Скрыть
24:4
24:5
24:6
24:8
24:9
24:10
24:11
24:12
24:13
24:14
24:16
24:18
24:19
24:20
24:21
24:22
24:23
24:24
24:25
24:26
24:27
24:28
24:29
24:30
24:31
24:32
24:33
24:34
24:35
24:37
24:38
24:39
24:41
24:43
24:44
24:45
24:46
24:47
24:48
24:49
24:50
24:51
24:52
24:53
24:54
24:55
24:56
24:57
24:58
24:59
24:60
24:61
24:63
24:64
24:66
Ыбрайымдын жашы өтєп, карып калган. Теңир Ыбрайымга бардык жагынан батасын берди.
Ыбрайым єй ишин башкарган кулуна мындай деди: «Колуңду менин саныма коюп туруп,
уулума мен жашап жаткан Канаан жеринин кыздарынан аял алып бербейм деп, асман-жердин Кудайы болгон Теңир менен ант бер.
Менин жериме, менин мекениме барып, уулум Ыскакка аял алып келесиң».
Ошондо кулу ага мындай деди: «Эгерде ал аял бул жерге мени менен келгиси келбесечи? Анда уулуңду туулган жериңе кайра жиберишим керекпи?»
Ыбрайым ага: «Байкагын, уулумду ал жакка кайра жибербе.
Мени атамдын єйєнөн, туулган жеримден алып чыгып, мага: “Бул жерди сенин тукумуңа берем”, – деп убада кылган асман Кудай-Теңири сенин алдыңан өз периштесин жиберет, ошондо сен ал жерден уулума аял алып келесиң.
Эгерде аял сени менен келєєнє каалабаса, анда мага берген антыңдан кутуласың, бирок уулумду ал жакка кайра жибербе», – деди.
Ошондо кулу колун мырзасы Ыбрайымдын санына коюп, ошентип ант берди.
Анан кулу өз мырзасынын төөлөрєнөн он төө алып, жөнөп кетти. Анын колунда мырзасынын ар кандай асыл буюмдары да бар эле. Ал туруп, Месопотамияга, Нахордун шаарына жөнөдє.
Ал шаардын сыртындагы кудуктун жанына кечке маал, аялдар суу алууга чыга турган мезгилде төөлөрєн чөктєрдє.
Анан ал: «Теңирим, Ыбрайым мырзамдын Кудайы! Ал кызды мага бєгєн жолуктура көр, менин мырзам Ыбрайымга ырайым кыла көр.
Мына, мен кудуктун жанында турам, шаардын кыздары суу сузуп алганы келе жатышат.
Мен кайсы кызга: “Кумураңды эңкейтчи, суу ичип алайын”, – десем, ал: “Ич, төөлөрєңдє да сугарып берем”, – десе, анда ошол кыз Сен өз кулуң Ыскакка дайындаган кыз экенин жана Сен менин мырзама ырайым кылганыңды билем», – деди.
Ал айтып бєтө электе эле, Ыбрайымдын бир тууганы Нахордун аялы Милка төрөгөн Бетуелдин кызы Ребека ийнине кумурасын көтөрєп, кудуктун жанына келди.
Кыз чырайлуу, эркек көрө элек кыз эле. Ал кудукка келип, кумурасын толтуруп алып, өйдө көздөй жөнөдє.
Ошондо кул кыздын астынан чуркап чыгып: «Кумураңдан кичине суу ичирчи», – деди.
Кыз: «Ич, мырзам», – деди да, ошол замат кумурасын ийнинен тєшєрєп, колуна алып, ага суу ичирди.
Кыз ага суу ичиргенден кийин: «Төөлөрєңдєн да суусуну кангыча сузуп келип берейин», – деди.
Анан ал ошол замат кумурасындагы сууну аштоого куя салып, кудукка кайра чуркап барып, анын бєт төөлөрєнө суу сузуп берди.
