Скрыть
27:2
27:3
27:4
27:5
27:6
27:7
27:8
27:9
27:10
27:11
27:12
27:13
27:14
27:15
27:16
27:17
27:18
27:19
27:20
27:21
27:22
27:23
27:24
27:25
27:26
27:28
27:30
27:31
27:32
27:33
27:35
27:37
27:42
27:43
27:44
27:45
Ыскак картайып, көзє начарлап калганда, тун уулу Эйсапты чакырып: «Уулум!» – деди. Ал ага: «Мына мен», – деди.
Ыскак уулуна мындай деди: «Мен эми картайып калдым, качан өлөрємдє билбейм.
Сен азыр куралдарыңды, саадагыңды, жааңды алып, талаага барып, мага илбээсин атып кел.
Мен жакшы көргөн тамакты бышырып, алдыма алып кел. өлөрдөн мурун сага батамды берейин».
Ыскак уулу Эйсапка ушул сөздөрдє айтып жатканда, Ребека угуп турган эле. Эйсап талаага илбээсин атып келгени жөнөп кетти.
Ребека болсо уулу Жакыпка: «Мен азыр бир тууганың Эйсапка атаңдын:
“Илбээсин атып келип, мага тамак бышырып бер. Мен аны жеп, өлөр алдымда Теңир алдында сага батамды берейин”, – дегенин уктум.
Эми, уулум, сага айта турган сөзємө кулак салып, айтканымды аткар.
Жайытка барып, эки жакшы улак алып кел. Мен алардын этинен атаңа жакшы көргөн тамагын жасап берейин.
Аны атаңа алып бар, ал жеп, өлөр алдында сага батасын берсин», – деди.
Жакып апасы Ребекага: «Бир тууганым Эйсап тєктєє, мен болсо тєксєзмєн.
Атам мени сыйпалап көрсө, мен анын алдында алдамчы болуп, бата ордуна каргыш алып калбайын», – деди.
Апасы уулуна: «Уулум, сага тие турган каргыш мага тийсин. Менин сөзємдє гана угуп, айтканымды алып кел», – деди.
Ал барып, апасына айтканын алып келди. Апасы анын атасына жакшы көргөн тамагын жасап берди.
Анан Ребека єйєнөн тун баласы Эйсаптын жакшы кийимдерин алып, кенже уулу Жакыпка кийгизди.
Ал эми колдору менен мойнун улактардын териси менен ороп койду.
Анан өзє жасаган тамак менен нанды уулу Жакыптын колуна берди.
Ал атасына кирип: «Ата!» – деди. Атасы: «Мына мен, сен кимсиң, уулум?» – деди.
Жакып атасына: «Мен тун уулуң Эйсапмын. Айтканыңды аткардым. өйдө болуп отуруп, мен алып келген илбээсиндин этинен же, анан мага батаңды бер», – деди.
Ошондо Ыскак уулунан: «Кантип бат эле таап келе койдуң, уулум?» – деп сурады. Ал ага: «Сенин Кудай-Теңириң өзє алдыман чыгарды», – деп жооп берди.
Анан Ыскак Жакыпка: «Жакын келчи, уулум, мен сени сыйпалап көрөйєн, сен уулум Эйсапсыңбы же ал эмессиңби?» – деди.
Жакып атасы Ыскакка жакын келди. Ал аны сыйпалап көрєп: «Yнє – Жакыптын єнє. Колу – Эйсаптын колу», – деди.
Ошентип, ал аны тааныган жок, анткени анын колдору бир тууганы Эйсаптыкындай тєктєє эле. Анан ага батасын берди.
Ал дагы бир жолу: «Эйсап, бул сенсиңби?» – деп сурады. Жакып болсо: «Ооба, менмин», – деп жооп берди.
Ошондо Ыскак ага: «Алып бер, мен уулум алып келген илбээсиндин этинен жеп, ага батамды берейин», – деди. Жакып ага тамакты алып берди, ал жеди. Ал шарап да алып келди, ал аны да ичти.
Анан атасы Ыскак ага: «Уулум, жакын келип, мени өпчє», – деди.
