Скрыть
20:1
20:4
20:5
20:8
20:11
20:13
20:16
20:18
20:19
20:21
20:22
20:24
20:25
20:26
20:27
20:28
20:32
20:37
Ошондон кийин мааптыктар менен амондуктар жана Маон љлкљсєнєн айрым адамдары Жошапат менен согушууга жљнљштє.
Жошапатка: «Дењиздин ары жагынан, Сириядан сага каршы аттанган кара кол келе жатат, алар Хасатсон-Тамарга, башкача айтканда, Эйин-Гедиге келип калышты», – деп айтып келишти.
Ошондо Жошапат коркуп, Тењирди издеш єчєн жєзєн бурду жана бєткєл Жєйєт аймагына орозо жарыялады.
Жєйєттљр Тењирден жардам суроого жыйналышты. Алар Жєйєттєн бардык шаарларынан келип, жалынып-жалбарып, Тењирден жардам сурашты.
Жошапат Тењир єйєнєн жањы короосунун алдында, жєйєттљр менен иерусалимдиктердин арасында туруп, мындай деди:
«Тењир, ата-бабаларыбыздын Кудайы! Асмандагы Кудай Сенсињ. Бардык элдердин падышачылыгына бир Љзєњ бийлик кыласыњ, кєч да, кубат да Љзєњдєн колуњда, Сага каршы чыккан эч ким туруштук бере албайт!
Кудайыбыз, Љз элињ Ысрайылдын алдынан ушул жердин элин кууп чыккан, ал жерди Љзєњдєн досуњ Ыбрайымдын тукумуна тєбљлєккљ берген Сен эмес белењ!
Алар бул жерге отурукташып, Сенин ысымыња арнап ыйык жай куруп, мындай дешкен:
“Биздин башыбызга мєшкєл тєшкљндљ: жазалоочу кылыч, же жугуштуу оору, же ачарчылык тєшкљндљ, биз ушул єйгљ, Сенин алдыња келебиз, анткени бул єйдљ Љзєњдєн ысымыњ турат. Кыйын-кысталышта биз Сени чакырсак, Сен биздин єнєбєздє угуп, куткарып каласыњ”.
Азыр бул жерге амондуктар, мааптыктар жана Сеир тоосунда жашагандар келишти. Ысрайылдыктар Мисирден чыгып келе жатканда, Сен булардын жеринен љтпљгєлљ дегенсињ, ошондуктан алар айланып љтєп, буларды тукум курут кылган эмес.
Эми алар ошол жакшылыгыбызга жамандык менен жооп берип жатышат. Љзєњ бизге мурастап берген, Љзєњ ээлик кылган жерден бизди кууп чыкканы келишти.
Кудайыбыз! Буларды Љзєњ жазала. Анткени бизди каптап келе жаткан бул кара колго каршы турууга биздин кєчєбєз жетпейт, эмне кыларыбызды билбейбиз, бирок биздин кљзєбєз Сенде!»
Бєт Жєйєт эли бала-бакырасы, аялдары, эр жигиттери менен Тењирдин алдында турушту.
Ошондо жамааттын ортосунда турган леби Жахазиелге Тењирдин Руху тєштє. Жахазиел – Захариянын уулу, Захария – Бенаянын уулу, Беная – Жейелдин уулу, Жейел – Асаптын уулдарынан чыккан Матаниянын уулу.
Ошондо ал мындай деди: «Жєйєттљр, Иерусалим тургундары жана падыша Жошапат, баарыњар уккула! Тењир силерге мындай дейт: “Коркпогула, каптап келе жаткан кара колдон єрљйєњљр учпасын, анткени бул согуш силердики эмес, Кудайдыкы.
Эртењ аларга каршы чыгасыњар. Азыр алар Сис дљњсљљсєнљ чыгып келе жатышат, силер аларды љрљљндєн аягынан, Жеруел чљлєнєн алдынан табасыњар.
Бул жолу силер согушпайсыњар. Силер карап тургула, Тењирдин силерге жиберген куткаруусун кљрљсєњљр. Жєйєт менен Иерусалим! Коркпогула да єрљйєњљрдє учурбагыла! Эртењ аларга каршы чыгасыњар, Тењир силер менен болот”».
Жошапат жерге жете таазим этти. Жєйєт эли менен Иерусалим тургундары да Тењирге таазим кылып, Анын алдына жыгылышты.
