Скрыть
68:1
68:4
68:6
68:7
68:8
68:9
68:11
68:12
68:16
68:17
68:19
68:24
68:25
68:30
68:31
68:32
68:37
Ырчылар тобунун башчысына. Шошаним кєє аспабы менен. Дљљттєн забуру.
Кудай, мени куткар, анткени суулар менин жаныма чейин жетти.
Мен терењ сазга батып калдым, бут коёрго жер жок. Суунун терењ жерине кирдим, суунун шар агымы мени аласалдырып бара жатат.
Жардам сурагандан чарчадым, тамагым да кургап калды, Кудайымды кєтљ берип, кљзєм талыды.
Мени себепсиз эле жек кљргљндљр башымдагы чачымдан кљп. Мени адилетсиз куугунтукка алган душмандарым кєчљп кетти, мен алардын эч нерсесин тартып албасам да беришим керек экен.
Оо Кудай! Сен менин акылсыздыгымды билесињ, менин кєнљљм Сенден жашыруун эмес.
Тењирим, Себайот Кудай, Сенден ємєт кылгандардын баары мен єчєн уят болушпасын. Ысрайыл Кудайы, Сени издегендер мен єчєн шылдыњ болушпасын.
Анткени мен Сен єчєн жаманатты болуп жатам, бетиме кљљ жаап жатышат.
Љз бир туугандарыма жат киши болуп калдым, љз энемдин балдарына бљтљн болуп калдым.
Анткени Сенин єйєњљ болгон кызганыч мени жеп жатат, Сага тил тийгизгендердин суук тили мага тийип жатат.
Мен ыйлап орозо кармадым. Ушул єчєн да мени жамандап тилдешет.
Кийим ордуна зумбал кийсем, алар мени лакап кылып алышты.
Дарбаза жанында отургандар мени кеп кылып жатышат, шарап ичип отургандар мени ырга кошуп ырдап жатышат.
Бирок, Тењирим, мен Сага сыйынам. Кудайым, мени жакшы убакта Љзєњдєн эбегейсиз ырайымыњ менен, куткаруучу чындыгыњ менен ук!
Чљгєп кетпейин, мени сормо саздан сууруп чык. Жек кљргљндљрдљн жана терењ суулардан кутулайын.
Мени суу ташкыны агызып кетпесин, суунун ирими мени жутуп албасын, єстємдљгє туњгуюк љзєнєн оозун жаап салбасын.
Мага кулак сал, Тењирим, анткени Сенин ырайымыњ жакшы. Љзєњдєн улуу ырайымыњ менен мага назар сал.
Љз кулуњдан жєзєњдє жашырба, анткени мен кайгыга малындым. Мага кечиктирбей жооп бер.
Жаныма жакын кел, жанымды куткар. Мени душмандарым єчєн куткар.
Менин шылдыњ болгонумду, уят болгонумду, жаманатты болгонумду билесињ. Душмандарымдын баары Сага белгилєє.
Шылдыњ сљздљрє жєрљгємдє оорутту, алсырап калдым. Бирљљ кайгыма ортоктош болор бекен деп кєттєм, бирок андай болбоду; сооротуучуларды кєттєм, бирок таба албадым.
Тамакка љт кошуп беришти, суусаганымда, ачуу ичимдик ичиришти.
Дасторкону љздљрєнљ тор болсун, тынч љткљргљн тойлору љздљрєнљ тузак болсун.
Алардын кљздљрє карањгылап кљрбљй калсын, алардын белин тєбљлєккљ алсырат.
Аларга каарыњды тљк, аларды каарыњдын жалыны каптасын.
Yйлљрє ањгырап бош калсын, чатырларында эч ким жашабасын.
Анткени Сен жарадар кылганды алар да куугунтукка алышат. Сен жаралагандардын азаптарын арбытып жатышат.
Алардын кєнљљсєнљ кєнљљ кош, Сен аларды актаба.
Алар тирєєлљрдєн китебинен љчєрєлсєн, алардын аты адил адамдардын аттары менен бирге жазылбасын.
Мен болсо жардымын, азап тартып жатам, Кудайым, Сен мага жардам берип бекемде.
Мен љз Кудайымдын ысымын дањктап ырдайм, Аны дањазалайм.
Бул љгєзгљ караганда, мєйєздєє жана туяктуу букачарга караганда Тењирге кљбєрљљк жагат.
Муну запкы тарткандар кљрєп кубанышат. Кудайды издегендердин жєрљктљрє жанданат.
Анткени Тењир жакырларды угат, Љз туткундарын жек кљрбљйт.
Аны асман менен жер, дењиз жана анда жашагандардын бардыгы дањктасын.
Анткени Кудай Сион тоосун куткарат, Жєйєт шаарларын кайра тургузат, ошондо алар ал жерлерге отурукташышат, ал жерлерди ээлеп алышат.
Анын кулдарынын укум-тукуму ал жерди мурастайт, Анын ысымын сєйгљндљр ал жерге отурукташышат.
Толкования стиха Скопировать ссылку Скопировать текст Добавить в избранное
Библ. энциклопедия Библейский словарь Словарь библ. образов Практическая симфония
Цитата из Библии каждое утро
TG: t.me/azbible
Viber: vb.me/azbible