Скрыть
29:1
29:2
29:3
29:4
29:5
29:6
29:7
29:8
29:9
29:10
29:11
29:12
29:15
29:16
29:17
29:18
29:19
29:21
29:22
29:23
29:24
29:25
29:26
29:27
29:28
29:29
29:30
29:31
29:33
29:34
Анан Жакып ордунан туруп, чыгыш уулдарынын жерине кетти.
Ал талаадан кудук көрдє, анын жанында єч короо кой жаткан эле, анткени малды ошол кудуктан сугарышчу. Кудуктун оозунда чоң таш бар эле.
Малдын баары ошол жерге чогулганда, кудуктун оозундагы ташты жылдырып, койлорду сугарышчу. Анан ташты кайрадан өз ордуна, кудуктун оозуна жылдырып коюшчу.
Жакып алардан: «Бир туугандарым! Силер кайдансыңар?» – деп сурады. Алар: «Биз Харанданбыз», – деп жооп беришти.
Ошондо Жакып алардан: «Силер Нахордун уулу Лабанды тааныйсыңарбы?» – деп сурады. Алар: «Тааныйбыз», – дешти.
Ал алардан дагы: «Ал аман-эсен жєрөбє?» – деп сурады. Алар: «Аман-эсен жєрөт. Тигине, кызы Рахел койлорун айдап келе жатат», – деп жооп беришти.
Жакып аларга: «Кєн батканча көп бар. Малды айдап келер маал боло элек. Койлорду сугарып алып, жайганы кеткиле», – деди.
«Бардык малды чогултмайынча, кудуктун оозундагы ташты жылдырышмайынча, койлорду сугара албайбыз», – дешти алар.
Жакып алар менен сєйлөшєп турганда, Рахел атасынын майда малын айдап келип калды, анткени ал кой кайтарып жєргөн эле.
Жакып таякеси Лабандын кызы Рахелди жана анын койлорун көргөндө, жакын келип, кудуктун оозунан ташты жылдырып, таякесинин койлорун сугарды.
Анан Жакып Рахелди өөп, өксөп ыйлап жиберди.
Ошондо Жакып Рахелге анын атасынын тууганы экенин, Ребеканын уулу экенин айтты. Рахел болсо чуркап барып, атасына айтты.
Лабан карындашынын баласы Жакып жөнєндө угуп, анын алдынан чуркап чыгып, кучактап өөп, өз єйєнө киргизди. Анан Жакып Лабанга болгон окуяны айтып берди.
Лабан болсо ага: «Чынында эле, сен менин өз сөөгєм, өз канымсың», – деди. Жакып аныкында толук бир ай турду.
Анан Лабан Жакыпка мындай деди: «Сен тууган болгонуң єчєн эле мага бекер кызмат кылышың керекпи? Айтчы, акыңа эмне берейин?»
Лабандын эки кызы бар эле. Улуусунун аты – Лея, кичєєсєнєн аты – Рахел.
Леянын көзє начар көрчє, ал эми Рахелдин мєчөсє келишимдєє, өңє татынакай эле.
Жакып Рахелди сєйєп калып: «Мен кенже кызың Рахел єчєн сага жети жыл кызмат кылам», – деди.
Лабан ага: «Аны бөлөк бирөөгө бергенден көрө сага бергеним жакшы. Меникинде жашай бер», – деди.
Ошентип, Жакып Рахел єчєн жети жыл кызмат кылды. Ал аны сєйгөндєктөн, бул жылдар ага бир нече кєндөй эле көрєндє.
Анан Жакып Лабанга: «Эми аялымды бер, анткени ага жакындаганга менин убактым келди», – деди.
Лабан ал жерде жашаган адамдардын бардыгын чакырып, той өткөрдє.
Кечинде ал кызы Леяны Жакыпка алып келди. Жакып ага жакындады.
Лабан өз кєңє Зилпаны кызы Леяга кызматчы кылып берди.
Эртең менен ал Лея болуп чыкты. Ошондо Жакып Лабанга: «Бул эмне кылганың? Мен сага Рахел єчєн кызмат кылбадым беле? Мени эмнеге алдадың?» – деди.
Лабан ага: «Биздин жерде улуусунан мурда кичєєсєн кєйөөгө бербейт.
Бул жуманы аякта. Андан кийин сага тигинисин да беребиз, сен ал єчєн дагы жети жыл меникинде кызмат кыласың», – деди.
Жакып ошондой кылды, бир жуманы аяктады. Анан Лабан кызы Рахелди да ага аялдыкка берди.
Лабан өз кєңє Биланы кызы Рахелге кызматчы кылып берди.
Жакып Рахелге да жакындады. Ал Леяга караганда Рахелди көбєрөөк сєйчє. Лабандыкында ал дагы жети жыл кызмат кылды.
Анын Леяны сєйбөгөнєн көрєп, Теңир Леяны балалуу кылды. Ал эми Рахелдин согончогу канаган жок.
Леянын боюна бєтєп, уул төрөп: «Теңир менин бактысыздыгыма назарын салды, эми кєйөөм мени жакшы көрөт», – деп, анын атын Рубейин койду.
Дагы боюна бєтєп, уул төрөп: «Мен анын сєйбөгөн аялы экенимди Теңир угуп, мага муну да берди», – деп, анын атын Шымон койду.
Дагы боюна бєтєп, уул төрөп: «Мына эми кєйөөм мага жабышат, анткени мен ага єч уул төрөп бердим», – деп, анын атын Леби койду.
Анан дагы боюна бєтєп, уул төрөп: «Мына эми мен Теңиримди даңктайм», – деп, анын атын Жєйєт койду. Ошондон кийин анын төрөтє токтоду.
Толкования стиха Скопировать ссылку Скопировать текст Добавить в избранное
Библ. энциклопедия Библейский словарь Словарь библ. образов Практическая симфония
Цитата из Библии каждое утро
TG: t.me/azbible
Viber: vb.me/azbible