Скрыть
2:4
2:6
2:13
2:15
2:21
2:22
2:24
2:25
2:29
Эфестеги Жыйындын периштесине мындай деп жаз: Оњ колунда жети жылдыз кармап турган жана жети алтын чырактын арасында басып жєргљн Тењир мындай дейт:
“Мен сенин иштерињди, эмгегињди, чыдамкайлыгыњды, бузулгандарга чыдай албастыгыњды, элчи эмес болушса да, љздљрєн элчибиз деп эсептегендерди сынап кљрєп, алардын жалганчы экенин аныктаганыњды билем.
Сен кљп нерсени башыњдан љткљрдєњ, сенде чыдамкайлык бар, Менин ысымым єчєн иштедињ, чарчаган жоксуњ.
Бирок Менин сага айта турган бир нааразычылыгым бар: сен биринчи сєйєєњдє таштап койгонсуњ.
Ошондуктан кайсы жерден жыгылганыњды эстеп, тобо кыл да, мурун жасап жєргљн иштерињди жасай бер. Эгерде андай кылбасањ, тобо кылбасањ, анда Мен сага жакын арада келем да, чырагыњды ордунан алып таштайм.
Бирок сенин Николайдын окутуусун жолдоочулардын иштерин жек кљргљнєњ жакшы, алардын иштерин Мен да жек кљрљм.
Кимдин кулагы бар болсо, ал Рухтун Жыйындарга эмне деп айтып жатканын уксун: жењген адамга Кудайдын бейишинин ортосундагы љмєр дарагынын жемишинен даам таттырам”.
Смирнадагы Жыйындын периштесине мындай деп жаз: Љлєп кайра тирилген Биринчи жана Акыркы мындай дейт:
“Мен сенин иштерињди, тарткан азаптарыњды жана жакырдыгыњды билем (бирок сен байсыњ). Љздљрєн жєйєтпєз деп эсептеп жєргљндљрдљн жаман сљздљрдє укканыњды билем, бирок алар – жєйєттљр эмес, шайтанга таандык адамдардын тобу.
Башыњдан љтљ турган кыйынчылыктардан коркпо. Сыналышыњар єчєн, шайтан силердин арањардан кээ бирљљлљрєњљрдє зынданга салат, он кєн кыйналасыњар. Љмєрєњдєн акырына чейин ишенимдєє бол, ошондо Мен сага љмєр таажысын берем.
Кимдин кулагы бар болсо, ал Рухтун Жыйындарга эмне деп айтып жатканын уксун: жењген адам экинчи љлємдљн зыян тартпайт”.
Пергамдагы Жыйындын периштесине мындай деп жаз: эки миздєє кылычы бар Тењир мындай дейт:
“Сенин иштерињди билем, сен шайтандын тактысы турган жерде жашайсыњ, Менин ысымымды бек тутуп жєрљсєњ, Менин ишенимдєє кєбљм Антипа силердин арањарда, шайтан жашаган жерде љлтєрєлгљн кєндљрдљ да Мага болгон ишенимињден баш тарткан жоксуњ.
Бирок Менин сага айта турган бир аз нааразычылыгым бар: сенде Биламдын окутуусун жолдогондор бар. Ошол Билам Балакты Ысрайыл уулдарын азгырууга: аларды буркандарга чалынган курмандыктан жегенге, бузуктук кылууга єйрљткљн.
Ошондой эле сенде Николайдын окутуусун жолдогондор бар, Мен ал окутууну жек кљрљм.
Тобо кыл. Эгерде антпесењ, Мен сага жакында келип, ошол окутууну жолдогондорго каршы оозумдагы кылыч менен согушам.
Кимдин кулагы бар болсо, ал Рухтун Жыйындарга эмне деп айтып жатканын уксун: жењген адамга жашыруун маннадан даам таттырам жана ага бир ак таш берем. Ал таштын бетинде жањы ысым жазылуу болот, алган адамдан башка эч ким ал ысымды билбейт”.
Тиатирадагы Жыйындын периштесине мындай деп жаз: кљздљрє оттун жалынындай кєйєп турган, буттары жездей жаркырап турган Кудайдын Уулу мындай дейт:
“Сенин иштерињди да, сєйєєњдє да, ишенимињди да, кызматыњды да, чыдамкайлыгыњды да, кийинки иштерињ мурунку иштерињден кљп экенин да билем.
Бирок Менин сага айта турган бир аз нааразычылыгым бар: сен љзєн пайгамбар эсептеген Изебел деген аялдын Менин кулдарымды бузуктук кылууга, буркандарга чалынган курмандыктан жегенге єйрљтєєсєнљ, адаштыруусуна жол берип жатасыњ.
Мен ал аялга бузуктугу єчєн тобо кылууга убакыт бергем, бирок ал тобо кылгысы келген жок.
Ошондуктан Мен аны оорутуп, тљшљккљ жаткырам. Эгерде љздљрєнєн иштери єчєн љкєнєп тобо кылышпаса, аны менен бирге бузуктук кылгандарды оор кайгыга салам.
Анын балдарын љлтєрљм, ошондо Жыйындардын баары Менин адамдын ички дєйнљсєн жана жєрљгєн Сыноочу экенимди билишет. Ар бирињерге иштерињерге жараша тиешењерди берем.
Ал эми силерге, бул окутууну жолдобогон жана «шайтандын терењ сырлары» деп аталган нерселерди билбеген Тиатиранын калган тургундарына, мындай демекчимин: Мен силердин башыњарга башка кыйынчылык салбайм.
Эмнењер бар болсо, ошону гана Мен келгенче, бекем кармап тургула.
Ким жењип чыгып, Менин иштеримди аягына чейин аткарса, Љзємдєн Атамдан бийлик алганымдай эле, аны бутпарастардын єстєнљн бийликке коём.
Ал аларды темир таяк менен кайтарат, алар чопо идиш талкалангандай талкаланышат.
Ага тањ жылдызын берем.
Кимдин кулагы бар болсо, ал Рухтун Жыйындарга эмне деп айтып жатканын уксун”.
Толкования стиха Скопировать ссылку Скопировать текст Добавить в избранное
Библ. энциклопедия Библейский словарь Словарь библ. образов Практическая симфония
Цитата из Библии каждое утро
TG: t.me/azbible
Viber: vb.me/azbible