Скрыть
5:1
5:3
5:4
5:6
5:9
5:14
5:15
5:16
5:17
5:22
5:24
5:25
5:26
5:28
5:30
Белшатсар падыша љзєнєн мињдеген тљрљлљрєнљ чоњ той љткљрєп, мињдеген адамдардын алдында шарап ичип отурду.
Ал шарап ичип алып, атасы Небухаданасар Иерусалимдеги ийбадатканадан падыша, падышанын тљрљлљрє, аялдары жана кєњдљрє шарап ичиши єчєн алып чыккан алтын-кємєш идиштерди алып келєєнє буйруду.
Ошондо Иерусалимдеги Кудай єйєнєн ыйык бљлмљсєнљн алынган алтын идиштерди алып келишти. Падыша, анын тљрљлљрє, аялдары жана кєњдљрє ал идиштер менен шарап ичип жатышты.
Шарап ичип алып, алтындан жана кємєштљн, жезден жана темирден, жыгачтан жана таштан жасалган кудайларды дањктап жатышты.
Так ошол саатта адам колу чыгып, падыша сарайындагы, чырактандын мањдайындагы акталган дубалга жазды. Падыша дубалга жазып жаткан колдун манжасын кљрдє.
Ошондо падышанын љњє бузулуп кетти. Ойлору тынчын алды, белинин муундары бошоду, тизелери титиреп, бири-бирине урунду.
Сыйкырчыларды, каздимдерди жана тљлгљчєлљрдє алып келгиле деп, падыша катуу кыйкырды. Анан падыша Бабылдын даанышмандарына: «Ким бул жазууну окуп, мага анын маанисин тєшєндєрєп берсе, ага кочкул кызыл чапан кийгизилет, мойнуна алтын чынжыр тагылат, падышачылыкта єчєнчє љкємдар болот», – деди.
Ошондо падышанын бардык акылмандары киришти, бирок жазылган сљздљрдє окуй албай коюшту жана алардын маанисин падышага тєшєндєрєп бере албай коюшту.
Белшатсар падыша аябай тынчсызданды, анын љњє бузулду, анын тљрљлљрєнєн да тынчы кетти.
Падышанын энеси падышанын жана анын тљрљлљрєнєн сљздљрєн угуп, той болуп жаткан єйгљ кирди. Падышанын энеси сљз баштап, мындай деди: «Падыша, тєбљлєк жаша! Ойлоруњ тынчыњды албасын, љњєњ да бузулбасын.
Сенин падышачылыгыњда ыйык Кудайдын руху бар бир адам бар. Атањдын убагында ал адамда жарык, акыл, кудайлардын акылмандыгындай акылмандык бар экени билинген. Ошондо Небухаданасар падыша, сенин атањ, аны жашыруун сырларды билєєчєлљрдєн, сыйкырчылардын, каздимдердин жана тљлгљчєлљрдєн башчысы кылып койгон, аны атањ, падыша, љзє койгон.
Анткени ал адамда, падыша љзє Белтешатсар деп ат койгон Даниелде, љзгљчљ рух, билим жана тєштљрдє чечмелей ала турган, табышмактарды таба ала турган, жашыруун сырларды ача ала турган акылмандык бар болуп чыккан. Ошондуктан Даниелди чакырып келишсин, ал жазуунун маанисин тєшєндєрєп берет».
Ошондо Даниелди падышанын алдына алып келишти. Падыша Даниелге мындай деди: «Менин атам, падыша, Жєйєт жеринен алып келген, туткунда жєргљн Жєйєт уулдарынын бири Даниел деген сенсињби?
Мен сен жљнєндљ, сенде Кудайдын руху, жарык, акыл жана бийик акылмандык бар экенин уктум.
Мына, бул жазууну окуп, маанисин чечмелеп бериш єчєн, мага акылмандар менен сыйкырчыларды алып келишти. Бирок алар мага анын маанисин тєшєндєрєп бере алышкан жок.
Сени чечмелеп бере алат, жашыруун сырларды ача алат деп уктум. Эгерде бул жазууну окуй алсањ жана анын маанисин чечмелеп бере алсањ, анда кочкул кызыл чапан киесињ, мойнуња алтын чынжыр тагылат, падышачылыкта єчєнчє љкємдар болосуњ».
Ошондо Даниел падышага мындай деп жооп берди: «Белектерињ љзєњдљ калсын, жогорку кызматты башкага бер. Дубалдагы жазууну болсо окуп берем жана маанисин чечмелеп берем.
Падыша! Бардыгынан жогору турган Кудай атањ Небухаданасарга падышачылыкты, улуулукту, урмат-сыйды жана атак-дањкты берген.
Кудай берген улуулуктун алдында андан бардык элдер, уруулар жана улуттар титиреп, коркуп турушкан: ал каалаганын љлтєргљн, каалаганын тирєє калтырган, каалаганын жогору кљтљргљн, каалаганын баскан.
Бирок анын жєрљгє текеберденип кеткенде, руху катаалданып, тоотпос болуп калганда, ал љзєнєн падышачылык тактысынан кулатылды, атак-дањкынан ажыратылды,
адамдардан бљлєндє, жєрљгє жырткычтыкындай болуп калды, жапайы эшектер менен жашады. Аны љгєзгљ окшотуп чљп менен багышты, денеси асман шєєдєрємє менен сугарылды. Адамзат падышачылыгынын єстєнљн бардыгынан жогору турган Кудай бийлик кыларын, Љзє кимди кааласа, ошону коёорун ал тєшєнгљнгљ чейин ушундай болду.
Сен да, анын уулу Белшатсар, ушунун баарын билсењ да, жєрљгєњдє жоошуткан жоксуњ.
Тескерисинче, асмандагы Тењирге каршы чыктыњ, сага Анын єйєндљгє идиштерди алып келишти, сен, сенин тљрљлљрєњ, аялдарыњ жана кєњдљрєњ ал идиштер менен шарап ичишти. Кљрбљгљн, укпаган, тєшєнбљгљн, алтындан, кємєштљн, жезден, темирден, жыгачтан жана таштан жасалган кудайларды дањктадыњ. Љмєрєњ, бардык жолдоруњ колунда турган Кудайды болсо дањктаган жоксуњ.
Мына ошон єчєн Андан колдун манжалары жиберилип, бул жазуу жазылды.
Анда мындай деп жазылган: “МЕНЕ, МЕНЕ, ТЕКЕЛ, УПАРСИН”.
Сљздљрдєн мааниси мындай: “МЕНЕ” – Кудай сенин падышачылык кылган кєндљрєњдє эсептеп чыгып, ага чекит койду.
“ТЕКЕЛ” – сен таразага тартылып, љтљ жењил болуп чыктыњ.
“ПАРАС” – сенин падышачылыгыњ бљлєнєп, мадайлыктар менен персиялыктарга берилди».
Ошондо Белшатсардын буйругу боюнча Даниелге кочкул кызыл чапан кийгизишти, мойнуна алтын чынжыр тагышты жана аны падышачылыкта єчєнчє љкємдар кылып жарыялашты.
Ошол эле тєнє Каздим падышасы Белшатсар љлтєрєлдє.
Падышачылыкка алтымыш эки жаштагы мадайлык Дарий келди.
Толкования стиха Скопировать ссылку Скопировать текст Добавить в избранное
Библ. энциклопедия Библейский словарь Словарь библ. образов Практическая симфония
Цитата из Библии каждое утро
TG: t.me/azbible
Viber: vb.me/azbible