Скрыть
1:3
1:5
1:6
1:7
1:11
1:13
1:14
1:15
1:16
Ахап љлгљндљн кийин, Маап Ысрайылдан бљлєнєп кетти.
Ахазай Самариядагы љз єйєнєн єстєнкє бљлмљсєнєн терезесинин тосмосунан жыгылып, ооруп жатып калды. Ошондо ал элчилерин мындай деп жљнљттє: «Баргыла, Экрон кудайы Белзебулдан сурагыла: Мен ушул оорудан айыгамбы?»
Ошондо Тењирдин периштеси тишпилик Илияска мындай деди: «Тур, Самария падышасы жиберген элчилердин алдынан чыгып, аларга мындай деп айт: “Экрон кудайы Белзебулдан сураганы баргыдай, эмне, Ысрайылда Кудай жокпу?
Ошон єчєн Тењир: “Жаткан тљшљгєњдљн турбайсыњ, љлљсєњ”, – дейт». Илияс жљнљп кетти.
Анан элчилер Ахазайга кайтып келишти. Ахазай алардан: «Силер эмне кайтып келдињер?» – деп сурады.
Алар ага: «Алдыбыздан бир киши чыгып, бизге мындай деди: “Силерди жиберген падышањарга кайра кайрылып барып, ага айткыла: Тењир мындай дейт: «Экрондун кудайы Белзебулдан сураганы жибергидей, эмне, Ысрайылда Кудай жокпу? Ошон єчєн сен жаткан тљшљгєњдљн турбайсыњ, љлљсєњ»”», – деп жооп беришти.
Ошондо ал алардан: «Силердин алдыњардан чыгып, ушул сљздє айткан адамдын сырткы кљрєнєшє кандай экен?» – деп сурады.
Алар ага: «Ал тєктєє кийим кийген, белин кайыш кур менен курчаган киши экен», – деп жооп беришти. Ошондо ал: «Ал – тишпилик Илияс», – деди.
Анан ал ага элєє кишиси менен элєє башыны жиберди. Ал тоонун башында отурган Илияска барып: «Кудайдын кишиси, падыша сени тєшсєн, – дейт», – деди.
Илияс элєє башыга: «Эгерде мен Кудайдын кишиси болсом, анда асмандан от тєшєп, сени да, элєє кишињди да љрттљп кетсин», – деп жооп берди. Ошондо асмандан от тєшєп, аны элєє кишиси менен кошо љрттљп кетти.
Падыша ага башка элєє кишини элєє башы менен жљнљттє. Ал ага: «Кудайдын кишиси, падыша сени тезирээк тєшсєн дейт», – деди.
Илияс ага: «Эгерде мен Кудайдын кишиси болсом, анда асмандан от тєшєп, сени да, элєє кишињди да љрттљп кетсин», – деп жооп берди. Ошондо асмандан Кудайдын оту тєшєп, аны элєє кишиси менен кошо љрттљп кетти.
Yчєнчє жолу да элєє башыны элєє кишиси менен жиберди. Єчєнчє элєє башы тоого чыгып, Илиястын алдына келип, тизелеп: «Кудайдын кишиси! Менин жана ушул элєє кулуњдун жанын бааласањ экен.
Асмандан от тєшєп, мурдагы эки элєє башыны элєєдљн кишиси менен љрттљп кетти. Бирок менин жанымды бааласањ экен!» – деп жалынды.
Ошондо Тењирдин периштеси Илияска: «Аны менен бирге бар, андан коркпо», – деди. Ал туруп, аны менен падышага барды.
Илияс ага: «Тењир мындай дейт: “Ысрайылда Кудай жок болгонсуп, Кудайдан сурабастан, элчилерди жиберип, Экрон кудайы Белзебулдан сураганыњ єчєн, жаткан тљшљгєњдљн турбайсыњ, љлљсєњ”», – деди.
Тењирдин Илияс аркылуу айткан сљзє боюнча Ахазай љлдє. Анын баласы жок болгондуктан, Жєйєт падышасы Жошапат уулу Жорамдын падышачылыгынын экинчи жылында бир тууганы Жорам такка отурду.
Ахазайдын башка иштери Ысрайыл падышаларынын тарых китебинде баяндалып жазылган.
Толкования стиха Скопировать ссылку Скопировать текст Добавить в избранное
Библ. энциклопедия Библейский словарь Словарь библ. образов Практическая симфония
Цитата из Библии каждое утро
TG: t.me/azbible
Viber: vb.me/azbible