Жолуна Теңир батасын берген-бербегенин билгиси келгендиктен, ал киши унчукпай, кызды таң кала карап турду.
Төөлөр суу ичип бєткөндөн кийин, ал киши салмагы жарым шекел алтын болгон шакекти жана салмагы он шекел алтын болгон эки билерикти алып чыгып, мындай деп сурады:
«Кимдин кызысың? Айтчы мага, атаңдын єйєндө биз тєнөгөнгө орун барбы?»
Кыз ага: «Нахор менен Милканын уулу Бетуелдин кызымын», – деп жооп берди.
Анан дагы мындай деди: «Бизде жем-чөп көп. Тєнөгөнгө да орун бар».
Ошондо ал киши башын ийип таазим кылып, Теңирге табынып, мындай деди:
«Мырзам Ыбрайымдын Кудай-Теңирине алкыш! Ал менин мырзамды өзєнєн ырайымы менен акыйкатынан куру калтырбаптыр! Теңир мени тєз эле мырзамдын бир тууганынын єйєнө алып келди».
Кыз чуркап барып, муну энесинин єйєндөгєлөрєнө айтты.
Ребеканын Лабан деген бир тууган агасы бар эле. Лабан кудукту көздөй жанагы кишиге чуркап чыкты.
Ал карындашынын колуна салынган шакеги менен билериктерин көрєп жана карындашы Ребеканын «Бул киши мени менен ушинтип сєйлөштє» дегенин угуп, ал кишиге келсе, ал кудуктун жанында төөлөрє менен турган экен.
Ошондо Лабан ага: «Теңир батасын берген адам, єйгө кир. Эмнеге сыртта турасың? Мен сага єй, төөлөрєңө жай камдап койдум», – деди.
Ал киши єйгө кирди. Лабан төөлөрдє жайдактап, алардын алдына жем-чөп салып, ага жана аны менен бирге келгендерге буттарын жууганга суу берди.
Анын алдына тамак коюшту, бирок ал: «өз ишимдин жөнєн айтмайын жебеймин», – деди. Алар: «Айт», – дешти.
Ошондо ал: «Мен Ыбрайымдын кулумун.
Теңир менин мырзама батасын мол бергендиктен, ал бай адам болду. Ал ага кой да, өгєз да, кємєш да, алтын да, кул да, кєң да, төө да, эшек да берди.
Мырзамдын аялы Саара картайып калганда, ага уул төрөп берди. Мырзам уулуна өзєндө болгондун баарын берди.
Анан мырзам менден: “Уулума мен жашап жаткан жердеги Канаан кыздарынан аял алып бербе,
атамдын элине, менин туугандарыма барып, уулума аял алып келесиң”, – деп, ант алды.
Мен мырзама: “Эгерде ал кыз мени менен келбесечи?” – десем,
ал мага: “Мен табынган Теңир сени менен өз периштесин жиберип, жолуңду ачат, анан сен менин уулума туугандарымдан, атамдын элинен аял алып келесиң.
Сен менин туугандарымдыкына барып келгенден кийин, менин антымдан кутуласың. Эгерде алар беришпесе, анда да антымдан кутуласың”, – деген.
Мен бєгєн кудукка келип: “Теңирим, мырзам Ыбрайымдын Кудайы! Эгерде Сен менин жолумду ачкан болсоң,
анда мына, мен кудуктун жанында турам. Суу алганы келген кызга: «Кумураңдан кичине суу ичирчи», – дейм.
Ошондо ал мага: «Сен да ич, төөлөрєңө да сузуп берейин», – десе, анда мырзамдын уулуна Теңир белгилеп койгон кыз ошол”, – дедим.
Ичимден Кудайга ушинтип айтып бєтө электе эле, Ребека келди. Анын ийнинде кумурасы бар экен. Ал кудукка келип, суу сузуп алды. Ошондо мен ага: “Мага сууңдан берчи”, – дедим.
