Скрыть
28:3
28:4
28:7
28:8
28:16
28:21
Ошондо Ыскак Жакыпты чакырып, ага батасын берип, мындай деп осуят кылды: «Канаан кыздарынан аял алба.
Ордуңан туруп, Месопотамияга, апаңдын атасы Бетуелдин єйєнө бар, ал жерден апаңдын бир тууганы Лабандын кыздарынан аял ал.
Кудуреттєє Кудай сага батасын берсин, сени укум-тукумдуу кылсын, сенден көптөгөн элдер тарасын.
Кудай Ыбрайымга берген батасын сага да, сенин укум-тукумуңа да берсин. Кудай Ыбрайымга берген, азыр сен жашап жаткан жерди мураска ал».
Ошентип, Ыскак Жакыпты коё берди. Ал Месопотамияга, Жакып менен Эйсаптын энеси Ребеканын бир тууганы арамейлик Бетуелдин уулу Лабандыкына жөнөп кетти.
Эйсап Ыскактын Жакыпка бата бергенин, аны Месопотамияга жөнөтєп жатып: «Ошол жерден аял ал, Канаан кыздарынан алба», – деп осуяттаганын,
Жакып атасы менен апасынын тилин алып, Месопотамияга жөнөп кеткенин көрдє.
Эйсап ошондой эле Канаан кыздары атасы Ыскакка жакпаганын көрєп,
Ысмайылга барып, Ыбрайымдын уулу Ысмайылдын кызы Махалатты, Ныбайоттун карындашын, эки аялынын єстєнө аялдыкка алды.
Жакып болсо Бейер-Шебадан чыгып, Харанга жөнөдє.
Анан ал бир жерге келип, ошол жерге тєнөмөкчє болду, анткени кєн батып калган эле. Ошол жердин таштарынан бирди алып, башына жаздап, ошол жерге жатты.
Ал уктап жатып, тєшєндө жерде тепкич турганын көрдє. Тепкичтин башы асманга тийип туруптур. Кудайдын периштелери тепкич менен тєшєп-чыгып жаткан экен.
Теңир тепкичтин єстєндө туруп: «Мен Теңирмин, атаң Ыбрайым менен Ыскактын Кудайымын. Сен жаткан жерди Мен сага жана сенин укум-тукумуңа берем,
сенин укум-тукумуң жер кумундай болот. Деңиз тарапка, чыгышка, тєндєккө, тєштєккө тарайсың. Сен аркылуу, сенин уругуң аркылуу жер бетиндеги бардык уруулар бата алышат.
Эми Мен сени мененмин. Сен кайда барбагын, бардык жерде сени сактаймын жана сени бул жерге кайра алып келемин. Мен айткандарымды орундатмайынча, сени таштабаймын», – деди.
Жакып ойгонуп: «Чын эле, Теңир бул жерде экен, мен болсо муну билген эмесмин!» – деди.
Анан коркуп кетип: «Бул жер өтө коркунучтуу экен. Бул жер жөнөкөй жер эмес, Кудайдын єйє, асман дарбазасы турбайбы!» – деди.
Жакып эртең менен эрте туруп, башына жазданган ташты алып, аны эстелик кылып коюп, єстєнө зайтун майын куйду.
Анан ал жерди Бейтел деп атады. Ал эми шаардын мурунку аты Луз эле.
Ошондо Жакып мындай деп убада берди: «Эгерде Кудай мени менен болсо, бара жаткан ушул жолдо мени сактай турган болсо, мага жей турган нан, кие турган кийим берсе,
атамдын єйєнө тынчтык менен кайтсам жана Теңир менин Кудайым болсо,
анда мен эстелик кылып койгон мына бул таш Кудайдын єйє болот. О, Кудайым, ошондо мен Сага Сен берген бардык нерсенин ондон бир бөлєгєн берем».
Толкования стиха Скопировать ссылку Скопировать текст Добавить в избранное
Библ. энциклопедия Библейский словарь Словарь библ. образов Практическая симфония
Цитата из Библии каждое утро
TG: t.me/azbible
Viber: vb.me/azbible