Скрыть
22:2
22:3
22:5
22:7
22:10
22:13
22:14
22:15
22:16
22:17
22:18
22:19
22:20
22:23
22:25
22:27
22:29
Бир тууганыњдын жоголуп кеткен љгєзєн же коюн таап алсањ, аны таштап салбай, бир тууганыња кайтарып бер.
Эгерде малдын ээси алыс жашаса, же анын ким экенин билбесењ, анда ал малды љз єйєњљ алып кел. Малдын ээси љзє издеп келгиче, єйєњдљ кармап тур, анан кайтарып бер.
Жакыныњдын жоготуп алган эшегин таап алсањ да, кийимин таап алсањ да, буюмун таап алсањ да, ошондой кыл. Бул айтылгандан четтебе.
Жакыныњдын эшеги же љгєзє жолдо жыгылып калганын кљрсљњ, таштап кетпе, ага аларды тургузууга жардам бер.
Аял эркектин, эркек аялдын кийимин кийбеши керек, анткени ушундай кылган ар бир адам Кудай-Тењирињдин алдында жийиркеничтєє.
Эгерде жолдон даракка же жерге салынган канаттуунун уясын кљрсљњ, ал уяда энеси балапандарын же жумурткаларын басып жатса, анда энесин балапандары менен кошо алба.
Љзєњљ жакшы болушу єчєн, љмєрєњ узун болушу єчєн, энесин коё берип, балапандарын ал.
Кимдир бирљљ єйєњдєн єстєнљн кулап тєшпљшє єчєн, айыптуу болуп калбашыњ єчєн, єй кура турган болсоњ, єйєњдєн єстєнљ тегерете тосмо жасап кой.
Жєзємзарыња эки тєрдєє єрљн сеппе, болбосо сепкен єрљнєњдєн тєшємє да, алган жєзємєњ да ыйык болуп калат.
Љгєз менен эшекти кошуп жер айдаба.
Жєн менен зыгыр буласы аралаш токулган кездемеден кийим кийбе.
Yстєњљ жамына турган жамынчыњдын тљрт бурчуна чачы жасап ал.
Ким аял алып, ага жакындагандан кийин, аны жек кљрєп калса,
анан: “Мен єйлљнєп, ага жакындаганда, кыздыгы жок болуп чыкты”, – деп, жалган жерден айыптап, жаман сљз таратса,
анда кыздын атасы менен энеси шаар аксакалдарына, дарбаза алдына кызды алып келсин да, кызынын кыздык белгисин далилдесин.
Кыздын атасы шаар аксакалдарына: “Мен кызымды бул кишиге аялдыкка бергем, ал азыр кызымды жек кљрєп калды.
Аны жаманатты кылып: «Мен сенин кызыњдын кыздыгын кљргљн жокмун», – деп жатат. Бирок менин кызымдын кыздык белгиси мына”, – деп, кызынын кыздык белгиси калган кийимин шаар аксакалдарынын алдына жайсын.
Ошондо шаардын аксакалдары кєйљљсєн алып келип жазага тартсын.
Ал Ысрайыл кызын жаманатты кылып, ушак таратканы єчєн, анын мойнуна жєз шекел кємєш салышсын, кємєштє кыздын атасына беришсин. Кызы анын аялы болуп кала берсин. Ал љмєр бою аны менен ажыраша албайт.
Эгерде анын айтканы чындык болуп, кыздын кыздыгы жок болуп чыкса,
анда кызды атасынын єйєнљ алып барышсын, аны шаардын эли таш барањга алып љлтєрсєн, анткени ал атасынын тљрєндљ ойноштук кылып, Ысрайыл элинин арасында жийиркеничтєє иш кылды. Љз элињдин ичинен жамандыкты ушинтип жок кыл.
Эгерде кєйљљсє бар аял менен жаткан бирљљ кармалса, анда экљљ тењ: аял менен жаткан эркек да, эркек менен жаткан аял да љлтєрєлсєн. Ысрайыл элинин ичинен жамандыкты ушинтип жок кыл.
Бойго жеткен кыз жигити менен убадалашып койгондон кийин, шаардан бирљљ жолугуп калып, аны менен жатса,
анда экљљнє тењ ошол шаардын дарбазасынын алдына алып келип, таш барањга алып љлтєрєшсєн. Кызды кыйкырып жардамга чакырбаганы єчєн, эркекти жакынынын аялын булгагандыгы єчєн љлтєрєшсєн. Љз элињдин ичиндеги жамандыкты ушинтип жок кыл.
Эгерде кимдир бирљљ убадалашып койгон кызга талаадан жолугуп калып, аны кармап алып зордуктап койсо, анда аны зордуктап койгон эркек гана љлєм жазасына тартылсын.
Кызга болсо тийбегиле, анын љлємгљ тете кєнљљсє жок. Эгерде аны љлєм жазасына тартсањар, анда бул љз жакынына кол кљтљрєп љлтєргљнгљ барабар болуп калат.
Анткени ал убадалашып койгон кызга ээн талаадан жолугуп калган, кыз жардам сурап кыйкырса да, куткара турган эч ким болгон эмес.
Эгерде кимдир бирљљ убадалашпаган кызга жолугуп калып, аны зордуктап жатканда, єстєнљн бирљљлљр чыгып калса,
анда аны менен жаткан эркек кыздын атасына элєє шекел кємєш берсин. Ал аны аялдыкка алсын, анткени аны зордуктап койду. Ал аны менен љмєр бою ажыраша албайт.
Эч ким атасынын аялын албасын, атасынын тљшљгєн ачпасын.
Толкования стиха Скопировать ссылку Скопировать текст Добавить в избранное
Библ. энциклопедия Библейский словарь Словарь библ. образов Практическая симфония
Цитата из Библии каждое утро
TG: t.me/azbible
Viber: vb.me/azbible