Скрыть
25:1
25:4
25:6
25:8
25:10
25:11
25:12
25:13
25:17
25:19
25:20
25:21
25:23
25:26
25:28
Булар да Жєйєт падышасы Хискиянын кишилери жыйнаган Сулаймандын накыл сљздљрє.
Кудайдын дањкы – ишти жашыруун кармоо, ал эми падышалардын дањкы – ишти изилдљљ.
Асмандын бийиктиги, жердин терењдиги жана падышалардын жєрљгє изилденгис.
Кємєштљн кошундуну ажырат, ошондо зергердин колунан идиш чыгат.
Падышадан адилетсиз адамды алыс кыл, ошондо анын тагы чындык менен бекемделет.
Падышалардын алдында љзєњдє жогору кљтљрбљ, улуу адамдардын ордуна турба.
Анткени сени кљзєњ кљргљн атактуу адамдардын алдында кемсинтишкенден кљрљ, сага: «Кел бул жерге, жогору љт», – деп айтышканы жакшы.
Талашып-тартышканга шашпа, атаандашыњ маскара кылса эмне болот?
Атаандашыњ менен талашып-тартыш, бирок уккан адам сени жемелебеши єчєн,
бирљљнєн жашыруун сырларын ачпа, болбосо љмєр бою маскара болуп љтљсєњ.
Орундуу сљз – жаркыраган кємєш идиштеги алтын алма.
Акылдуу ашкерелљљчє – кљњєл коюп уккан кулак єчєн алтын сљйкљ жана таза алтындан жасалган жасалга.
Оруу-жыюу маалында кар кошулган ичимдик кандай болсо, ишенимдєє элчи аны жиберген адам єчєн ошондой. Ал мырзасынын жєрљгєн кубантат.
Жалган белек менен мактанган адам жамгыры жок булут менен шамалдай.
Момундук тљрљнє ырайым кылууга тєртљт, жумшак тил сљљктє сындырат.
Сен бал таап алдыњбы? Канча керек болсо, ошончо же, ашыра тоюп алсањ, кусасыњ.
Досуњдун єйєнљ кайра-кайра эле бара бербе, болбосо ал сенден жадап, сени жек кљрєп калат.
Жакынына каршы жалган кєбљгљ љтєп, жалаа жапкан киши балкадай, кылычтай, курч жебедей.
Башка мєшкєл тєшкљн кєнє ишенимсиз адамга таянуу сынган тишке, алсыз бутка таянууга барабар.
Кайгылуу жєрљккљ ырдоо суук кєнє бирљљнєн чапанын чечип алганга, жарасына уксус куйганга барабар.
Душманыњ ачка болсо, нанга тойгуз, суусап турса, суусунун кандыр.
Анткени ушундай кылуу менен сен анын башына чок єйљсєњ. Ошондо Тењир сага тиешењди берет.
Тєндєктљн соккон шамал жамгыр жаадырат, ал эми ушакчынын сљзє нааразы жєздљрдє туудурат.
Ажаан аял менен зањгыраган єйдљ жашаганча, єйдєн чатырынын бир бурчунда жашаган жакшы.
Алыскы љлкљдљн келген жакшы кабар суусап алсыраган жанга муздак суу ичиргенге барабар.
Мыйзамсыздын алдында адил адамдын жыгылышы – булактын ылайланганындай, кудуктун бузулганындай.
Балды кљп жеген жакшы эмес, ошол сыяктуу эле сая кууп жеткен атак-дањк – атак-дањк эмес.
Љз рухун башкара албаган адам талкаланган, чепсиз шаарга окшош.
Толкования стиха Скопировать ссылку Скопировать текст Добавить в избранное
Библ. энциклопедия Библейский словарь Словарь библ. образов Практическая симфония
Цитата из Библии каждое утро
TG: t.me/azbible
Viber: vb.me/azbible