Ал ошол замат кумурасын ийнинен тєшєрєп: “Ич, төөлөрєңө да сузуп берейин”, – деди. Мага да берди, төөлөрємдє да сугарды.
Мен андан: “Кимдин кызысың?” – деп сурадым. Ал: “Нахор менен Милканын уулу Бетуелдин кызымын”, – деп жооп берди. Ошондо мен ага шакек менен билериктерди бердим.
Анан мен Теңирге башымды ийип таазим этип, мырзам Ыбрайымдын Кудай-Теңирине алкыш айттым. Ал менин мырзамдын уулуна бир тууганынын кызын алып берєє єчєн, мени тєз алып келди.
Менин мырзама ырайым жана акыйкаттык кылайын деген оюңар бар же жок экенин мага азыр эле айткыла? Айткыла, анан мен оңго же солго бурулуп кетейин».
Ошондо Лабан менен Бетуел: «Бул иш Теңирден. Биз сага жакшы да, жаман да айта албайбыз.
Мына, Ребека алдыңда турат. Аны алып, жолго чык. Теңир айткандай, ал мырзаңдын уулунун аялы болсун», – деп жооп беришти.
Ыбрайымдын кулу алардын сөзєн укканда, Теңирге жерге чейин башын ийип таазим этти.
Анан ал кул алтын-кємєш буюмдарды, кийимдерди алып чыгып, Ребекага берди. Агасы менен энесине да кымбат баалуу белектерди берди.
Ошентип, ал жанындагы кишилери менен конок болуп, тєнөп калды. Алар эртең менен турушканда, кул аларга: «Эми мени мырзама коё бергиле», – деди.
Бирок кыздын бир тууганы менен энеси: «Кызыбыз биз менен, жок дегенде, он чакты кєн болсун. Андан кийин жөнөйсєң», – дешти.
Бирок ал: «Мени кармабагыла, анткени Теңир менин жолумду ачкан. Мени коё бергиле, мырзама барайын», – деди.
Алар: «Кызды чакырып сурайлы, ал эмне дээр экен», – дешти.
Ребеканы чакырып, андан: «Бул киши менен барасыңбы?» – деп сурашты. Кыз: «Барам», – деп жооп берди.
Ошондо алар өздөрєнєн карындашы Ребеканы, анын эмчек энесин, Ыбрайымдын кулун, анын жанындагы кишилерди коё беришти.
Алар Ребекага: «Биздин карындашыбыз! Сенден миң-миңдеген тукум төрөлєп, укум-тукумуң душмандарыңдын турак жайларын ээлесин!» – деп батасын беришти.
Анан Ребека жана анын кызматчысы ордуларынан туруп, төөлөргө минип, тиги кишинин артынан жөнөштє. Ошентип, Ыбрайымдын кулу Ребеканы алып, жөнөп кетти.
Ыскак болсо Бейир-Лакай-Ройиге келди, анткени ал тєштєк жеринде жашап жаткан.
Кеч киргенде, Ыскак сыйынганы талаага чыгып, көз чаптырып караса, төөлөр келе жатыптыр.
Ребека Ыскакты көрө коюп, төөдөн тєшєп, кулдан:
«Бизди талаада тосуп келе жаткан ким?» – деп сурады. «Ал менин мырзам», – деп жооп берди кул. Ошондо Ребека чємбөттє алып, жамына калды.
Кул Ыскакка эмне кылганынын баарын айтып берди.
Ыскак кызды энеси Сааранын чатырына алып кирди. Ал Ребеканы алды, ал анын аялы болуп калды, ал кызды сєйєп калды. Ошентип, Ыскак энесинин кєйєтєнөн сооронду.
Толкования стиха Скопировать ссылку Скопировать текст Добавить в избранное
Библ. энциклопедия Библейский словарь Словарь библ. образов Практическая симфония
Цитата из Библии каждое утро
TG: t.me/azbible
Viber: vb.me/azbible