Скрыть
32:5
32:6
32:7
32:8
32:11
32:13
32:14
32:15
32:16
32:18
32:19
32:21
32:23
32:25
32:26
32:27
32:31
32:32
Жакып болсо өз жолу менен кетти. Жолдо ага Кудайдын периштелери жолукту.
Жакып аларды көрєп: «Кудайдын аскерлери», – деди. Анан ал жерди Маханайим деп атады.
Жакып өзєнөн мурун Эдом аймагына, Сеир жериндеги бир тууганы Эйсапка кабарчыларын жөнөттє.
Аларга мындай буйрук берди: «Мырзам Эйсапка кулуң Жакып мындай дейт дегиле: “Мен Лабандыкында бєгєнкє кєнгө чейин жашап турдум.
Менин өгєздөрєм, эшектерим, майда малым, кулдарым, кєңдөрєм бар. Мен сенин алдыңда ырайым табуу єчєн, өзєм жөнєндө мырзама кабарлап коюуга киши жибердим”».
Кабарчылар Жакыпка кайра келип: «Биз бир тууганың Эйсапка бардык. Ал сени тосуп келе жатат, жанында төрт жєз адам бар», – деп айтышты.
Жакып абдан коркуп, тынчы кетти. Ал өзєнєн адамдарын, майда жана бодо малын, төөлөрєн эки топко бөлдє.
Ал: «Эгер Эйсап кол салып бир топту талкаласа, экинчи топ кутулуп кете алат», – деп ойлоду.
Анан Жакып Кудайга мындай деп кайрылды: «О, атам Ыбрайымдын Кудайы жана атам Ыскактын Кудайы, Теңирим, Сен мага: “өз жериңе, мекениңе кайт, Мен сени колдойм!” – дедиң эле.
Сенин өз кулуңа кылган бардык ырайымың менен жакшылыгыңа татыксызмын, анткени мен бул Иордандан жалгыз таягым менен өттєм эле, азыр болсо эки станым бар.
Мени бир тууганым Эйсаптын колунан куткар, анткени мен андан корком, ал келип, мени жана балдарымды энелери менен кошо өлтєрєп койбосун.
Сен мага: “Мен сени колдоп, укум-тукумуңду деңиз кумундай көбөйтєп, көптєгєнөн санап чыккыс кылам”, – деп айткансың».
Жакып ал тєнє ошол жерде тєнөдє. Анан ал өзєнєн мал-мєлкєнөн бир тууганы Эйсапка белек кылуу єчєн буларды алды:
эки жєз эчки, жыйырма теке, эки жєз кой, жыйырма кочкор,
отуз иңген ботолору менен, кырк уй, он өгєз, жыйырма ургаачы, он эркек эшек.
Кулдарына ар бир єйєрдє өзєнчө бөлєп берип, аларга: «Менин алдыма тєшкєлө, єйєрлөрдєн ортосунда аралык болсун», – деди.
Анан биринчи адамга минтип буйруду: «Бир тууганым Эйсап алдыңан чыгып: “Кимдин кулусуң? Кайда бара жатасың? Айдаган малың кимдики?” – деп сураса, сен:
“Сенин кулуң Жакыптыкы. Булар – мырзам Эйсапка жиберилген белек. Ал өзє да биздин артыбызда келе жатат”, – де».
Ошондой эле экинчисине да, єчєнчєсєнө да, єйєр-єйєр малдын артында бара жаткандардын бардыгына: «Эйсапка жолуксаңар, ушундай дегиле», – деп буйрук берди.
«Дагы мындай дегиле: “Кулуң Жакып да биздин артыбызда келе жатат”», – деди. Анткени ал ичинен: «Жөнөтєп жиберген белектерим менен анын жєрөгєн жумшартайын, андан соң жєз көрєшөйєн. Мємкєн, мени кабыл алар», – деп ойлогон.
Ошентип, белектерин жөнөтєп жиберди. Ал эми өзє ошол тєнє станда тєнөп калды.
Ошол тєнє ордунан туруп, эки аялын, эки кєңєн, он бир уулун алып, Жабок суусун кечип өттє.
Аларды шар суудан алып өттє, өзєнєн бардык мал-мєлкєн өткөрдє.
Ошентип, Жакып жалгыз калды. Ошондо таң атканга чейин Бирөө аны менен кармашты.
Ал Жакыпты жеңе албастыгын көрєп, аны менен кармашып жатканда, жамбаш тарамышына тийип, мертинтип койду.
Анан Ал: «Коё бер Мени, таң атып кетти», – деди. Жакып Ага: «Мага батаңды бермейинче, коё бербеймин Сени», – деди.
Ал Жакыптан: «Атың ким?» – деп сурады. Ал: «Жакып», – деп жооп берди.
Ошондо Ал мындай деди: «Ушундан тартып сенин атың Жакып эмес, Ысрайыл болот, анткени сен Кудай менен, адамдар менен кармашып, жеңип чыктың».
Жакып да: «Атыңды айт», – деди. Ал: «Эмне єчєн Менин атымды сурап жатасың?» – деди да, ошол жерде ага батасын берди.
Анан Жакып: «Мен Кудайды бетме-бет көрдєм, бирок тирєє калдым», – деп, ал жерди Пенуел деп атады.
Ал Пенуелден өтєп бара жатканда, кєн чыкты. Ал жамбашынан сылтып бара жатты.
Ошондуктан Ысрайыл уулдары азыркыга чейин жамбаштын тарамыштарын жешпейт, анткени Кармашуучу Жакыптын жамбаш тарамышына тийип, мертинтип койгон.
Толкования стиха Скопировать ссылку Скопировать текст Добавить в избранное
Библ. энциклопедия Библейский словарь Словарь библ. образов Практическая симфония
Цитата из Библии каждое утро
TG: t.me/azbible
Viber: vb.me/azbible