп атады.
Жакып Месопотамиядан чыккандан кийин, Канаан жериндеги Шекем шаарына аман-эсен жетип, ошол шаарга жакын жайланышты.
Анан ал Шекемдин атасы Хамордун балдарынан жєз тыйынга жер сатып алып, чатырын тикти.
Ошол жерге курмандык чалынуучу жай куруп, ал жерди «Ысрайылдын Кудайы – кудуреттєє Кудай» деп атады.
Толкования стиха Скопировать ссылку Скопировать текст Добавить в избранное
Библ. энциклопедия Библейский словарь Словарь библ. образов Практическая симфония
Цитата из Библии каждое утро
TG: t.me/azbible
Viber: vb.me/azbible