Скрыть
3:2
3:3
3:5
3:9
3:10
3:12
3:18
3:20
3:21
3:23
3:24
Кудай-Теңир жараткан бардык талаа айбанаттарынын ичинен жылан эң куу эле. Ал аялдан: «Кудай чын эле: “Бейиштеги эч бир дарактын жемишинен жебегиле”, – деп айтты беле?» – деп сурады.
Аял жыланга мындай деп жооп берди: «Дарактардын жемиштеринен жесек болот.
Кудай: “өлєп калбашыңар єчєн, бейиштин ортосундагы бир гана дарактын жемишинен жебегиле, ага тийбегиле”, – деген».
Ошондо жылан аялга: «Жок, өлбөйсєңөр,
бирок Кудай силердин анын жемишинен жеген кєнє көзєңөр ачылып, жакшылык менен жамандыкты билген Кудайдай болуп каларыңарды билет», – деди.
Аял дарактын жемишинин жегенге жакшы экенин, көзгө сєйкєм экенин көрдє. Ал билим бергендиктен, аялды өзєнө тартып турду. Аял анын жемишинен алып жеди. Анан кєйөөсєнө да берди, ал да жеди.
Ошондо экөөнєн тең көздөрє ачылып, өздөрєнєн жылаңач экенин билишти да, анжыр жалбырактарын бириктирип тигип, өздөрєнө алжапкыч жасап алышты.
Кєн салкын болуп турганда, бактын ичинде жєргөн Кудай-Теңирдин єнєн угуп, Адам менен аялы Кудай-Теңирдин жєзєнөн качып, бактагы дарактардын арасына жашынып калышты.
Ошондо Кудай-Теңир Адамды: «Сен кайдасың?» – деп чакырды.
Адам: «Бактан Сенин єнєңдє угуп, коркуп кеттим, анткени мен жылаңачмын, ошондуктан жашынып калдым», – деди.
Кудай андан: «Жылаңач экениңди сага ким айтты? Мен сага жегенге тыюу салган дарактын жемишинен жедиңби?» – деп сурады.
Ошондо Адам: «Сен берген аял мага дарактын жемишинен берди, мен жедим», – деп жооп берди.
Анан Кудай-Теңир аялдан: «Бул эмне кылганың?» – деп сурады. «Мени жылан азгырды, ошондуктан жедим», – деп жооп берди аял.
Ошондо Кудай-Теңир жыланга мындай деди: «Ушуну кылганың єчєн бардык малдардын, бардык талаа жаныбарларынын ичинен сага каргыш тийсин. Сен эми бооруң менен жылып, өмєрєң өткөнчө топурак жейсиң.
Аял экөөңөрдєн ортоңорго, экөөңөрдєн тукумуңардын ортосуна кастык коём. Аялдын тукуму сенин башыңды жанчыйт, сен болсо анын согончогун чагасың».
Аялга болсо мындай деди: «Кош бойлуу кезиңде кайгыңды көбөйткөндөн көбөйтөм. Балдарыңды ооруп төрөйсєң. Кєйөөңө тартылып турасың, ал сага єстөмдєк кылат».
Адамга болсо мындай деди: «Аялыңдын тилин алып, “андан жебе” деп, Мен сага осуят кылган дарактын жемишинен жегениң єчєн, сенин айыңан жер каргышка калды. Сен эми өмєрєң өткөнчө жерден азап менен азыктанасың.
Жер сен єчєн тикенек, отоо чөп өстєрєп чыгарат. Талаа өсємдєктөрє менен азыктанасың.
өзєң алынган жерге кайра барганыңча, маңдай териң менен нан таап жейсиң, анткени сен топураксың, топуракка кайра барасың».
Адам аялынын атын Обо койду, анткени ал жер єстєндө жашагандардын баарынын энеси болуп калды.
Кудай-Теңир Адамга жана анын аялына терини кийим кылып кийгизди.
Анан Кудай-Теңир мындай деди: «Мына, Адам Биздей болуп жакшылык менен жамандыкты билип калды. Эми ал колун сунуп, өмєр дарагынын жемишинен да жеп алып, тєбөлєккө жашап калбасын».
Ошентип, Кудай-Теңир аны өзє жаратылган топуракты иштетсин деп, Эйден багынан кууп чыкты.
Адамды кууп чыккандан кийин, чыгыштагы Эйден багынын жанына өмєр дарагына баруучу жолду кайтаруу єчєн, керупту жана айланып турган оттуу кылычты коюп койду.
Толкования стиха Скопировать ссылку Скопировать текст Добавить в избранное
Библ. энциклопедия Библейский словарь Словарь библ. образов Практическая симфония
Цитата из Библии каждое утро
TG: t.me/azbible
Viber: vb.me/azbible