Скрыть
2:1
2:6
2:9
2:13
2:14
2:16
2:18
2:19
2:20
2:21
2:23
2:25
2:29
2:30
2:36
2:38
2:40
2:41
2:42
2:43
2:46
Дљљт љлљр кєнє жакындап калганда, уулу Сулайманга мындай керээз айтты:
«Мына, мен бардык адамдар баруучу жайга кеткени жатам, сен болсо бекем, кайраттуу бол.
Эмне гана кылба, бардык нерседе, кайда гана барба, бардык жерде акыл-эстєє болушуњ єчєн, Кудай-Тењирињдин Мусанын мыйзамында жазылган мыйзамдарын, буйруктарын, кљрсљтмљлљрєн, осуяттарын аткар, Анын жолдору менен жєр, Анын келишимин сакта.
Тењир Љзєнєн мен жљнєндљ айткан сљзє аткарылышы єчєн мындай деген эле: “Эгерде сенин уулдарыњ чын жєрљктљн, жан-дили менен Менин алдымда туура жєрєє єчєн, љздљрєнєн жолдоруна кљз салып жєрсљ, анда сенин тукумуњдан Ысрайылдын тагында отурган адам єзєлбљйт”.
Серуянын уулу Жойаптын мага эмне кылганын, Ысрайылдын эки аскер башчысы Нейир уулу Абенер менен Жетер уулу Амасага эмне кылганын, бейпил убакта кан тљгєп, аларды кандай љлтєргљнєн, белиндеги курун, бутундагы бут кийимин канга боёгонун билесињ.
Ошондуктан акылга салып иш кыл, анын ак чач башын љлгљндљр жаткан жайга тынчтык менен жљнљтпљ.
Ал эми гилаттык Барзелай уулдарына жакшылык кыл, алар сенин дасторконуњдан тамактангандардын арасында болсун, анткени агањ Абышаломдон качып жєргљнємдљ, алар мага жардамга келишкен.
Сенде Бенжемин уруусундагы бакуримдик Гейранын уулу Шемей да бар. Мен Маханайимге бара жатканда, ал мени абдан жаман сљздљр менен тилдеген. Бирок ал мени Иордандын жанынан тосуп чыкканда, мен ага Тењир менен: “Мен сени кылычтап љлтєрбљйм”, – деп ант берип койгом.
Сен болсо аны жазасыз калтырба, анткени сен акылдуу адамсыњ, ага эмне кылышты билесињ, анын ак чач башын љлгљндљр жаткан жайга канга боёп жљнљт».
Ошентип, Дљљт ата-бабаларына кошулду. Анын сљљгє Дљљттєн шаарына коюлду.
Дљљт Ысрайылга кырк жыл падышачылык кылды. Ал жети жыл Хеброндо, отуз єч жыл Иерусалимде падышачылык кылды.
Сулайман атасы Дљљттєн тагына отурду, анын падышачылыгы абдан бекем болду.
Падышанын Кагыттан тљрљлгљн уулу Адония Сулаймандын энеси Бат-Шебага келди. Бат-Шеба: «Тынчтык менен келдињби?» – деп сурады. Адония болсо: «Тынчтык менен», – деп жооп берди.
Анан мындай деди: «Сага айтчу сљзєм бар». Бат-Шеба ага: «Айта бер», – деди.
Адония мындай деди: «Сен билесињ, падышачылык мага таандык эле. Бєт Ысрайыл мени љздљрєнєн падышасы катары карачу, бирок падышачылык менден четтеп, менин бир тууганыма тийди, анткени бул Тењирден болду.
Эми сенден бир нерсе сурайын, жок дей кљрбљ». Ал ага: «Айт», – деди.
Адония: «Сулайман падыша менен сєйлљш, суранам сенден, анткени ал сага жок дебейт, шунамдык Абишаганы мага аялдыкка берсин», – деди.
Бат-Шеба мындай деди: «Болуптур, сен жљнєндљ падыша менен сєйлљшљйєн».
Бат-Шеба Адония жљнєндљ сєйлљшєє єчєн, Сулайман падышага кирди. Падыша ордунан тура калып таазим кылды да, тагына кайра отурду. Падышанын энесине да такты коюшту, ал анын оњ жагына отуруп, мындай деди:
«Сага бир кичине љтєнєч менен келдим, жок дебе», – деди. Падыша ага: «Сурагын, энеке, сага кантип жок дейин», – деди.
Энеси ага: «Бир тууганыњ Адонияга шунамдык Абишаганы аялдыкка бер», – деди.
Сулайман падыша энесине: «Шунамдык Абишаганы эмне єчєн Адонияга сурап жатасыњ? Анда ага падышачылыкты да кошо сура, анткени ал менин улуу агам, ыйык кызмат кылуучу Абыйатар менен Серуянын уулу Жойап – анын достору», – деп жооп берди.
Анан Сулайман Тењир менен мындай деп ант берди: «Адония ушул сљзє єчєн љз љмєрє менен жооп бербей турган болсо, анда Кудай мени жазаласын, катуу жазаласын.