Каат уулдары менен Корак уулдарынан чыккан лебилер туруп, катуу єн менен Ысрайылдын Кудай-Тењирин мактап ырдашты.
Алар эртењ менен эрте туруп, Текоя чљлєнљ бет алышты. Алар жолго чыкканда, Жошапат љйдљ туруп, мындай деди: «Жєйєттљр менен Иерусалим тургундары, мени уккула! Љзєњљрдєн Кудай-Тењирињерге ишенгиле, бекем тургула. Анын пайгамбарларына ишенгиле, ошондо ийгиликке жетесињер».
Ал эл менен кењешип, Тењирге ырдай турган ырчыларды койду. Аларды куралдуу аскерлердин алдында ыйыктыкты сактап: «Тењирди дањктагыла, анткени Анын ырайымы тєбљлєктєє!» – деп Тењирди дањазаласын деп койду.
Алар Тењирди дањктап, дањазалап бара жатканда, Тењир Жєйєт аймагындагыларга каршы келе жаткан амондуктар менен мааптыктардын жана Сеир тоосунда жашагандардын ыркын кетирип, ортосуна бєлєк тєшєрдє. Алар кырылып калышты.
Анткени амондуктар менен мааптыктар Сеир тоосунда жашагандарга каршы чыгышып, аларды љлтєрєштє. Аларды кырып бєткљндљн кийин, бири-бирин кырып салышты.
Жєйєттљр чљлдљгє дљбљгљ келгенде, калыњ колду карашса, љлєктљр экен, бир да тирєє жан калбаптыр.
Жошапат эли менен олжону алганы келди. Алар абдан кљп мал-мєлк, кийим-кече, кымбат баалуу асыл буюмдарды алышты. Олжонун кљптєгєнљн кљтљрљ албай жатышты. Олжо ушунчалык кљп болгондуктан, алар аны єч кєн ташышты.
Ал эми тљртєнчє кєнє Бата љрљљнєнљ чогулуп, Тењирди дањкташты. Ошондуктан ал жерди бєгєнкє кєнгљ чейин Бата љрљљнє дешет.
Жошапат башында турган Жєйєт аймагындагылар менен иерусалимдиктер Иерусалимге кубаныч менен кайтышты, анткени Тењир аларга душманынын єстєнљн жењиш берди.
Алар Иерусалимдеги Тењирдин єйєнљ арфа, лира, сурнай менен келишти.
Жер жєзєндљгє бардык падышачылыктар Ысрайылдын душмандары менен Тењир Љзє салгылашканын угушканда, Кудайдан коркуп калышты.
Ошентип, Жошапаттын падышачылыгы тынчтанып калды. Анын Кудайы ага туш тарабынан тынчтык берди.
Жошапат Жєйєт аймагына мына ушундай падышачылык кылды. Ал падыша болуп такка отурганда, отуз беш жашта эле. Ал Иерусалимде жыйырма беш жыл падышачылык кылды. Анын энесинин аты – Азуба, ал – Шилхинин кызы.
Ал љз атасы Асанын жолу менен жєрєп, анын жолунан оњго да, солго да кыйшайган жок, Тењирге жаккан иштерди кылды.
Бирок бийик жерлердеги бутканалар гана жок кылынган жок, эл да ата-бабаларынын Кудайына жєрљктљрєн толугу менен бура элек эле.
Жошапаттын алгачкы жана акыркы иштери Ханани уулу Жейунун жазууларында жазылган, алар Ысрайыл падышаларынын китебине киргизилген.
Бирок ошондон кийин Жєйєт падышасы Жошапат мыйзамсыз иштерди кылган Ысрайыл падышасы Ахазай менен келишим тєздє.
Аны менен келишим тєзгљнєнєн себеби Таршышка жљнљтєш єчєн, кемелерди жасатуу керек эле. Кемелерди алар Этсион-Геберде жасашты.
Марейшадан чыккан Додабайдын уулу Элиезер Жошапатка пайгамбарчылык кылып: «Ахазай менен келишим тєзгљндєгєњ єчєн, Тењир кылган ишињди талкалайт», – деди. Ошондо кемелери талкаланып, Таршышка бара албай калышты.
Толкования стиха Скопировать ссылку Скопировать текст Добавить в избранное
Библ. энциклопедия Библейский словарь Словарь библ. образов Практическая симфония
Цитата из Библии каждое утро
TG: t.me/azbible
Viber: vb.me/azbible