Скрыть
26:1
26:2
26:5
26:6
26:7
26:8
26:9
26:11
26:12
26:13
26:14
26:15
26:16
26:17
26:18
26:19
26:20
26:21
26:22
26:25
26:27
26:28
26:29
26:30
26:31
26:32
26:33
26:34
26:35
Ыбрайымдын убагында болгондой эле, жер бетинде дагы ачарчылык болду. Ыскак Пелишти падышасы Абы-Мелекке бармак болуп, Герар жерине жөнөдє.
Теңир ага келип, мындай деди: «Мисирге барба, Мен сага айткан жерде жаша.
Ошол жерде келгин катары жаша. Мен сени менен болом, сага батамды берем, анткени сага жана сенин тукумуңа ошол жердин баарын берем, Мен сенин атаң Ыбрайымга берген антымды орундатам.
Сенин укум-тукумуңду асмандагы жылдыздардай көбөйтөм. Сенин укум-тукумуңа бул жердин баарын берем. Жер жєзєндөгє бардык элдер сенин уругуң аркылуу бата алышат.
Анткени Ыбрайым Менин айтканымды угуп, Мен аткар деп осуят кылганды, Менин буйруктарымды, көрсөтмөлөрємдє, мыйзамдарымды аткарды».
Ошентип, Ыскак Герарга отурукташты.
Ал жердин тургундары анын аялы жөнєндө сурашканда, ал: «Бул менин карындашым», – деп жооп берди. Ребека єчєн бул жердин тургундары мени өлтєрєп коюшат деп ойлоп, ал аны «менин аялым» деп айткандан коркту, анткени ал сулуу аял эле.
Бирок ал жерде көп убакыт жашагандан кийин, Пелишти падышасы Абы-Мелек терезеден Ыскактын өз аялы Ребека менен ойноп жатканын көрдє.
Ошондо Абы-Мелек Ыскакты чакырып: «Бул сенин аялың турбайбы, аны “карындашым” деп кантип айттың?» – деди. «Аялым єчєн мени өлтєрєп коюшат деп ойлодум», – деп жооп берди Ыскак.
Бирок Абы-Мелек: «Бул эмне кылганың? Эл арасынан бирөө сенин аялыңа жакындап коё жаздады, аз жерден бизди кєнөөгө тєртєп коё жаздадың», – деди.
Анан Абы-Мелек бєт элге буйрук берип, мындай деди: «Ким бул адамга жана анын аялына тийсе, ал өлєм жазасына тартылат».
Ыскак ошол жерге арпа сээп, ошол жылы жєз эселеп тєшєм алды, анткени Теңир ага ушинтип батасын берди.
Ошентип, Ыскак бай адам болду. Анын байлыгы көбөйгөндөн көбөйєп, абдан бай болду.
Анын майда жана бодо малы, айдоо жерлери көп болгондуктан, пелиштиликтер көз арта башташты.
Атасы Ыбрайымдын көзє тирєєсєндө, атасынын кулдары казган кудуктардын баарын пелиштиликтер уратып, топуракка толтуруп салышты.
Абы-Мелек да Ыскакка: «Бизден алыс кет, анткени бизден алда канча кєчтєє болуп алдың», – деди.
Ошондо Ыскак ал жерден кетип, чатырларын Герар өрөөнєнө тигип, ошол жерде отурукташып калды.
Атасы Ыбрайымдын убагында казылып, ал өлгөндөн кийин пелиштиликтер топурак толтуруп салган кудуктарды Ыскак кайрадан казып, аларды атасы атаган аттар менен атады.
Ыскактын кулдары өрөөндє казып жатып, ал жерден суусу бар кудук табышты.
Ошондо Герардын койчулары менен Ыскактын койчулары: «Бул биздин суу», – деп талашышкандыктан, ал анын атын Эйсек деп атады.
Дагы бир кудук казышты. Ал тууралуу да талашышкандыктан, ал анын атын Ситна деп атады.
Ошондо ал бул жерден кетип, башка кудук казды. Ал тууралуу талаш болгон жок. Ошондо ал: «Эми Теңир бизге кенен жер берди, биз эми жер бетинде көбөйө баштайбыз», – деп, ал кудукту Рехобот деп атады.
Ал жерден ал Бейер-Шебага көчтє.
Ошол тєнє Теңир ага келип, мындай деди: «Мен сенин атаң Ыбрайымдын Кудайымын. Коркпогун, анткени Мен сени мененмин. Кулум Ыбрайым єчєн сага батамды берип, сенин тукумуңду көбөйтөм».
Ошондо Ыскак ошол жерге курмандык чалынуучу жай куруп, Теңирдин атын чакырды. Ошол жерге чатырын тикти. Кулдары ошол жерге кудук казышты.
Ага Герардан Абы-Мелек өзєнєн досу Акузат жана аскер башчысы Пихол менен келди.
Ыскак аларга: «Силер мени жек көрєп, өзєңөрдєн араңардан кууп жибергенден кийин, мага эмнеге келдиңер?» – деди.
«Теңир сени менен экенин ачык көрдєк, ошон єчєн биз сени менен антташып, келишим тєзөлє.
Анткени биз сага тийбей, жакшылык гана кылып, сени тынчтык менен коё бергендей эле, сен да бизге жамандык кылба. Сен азыр Теңирдин батасына ээсиң», – дешти алар.
Ыскак алар єчєн той өткөрдє. Алар ичип-жешти.
Эртеси эртең менен эрте туруп, алар бири-бирине ант беришти. Ыскак аларды коё берди, алар аныкынан тынчтык менен жөнөп кетишти.
Ошол эле кєнє Ыскактын кулдары келип, өздөрє казган кудук тууралуу: «Биз суу таптык», – деп кабарлашты.
Ыскак ал кудукту Шеба деп атады. Ошондуктан ушул кєнгө чейин ал шаардын аты Бейер-Шеба деп аталат.
Эйсап кырк жашка чыкканда, хеттик Бейердин кызы Жейудитти жана хеттик Эйлондун кызы Басыматты аялдыкка алды.
Алар Ыскак менен Ребеканын башына тєшкөн кайгы болду.
Толкования стиха Скопировать ссылку Скопировать текст Добавить в избранное
Библ. энциклопедия Библейский словарь Словарь библ. образов Практическая симфония
Цитата из Библии каждое утро
TG: t.me/azbible
Viber: vb.me/azbible