Скрыть
3:4
3:6
3:8
3:10
3:12
3:13
3:16
3:17
3:18
3:19
3:21
3:22
3:23
3:24
3:25
3:26
Жєйєт падышасы Жошапаттын падышачылыгынын он сегизинчи жылында Ахап уулу Жорам Ысрайылга падыша болуп, Самарияда он эки жыл падышачылык кылды.
Ал Тењирге жакпаган иштерди кылды, бирок атасы менен энесинчелик кылган жок. Ал атасы жасаган Баалдын айкелин алып салды.
Бирок ысрайылдыктарды кєнљљгљ батырган Небат уулу Жаробамдын кєнљљлљрєн кайталап, алардан баш тарткан жок.
Маап падышасы Мейша малга бай эле. Ал Ысрайыл падышасына жыл сайын жєз мињ кыркылбаган кой жана жєз мињ кыркылбаган кочкор жиберип турчу.
Бирок Ахап љлгљндљн кийин, Маап падышасы Ысрайыл падышасынан бљлєнєп кетти.
Ошол убакта Жорам падыша Самариядан чыгып, ысрайылдыктардын баарын карап чыкты.
Жєйєт падышасы Жошапатка киши жиберип: «Маап падышасы менден бљлєнєп кетти, Маапка каршы согушууга мени менен барасыњбы?» – деп айттырды. Ал: «Барам, сен кандай болсоњ, мен да ошондоймун, сенин элињ кандай болсо, менин элим да ошондой, сенин аттарыњ кандай болсо, менин аттарым да ошондой», – деди.
Анан: «Кайсы жол менен барышыбыз керек?» – деп сурады. Тиги: «Эдом чљлє аркылуу», – деди.
Ошондо Ысрайылдын, Жєйєттєн, Эдомдун падышалары жљнљштє. Алар айланып баруучу жол менен жети кєн жєрєштє, алардын артындагы аскерлерине да, малына да ичкенге суу жок эле.
Ошондо Ысрайыл падышасы: «Тењир бул єч падышаны мааптыктардын колуна салып бергени чакырган турбайбы!» – деди.
Бирок Жошапат: «Бул жерде Тењирдин пайгамбары барбы? Ал аркылуу Тењирдин эркин сурайт элек», – деди. Ысрайыл падышасынын бир кызматчысы мындай деп жооп берди: «Бул жерде Шапаттын уулу Элиша бар, ал Илиястын колуна суу куюп берчє».
Жошапат: «Анда Тењирдин сљзє бар», – деди. Ошондо Ысрайыл падышасы, Жошапат жана Эдом падышасы ага барышты.
Элиша Ысрайыл падышасына: «Менден сага эмне керек? Атањ менен энењдин пайгамбарларына бар», – деди. Ысрайыл падышасы ага: «Жок, андай дебе, анткени Тењир бул єч падышаны бул жерге Мааптын колуна салып берєє єчєн чакырды», – деди.
Элиша ага: «Мен алдында турган Себайот Тењир тирєє! Эгерде мен Жєйєт падышасы Жошапатты сыйлабасам, анда сага кљњєл буруп да, карап да коймок эмесмин.
Эми мага гусли черткен адамды чакыргыла», – деди. Ал гусли чертип жатканда, Тењирдин колу Элишанын єстєндљ болду.
Анан ал мындай деди: «Тењир мындай дейт: “Ушул љрљљнгљ ањгек артынан ањгек казгыла”.
Анткени Тењир мындай дейт: “Шамалды да, жаанды да кљрбљйсєњљр, бирок бул љрљљнгљ суу толуп, андан љзєњљр да, майда жана бодо малыњар да ичет”.
Бирок Тењирдин алдында бул да аздык кылат. Ал силердин колуњарга мааптыктарды да салып берет.
Ошондо силер алардын бардык чептєє шаарлары менен башкы шаарларын талкалайсыњар, бардык мыкты дарактарын кыйып, бардык суу башаттарын бљгљйсєњљр жана бардык мыкты талаа аянттарына таш ыргытып бузасыњар».
Эртењ менен нан курмандыгын тартуулап жаткан учурда, кєтєлбљгљн жерден Эдом тараптан суу келип, жер сууга толуп кетти.
Мааптыктар падышалардын согушканы келе жатышканын угушканда, кур курчанганынан чоњуна чейин, баары чогулуп, чек арада турушту.
Алар эртењ менен эрте турушту. Кєн суу єстєнљ жарыгын тљккљндљ, мааптыктарга суу алыстан кан сымал кыпкызыл болуп кљрєндє.
Ошондо алар: «Бул – кан. Падышалар љз ара согушуп, бири-бирин кырып салышкан турбайбы. Маап, эми олжого!» – дешти.
Ошентип, алар Ысрайыл кошуунуна келишти. Ошондо ысрайылдыктар кљтљрєлєп, мааптыктарга сокку урушту, мааптыктар ысрайылдыктардан качышты. Ысрайылдыктар болсо мааптыктарды кыйратып жєрєп отурушту.
Алар шаарларды талкалашты, талаанын жакшы жерлеринин баарына ар бири бирден таш ыргытып, таш толтуруп салышты. Суу башаттарынын бардыгын бљгљштє, бардык жакшы дарактарын кыйып салышты, таш дубалдуу Кир-Харесет гана калды. Аны да салмоорчулар тегеректеп, бузуп салышты.
Маап падышасы љзєнєн согушта жењиле баштаганын кљрєп, Эдом падышасына жарып љтєп барыш єчєн, жанына кылыч чапканды билген жети жєз кишини алды, бирок љтљ алган жок.
Ошондо ал љзєнєн ордуна падыша боло турган тун уулун алып, аны дубалдын єстєндљ бєтєндљй љрттљлєєчє курмандыкка чалды. Алар ысрайылдыктарды абдан ачуулантышты. Ошондо ысрайылдыктар мааптыктар менен согушканын токтотушуп, љз жерине кайтышты.
Толкования стиха Скопировать ссылку Скопировать текст Добавить в избранное
Библ. энциклопедия Библейский словарь Словарь библ. образов Практическая симфония
Цитата из Библии каждое утро
TG: t.me/azbible
Viber: vb.me/azbible