Скрыть
3:2
3:4
3:6
3:10
3:13
3:14
3:15
3:16
3:21
3:22
Ал мага: «Адам уулу! Сенин алдыњда эмне турса, ошону же, бул тєрмљк китепти же, анан бар, Ысрайыл єйєнљ айт», – деди.
Ошондо мен оозумду ачтым, Ал мага бул тєрмљк китепти жегенге берди.
Ал мага: «Адам уулу! Мен берип жаткан бул тєрмљк китепке курсагыњды тойгуз жана ичињди толтур», – деди. Ошондо мен аны жедим, ал оозумдун ичинде балдай таттуу эле.
Анан Ал мага мындай деди: «Адам уулу! Тур, Ысрайылга бар, аларга Менин сљздљрємдє айт.
Анткени сен татаал, тєшєнєксєз тилде сєйлљгљн элге жиберилип жаткан жоксуњ, сен Ысрайылга жиберилип жатасыњ.
Сен сљздљрєн тєшєнљ албаган, татаал, тєшєнєксєз тилде сєйлљгљн кљп элдерге жљнљтєлєп жаткан жоксуњ. Эгерде Мен сени аларга жиберген болсом, алар сени угушмак.
Ысрайыл болсо сени уккусу келбейт, анткени алар Мени уккусу келбейт. Анткени бєт Ысрайылдын чекеси катуу, жєрљгє таш.
Мен алардын жєздљрєнљ каршы сенин жєзєњдє катуу кылдым жана алардын чекесине каршы сенин чекењди катуу кылдым.
Мен сенин чекењди таштан да катуу болгон алмаздай кылдым. Алардан коркпо, алардын жєздљрєнљн єрљйєњ учпасын, анткени алар – козголоњчул тукум».
Анан Ал мага мындай деди: «Адам уулу! Менин сага айта турган сљздљрємдєн баарын жєрљгєњ менен кабыл ал, кулагыњ менен ук.
Тур, љз элињдин туткунда жєргљн уулдарына бар, алар менен сєйлљш, аларга айт: “Кудай-Тењир мындай дейт!” Алар укса да, укпаса да айт».
Анан мени рух кљтљрдє. Ошондо мен љзємдєн артымдан «Тењирдин дањкы љз ордунда баталуу!» деген кєркєрљгљн катуу єндє уктум.
Ошондой эле жаныбарлардын бири-бирине тийишип турган канаттарынын дабышын, алардын жанындагы дљњгљлљктљрдєн тєкєлдљгљнєн жана катуу добушту уктум.
Мени рух кљтљрєп алып кетти. Мен капаланып, тынчсызданган рухум менен бара жаттым. Тењирдин менин єстємдљгє колу кєчтєє эле.
Мен Тел-Абипте туткунда жєргљндљргљ, Кебар дарыясынын жээгинде жашап жаткандарга келдим, алар жашаган жерге келип токтодум. Алардын арасында тањ калуу менен жети кєндє љткљрдєм.
Жети кєн љткљндљн кийин мага Тењирден сљз болду:
«Адам уулу! Мен сени Ысрайылга сакчы кылып койдум, сен Менин оозумдан чыккан сљздљрдє угуп, аларды Менин атымдан эскертесињ.
Мен мыйзамсыз адамга: “Сен љлљсєњ”, – деп айтканда, сен аны алдын ала эскертпесењ, мыйзамсыз адам тирєє калыш єчєн, аны мыйзамсыз жолунан сакташ єчєн, аны менен сєйлљшпљсљњ, анда мыйзамсыз адам љзєнєн мыйзамсыздыгы єчєн љлљт, анын канынын кунун Мен сага тљлљтљм.
Эгерде сен мыйзамсыз адамды алдын ала эскерткен болсоњ, бирок ал љзєнєн мыйзамсыздыгынан, љзєнєн мыйзамсыз жолунан бурулбаса, анда ал љз мыйзамсыздыгы єчєн љлљт, сен болсо љз жаныњды сактап калдыњ.
Эгерде адил адам љзєнєн адилдигинен четтеп, мыйзамсыздык кылса, анда Мен анын алдына тоскоолдук коём, ошондо ал љлљт. Сен аны алдын ала эскертпеген болсоњ, ал љзєнєн кєнљљсє єчєн љлљт, анын адил иштери эске алынбайт. Анын канынын кунун Мен сага тљлљтљм.
Адил адам кєнљљ кылбашы єчєн, сен ага алдын ала эскертсењ, ал кєнљљ кылбаса, анда ал тирєє болот, анткени ал эскертилди. Сен да љз жаныњды сактап калдыњ».
Ошол жерде Тењирдин колу менин єстємдљ эле. Ал мага: «Тур, талаага чык, Мен сени менен ошол жерде сєйлљшљм», – деди.
Мен туруп, талаага чыктым. Ошол жерде Кебар дарыясынын жээгинен мен кљргљн дањкка окшош Тењирдин дањкы турган экен. Ошондо мен жєзтљмљндљп жыгылдым.
Мага рух кирип, мени љйдљ тургузду. Ал мени менен сєйлљшєп, мындай деди: «Єйєњљ барып бекин.
Адам уулу, сени жип менен байлап салышат, сен аларга бара албай каласыњ.
Мен сенин тилињди тањдайыња жабыштырам, ошондо сен дудук болуп, алардын айыбын ашкере кылуучу болбойсуњ, анткени алар – козголоњчул тукум.
Бирок Мен сени менен сєйлљшкљндљ, сенин оозуњду ачам, ошондо сен аларга айтасыњ: “Кудай-Тењир мындай дейт!” Кимдин уккусу келсе, ал уксун. Кимдин уккусу келбесе, ал укпай эле койсун, анткени алар – козголоњчул тукум».
Толкования стиха Скопировать ссылку Скопировать текст Добавить в избранное
Библ. энциклопедия Библейский словарь Словарь библ. образов Практическая симфония
Цитата из Библии каждое утро
TG: t.me/azbible
Viber: vb.me/azbible