Скрыть
20:1
20:2
20:3
20:5
20:6
20:8
20:9
20:10
20:11
20:12
20:13
20:14
20:15
20:16
20:17
20:19
20:20
20:22
20:25
20:30
20:36
20:37
20:38
Козголоњ басылгандан кийин, Пабыл шакирттерди чакырып, аларга насаат айтты. Анан алар менен коштошуп, Македонияга жол тартты.
Македонияны кыдырып, Ыйсага ишенгендерге кљп насаат айткандан кийин, Грецияга келди.
Пабыл ал жерде єч ай болгондон кийин, Сирияга Македония аркылуу кайтып келєєнє чечти. Анткени кеме менен Сирияга жол тартар алдында жєйєттљр ага каршы козголоњ чыгарышты.
Бероялык Пурдун уулу Сосипатыр, тесалоникалык Аристарх менен Секундос, дербелик Гай, Тиметей жана асиялык Тихик менен Трофим аны Асияга чейин узатып барышты.
Алар бизден мурун жолго чыгып, бизди Троаста кєтєп турушту.
Биз болсо Ачыткысыз нан майрамынан кийин, Филипиден кеме менен чыгып, беш кєндљн кийин аларга, Троаска келип, ал жерде жети кєн болдук.
Жуманын биринчи кєнє Пабыл нан сындыруу єчєн чогулган шакирттер менен сєйлљштє. Ал эртеси кєнє жолго чыга турган болгондуктан, алар менен тєн ортосуна чейин сєйлљшєп отурду.
Биз чогулган єйдєн жогорку бљлмљсєндљ кљп шам чырак кєйєп турган.
Терезеде Эйтих деген бир жаш улан отурган. Пабылдын сљзє узакка созулгандыктан, ал катуу уктап кетип, єчєнчє кабаттан жерге кулап тєштє. Карашса, ал љлєп калыптыр.
Пабыл тљмљн тєшєп, љлєктєн єстєнљ жатты да, аны кучактап: «Коркпогула, анын жаны љзєндљ», – деди.
Анан ал кайра жогору чыгып, нан сындырып, андан жеди. Тєнє бою ањгемелешип отуруп, тањга маал жолго чыкты.
Бул арада жаш уланды єйгљ тирєє алып келип, бардыгы кубанычка батышты.
Биз Пабылдан мурун кемеге отуруп, Ас шаарын кљздљй жол тарттык. Биз аны ошол жерден алып кетмекпиз. Ал љзє жљљ баргысы келгендиктен, бизге ушундай кылууну буйруган.
Аны менен биз Аста жолуктук да, Мителене шаарына чогуу келдик.
Ал жерден кеме менен сєзєп чыгып, эртеси кєнє Хиос аралынан алыс эмес жерге келип токтодук. Анын эртеси Самос аралынын жанындагы Трогилий шаарында болуп, бир кєндљн кийин Милет шаарына келдик.
Анткени Пабыл Асияда убакытты кетирбеш єчєн, Эфестин жанынан љтєп кетєєнє чечти. Анткени ал мємкєн болсо, Элєєнчє кєн майрамында Иерусалимде болуу єчєн шашып бара жаткан эле.
Ал Милеттен Эфеске киши жиберип, Жыйын башчыларын чакыртты.
Алар келишкенде, Пабыл аларга мындай деди: «Љзєњљр билесињер, мен Асияга келген кєндљн тартып, бардык убакта жаныњарда болдум.
Жєйєттљрдєн кара ниеттигинин айынан башыма келген сыноолор учурунда, Тењирге момундук менен, кљз жаш менен кызмат кылдым.
Силерге пайдалуу боло турган нерселердин бардыгын айттым, силерди бєт эл алдында да, єймљ-єй кыдырып да окуттум.
Жєйєттљргљ да, эллиндерге да тобо кылуу жљнєндљ жана Тењирибиз Ыйса Машайакка ишенєє жљнєндљ жарыяладым.
Азыр болсо Рухтун жетеги менен Иерусалимге бара жатам, ал жерде мени эмне кєтєп тургандыгын билбейм.
Бирок мени кишендер жана азап-кайгылар кєтєп тургандыгын Ыйык Рух мага ар бир шаарда эскертип жатат.
Бирок мен эч нерсеге карабаймын жана љз љмєрємдє эч аябаймын, алдымда турган жарышты жана Тењир Ыйса тапшырган кызматты – Кудайдын ырайымы жљнєндљгє Жакшы Кабарды таратуу ишин кубаныч менен аягына чыгарсам эле болду.
Азыркы учурда мен муну билем: мен жарыялаган Кудайдын Падышачылыгы жљнєндљ уккандарыњардын ичинен эч бирињер мындан кийин мени кљрбљйсєњљр.
Ошондуктан бєгєн силерге айтып коёюн: мен эч кимињердин каныњар єчєн жооп бербейм.
Анткени мен силерге Кудайдын эркин толугу менен айткам.
Ошондуктан љзєњљргљ жана Ыйык Рух тарабынан тапшырылган бєтєндљй єйєргљ сак болгула. Тењирдин жана Кудайдын Љз канын тљгєп сатып алган Жыйынын кайтаргыла.
Анткени мен кеткенден кийин, арањарга єйєрдє аябаган жырткыч карышкырлар кирерин билем.
Шакирттерди ээрчитип кетєє єчєн, љзєњљрдєн эле арањардан чындыкты бурмалап сєйлљгљн адамдар чыгат.
Ошондуктан сергек болгула, кљз жашымды тљгєп, ар бирињерди єч жыл бою кєн-тєн дебей, тынымсыз окутканымды эсињерден чыгарбагыла.
Эми силерди, бир туугандар, Кудайга жана Анын ырайымы жљнєндљгє сљзєнљ тапшырамын. Ал сљз силерди калыптандырып, ыйыкталгандар менен бирге мураска ээ кыла алат.
Эч кимден кємєш да, алтын да, кийим да алууну каалаган жокмун.
Силер љзєњљр билесињер, љзємдєн да, жанымдагылардын да муктаждыгы єчєн љз колум менен эмгектендим.
Ушинтип эмгектенип, алсыздарга жардам берєє керек экендигин, Ыйса Тењирдин “Алганга караганда берген жакшы” деген сљзєн унутпоо керек экендигин бардык жагынан кљрсљттєм».
Бул сљздљрдє айткандан кийин, ал тизе бєгєп, бардыгы менен чогуу сыйынды.
Бардыгы аябай ыйлап, Пабылды мойнунан кучактап љпкєлљштє.
Аларды Пабылдын «Мени мындан кийин кљрбљйсєњљр» деген сљзє љзгљчљ кайгыртты. Андан кийин алар аны кемеге чейин узатып барышты.
Толкования стиха Скопировать ссылку Скопировать текст Добавить в избранное
Библ. энциклопедия Библейский словарь Словарь библ. образов Практическая симфония
Цитата из Библии каждое утро
TG: t.me/azbible
Viber: vb.me/azbible