Мени бекемдеп, атам Дљљттєн тагына отургузган, Љзє айткандай, мага жана менин тукумума падышачылыкты берген Тењир тирєє! Адония ушул кєнє љлєшє керек».
Анан Сулайман падыша Жойаттын уулу Бенаяны жиберди, ал Адонияны љлтєрдє. Ошентип, ал љлдє.
Ал эми ыйык кызмат кылуучу Абыйатарга падыша: «Љз жерињ Анатотко кет. Сен љлємгљ татыктуусуњ, бирок азыр мен сени љлтєрбљйм, анткени сен атам Дљљттєн алдында Эгедер Тењирдин келишим сандыгын кљтљрєп жєргљнсєњ, атам тарткан азапты сен да тарткансыњ», – деди.
Сулайман Абыйатарды Тењирге ыйык кызмат кылуудан четтетти. Ошентип, Тењирдин Шилодо Эйлинин тукуму жљнєндљ айткан сљзє аткарылды.
Бул жљнєндљ Жойапка да жетти. Ал Сулайман жакка ообой, Адония жакка оогон эле. Ошондуктан Жойап Тењирдин жыйын чатырына качып барып, курмандык чалынуучу жайдын мєйєздљрєн кармады.
Жойаптын Тењирдин жыйын чатырына качып барып, курмандык чалынуучу жайдын жанында турганын Сулайман падышага билдиришти. Сулайман Жойат уулу Бенаяны: «Барып, аны љлтєр», – деп жиберди.
Беная Тењирдин жыйын чатырына келип, ага мындай деди: «Падыша сага: “Бери чык”, – деп жатат». Жойап болсо: «Жок, мен ушул жерде љлгєм келет», – деди. Беная падышага: «Жойап ушинтип айтты, мага ушинтип жооп берди», – деп жеткирди.
Падыша ага мындай деди: «Аны љзє айткандай кылып љлтєрєп, кљргљ кой. Жойап тљккљн кєнљљсєз канды менин жана атамдын тукумунун мойнунан алып ташта.
Љзєнљн мыкты, айыпсыз эки жоокерди љлтєргљндєгє єчєн, алардын каны анын мойнунда болсун. Ал атам Дљљткљ билдирбей, Ысрайылдын аскер башчысы Нейир уулу Абенерди жана Жєйєттєн аскер башчысы Жетер уулу Амасаны кылычтап љлтєргљн.
Алардын каны тєбљлєккљ Жойаптын жана анын тукумунун мойнунда болсун, ал эми Дљљткљ, анын тукумуна, єй-бєлљсєнљ, тагына Тењирден тєбљлєккљ тынчтык болсун!»
Жойат уулу Беная барды да, Жойапты кылыч менен сайып љлтєрдє. Ал чљлдљгє љз єйєнљ коюлду.
Сулайман падыша Жойат уулу Бенаяны Жойаптын ордуна аскер башчы койду. Ыйык кызмат кылуучу Садокту болсо Абыйатардын ордуна койду.
Падыша Шемейди чакыртып, ага мындай деди: «Иерусалимге єй салып, ушул жерде жаша, бул жерден эч жакка чыкпа.
Билип кой, чыккан кєнє, Кидрон суусунан љткљн кєнє сљзсєз љлљсєњ. Љз каныњ љз мойнуњда болот».
Шемей падышага мындай деди: «Жакшы болот, мырзам падыша кандай буйруса, кулуњ ошондой аткарат». Ошентип, Шемей Иерусалимде кљпкљ жашады.
Бирок єч жылдан кийин Шемейдин эки кулу Гат падышасы Мааханын уулу Акиштикине качып кетти. Шемейге: «Сенин кулдарыњ Гатта», – деп айтышты.
Шемей турду да, эшегин токуп, кулдарын издеп таап келєє єчєн, Гатка, Акиштикине жљнљдє. Гаттан Шемей кулдарын алып кайтып келди.
Шемейдин Иерусалимден чыгып, Гатка барып келгенин Сулайманга билдиришти.
Ошондо падыша Шемейди чакыртып, ага мындай деди: «“Билип кой, сен чыккан кєнє, бир жакка барган кєнє сљзсєз љлљсєњ”, – деп, Тењир менен ант бербедим беле? Сен мага: “Жакшы болот”, – дебедињ беле.
Эмне єчєн сен Тењир алдында ант берип айткан буйругумду аткарган жоксуњ?»
Анан падыша Шемейге мындай деп айтты: «Атам Дљљткљ жасаган жамандыгыњдын баарын билесињ, жєрљгєњ да билет. Ошол жамандыгыњды Тењир љз мойнуња салсын!
Ал эми Сулайманга Тењир батасын берсин! Тењир алдында Дљљттєн тагы тєбљлєккљ бекем болсун!»
Падыша Жойат уулу Бенаяга буйрук кылды. Ал барып, Шемейди љлтєрдє.
Толкования стиха Скопировать ссылку Скопировать текст Добавить в избранное
Библ. энциклопедия Библейский словарь Словарь библ. образов Практическая симфония
Цитата из Библии каждое утро
TG: t.me/azbible
Viber: vb.me/azbible