Скрыть
11:3
11:5
11:7
11:8
11:9
11:10
11:11
11:12
11:13
11:16
11:19
11:23
Рехабам Иерусалимге келип, Ысрайыл менен согушуп, падышачылыгын кайрып алыш єчєн, Жєйєт менен Бенжеминдин тукумунан жєз сексен мињ тандамал аскер жыйнады.
Кудайдын кишиси Шемаяга Тењирден мындай деген сљз айтылды:
«Жєйєт падышасы, Сулаймандын уулу Рехабамга жана Жєйєт менен Бенжемин тукуму болгон бєт ысрайылдыктарга мындай дегин:
Тењир мындай деп айтты де: “Бир туугандарыњарга каршы чыкпагыла, алар менен согушпагыла. Ар кимињер љз єйєњљргљ кайткыла, анткени муну Мен кылып жатам”». Алар Тењирдин айтканына тил алып, Жаробамга каршы барбай, єйлљрєнљ кайтышты.
Рехабам Иерусалимде жашап турду. Ал Жєйєт аймагынын шаарларын дубалдар менен курчады.
Жєйєт аймагындагы жана Бенжеминдеги шаарларды: Бейт-Лехемди, Эйтамды, Текояны,
Бейт-Сурду, Сохону, Адуламды,
Гатты, Марейшаны, Зупту,
Адорайымды, Лакишти, Азейканы,
Сораны, Айалонду, Хебронду чыњдады.
Ал бул шаарлардын чептерин бекемдеп, аларга башчыларды койду жана дан азыктары, дарак майлары менен шараптар єчєн кампаларды курду.
Ар бир шаарга калкандарды, найзаларды берип, абдан бекемдеди. Анын карамагында Жєйєт менен Бенжемин калды.
Ысрайыл жеринде турган ыйык кызмат кылуучулар менен лебилер ар тараптан ага келип кошулушту.
Анткени лебилер шаарлардын жанындагы љздљрєнєн жайыттарын жана ээлик жерлерин таштап, Жєйєт аймагына жана Иерусалимге келишти. Аларды Жаробам менен анын уулдары Тењирге кызмат кылуудан четтетип,
Жаробам љзє жасаган бийик жерлердеги бутканаларга да, текелерге да, букачарларга да буткана кызматчыларын койгон болчу.
Лебилердин артынан Ысрайылдын бардык урууларынын ичинен Ысрайылдын Кудай-Тењирин издеш єчєн жєрљгєн бургандар ата-бабаларынын Кудай-Тењирине курмандык чалыш єчєн Иерусалимге келишти.
Алар жєйєттљрдєн падышачылыгын бекемдеп, Сулаймандын уулу Рехабамды єч жыл колдошту, анткени алар єч жыл Дљљт менен Сулаймандын жолун жолдошту.
Рехабам Дљљттєн уулу Жеримоттун кызы Махалатты аялдыкка алды. Махалаттын энеси Жышайдын уулу Элийаптын кызы Абикейил эле.
Абикейил ага Жейуш, Шемария, Заама деген уулдарды тљрљп берди.
Андан кийин ал Абышаломдун кызы Мааханы алды. Ал аялы ага Абиям, Атай, Зиза жана Шеломит деген балдарды тљрљп берди.
Рехабам бардык аялдары менен кєњ аялдарынын ичинен Абышаломдун кызы Мааханы жакшы кљрчє. Рехабамдын он сегиз аялы жана алтымыш кєњ аялы болгон, алардан жыйырма сегиз уул жана алтымыш кыз тљрљлгљн.
Рехабам Мааханын уулу Абиямды бир туугандарынын єстєнљн єй башчысы жана тљрљ кылып койду, анткени аны падыша кылгысы келди.
Рехабам акыл менен иш жєргєзєп, бардык уулдарын Жєйєт жана Бенжемин жерлерине, чептєє шаарларга жайгаштырып, аларга кљп мєлк берип, кљп аял алып берди.
Толкования стиха Скопировать ссылку Скопировать текст Добавить в избранное
Библ. энциклопедия Библейский словарь Словарь библ. образов Практическая симфония
Цитата из Библии каждое утро
TG: t.me/azbible
Viber: vb.me/azbible