Ал ага жакын барып, аны өптє. Ошондо Ыскак анын кийиминин жытын сезип, ага мындай деп батасын берди: «Бул – Теңир батасын берген талаанын жытындай болгон уулумдун жыты.
Кудай сага асман шєєдєрємєн, жердин семизин берсин, нан менен шарапты мол берсин.
Элдер сага кызмат кылышсын, уруулар сага баш ийип таазим этишсин. Бир туугандарыңдын төрөсє бол, энеңдин уулдары сага баш ийип таазим этишсин. Сени каргагандар каргышка калышсын, алкагандар бата алышсын».
Ыскак Жакыпка батасын берип бєткөндөн кийин, Жакып атасы Ыскактын алдынан чыгып кетери менен, бир тууганы Эйсап аңчылыктан келди.
Ал да атасына тамак бышырып алып келип: «Тур, ата, уулуң алып келген илбээсиндин этинен же, анан мага батаңды бересиң», – деди.
Атасы Ыскак андан: «Сен кимсиң?» – деп сурады. Ал: «Мен тун уулуң Эйсапмын», – деп жооп берди.
Ошондо Ыскак аябай коркуп, калтырап кетип, мындай деди: «Сен келерден мурда мага илбээсиндин этин алып келген ким эле? Сен келгиче, мен анын бардык тамагынан жеп, ага батамды бердим, эми ал баталуу болот».
Эйсап атасынын сөздөрєн укканда, боздоп ыйлап жиберди. Анан: «Ата! Мага да батаңды бер», – деди.
Бирок ал: «Бир тууганың куулук менен келип, сенин батаңды алып кетти», – деди.
Ошондо Эйсап: «Ага Жакып деген ат бекеринен коюлган эмес тура, анткени ал мени эки жолу алдап кетти. Ал менин тунгучтугумду алды, эми менин батамды да алды», – деди. Анан ал атасынан: «Кантип эле сен мага батаңдан калтырган жоксуң?» – деп, дагы сурады.
Ыскак Эйсапка: «Мен аны сенин мырзаң кылдым, бардык бир туугандарыңды да ага кулчулукка бердим. Нан менен шарапты мол бердим. Эми сага эмне кыла алам, уулум?» – деп жооп берди.
Бирок Эйсап атасына: «Ата, кантип эле сенин бир эле батаң болсун? Мага да батаңды бер, ата!» – деп, озондоп ыйлады.
Ошондо атасы Ыскак ага мындай деп жооп берди: «Сен семиз жерде, асман шєєдєрємє менен сугарылган жерде жашайсың.
Кылычың менен жашап, бир тууганыңа кызмат кыласың, бирок ага каршы чыгып, мойнуңдан анын моюнтуругун алып таштай турган мезгил да келет».
Ошондо Эйсап атасы берген бата єчєн Жакыпты жек көрєп калды. Анан Эйсап ичинен: «Атамды жоктоп ыйлай турган кєндөр жакындап калды. Ошондон кийин бир тууганым Жакыпты өлтєрөм», – деди.
Ребекага тун уулу Эйсаптын сөздөрєн айтып келишти. Ошондо ал киши жиберип, кичєє уулу Жакыпты чакыртып: «Сени бир тууганың Эйсап өлтєргөнє жатат.
Эми, уулум, менин сөзємдє угуп, ордуңан тургун да, Харандагы менин бир тууганым Лабандыкына кач.
Бир тууганыңдын ачуусу тараганча, аныкында бир аз жашай тур.
Бир тууганыңдын сага болгон ачуусу тарап, ага кылгандарыңды унутсун. Анан мен киши жиберип, ал жактан сени алдырып алам. Бир кєндєн ичинде экөөңөн тең ажырап калгым келбейт», – деди.
Анан Ребека Ыскакка: «Хет кыздарынан улам мен жашоого ыраазы эмесмин. Эгерде Жакып да бул жердин кыздарынан, Хеттин ушундай кыздарынан аял алса, анда мен жашап эмне кылам?» – деди.
Толкования стиха Скопировать ссылку Скопировать текст Добавить в избранное
Библ. энциклопедия Библейский словарь Словарь библ. образов Практическая симфония
Цитата из Библии каждое утро
TG: t.me/azbible
Viber: vb.me/azbible