Скрыть
4:1
4:2
4:4
4:8
4:10
4:12
4:13
4:17
4:18
4:19
4:21
4:22
4:23
4:26
4:27
4:29
4:30
4:32
4:34
4:35
4:36
4:37
4:38
4:39
4:40
4:41
4:42
4:43
4:44
4:45
4:46
4:47
4:48
4:49
Тењир Муса менен Арунга мындай деди:
«Лебиден тараган Каат уулдарын уруусу, єй-бєлљсє боюнча санап чык.
Жыйын чатырындагы жумуштарды кылыш єчєн, кызмат кылууга жарактуу отуз жаштан элєє жашка чейинки эркектерин санап чык.
Каат уулдарынын жыйын чатырында кылган кызматы – ыйыктын ыйыгын кљтљрєп жєрєє.
Стан жолго чыгарда, Арун жана анын уулдары жыйын чатырына кирип, кљшљгљнє чечип алып, аны менен келишим сандыгын жабышсын.
Анан анын єстєнљ дењиз жаныбарынын терисинен жасалган жабууну жабышсын, анын єстєнљ ачык кљк жєндљн токулган жабуу жабышсын, анан шыргыйларын киргизишсин.
Нан тартуусу коюлуучу єстљлгљ ачык кљк жєндљн жасалган жабуу жабышсын, анын єстєнљ идиштерди, табактарды, кумгандарды жана куюлуучу курмандыкка арналган чљйчљктљрдє коюшсун, анын єстєндљ дайыма турчу нан да болсун.
Анан ушулардын єстєнљ кочкул кызыл тєстљгє жабуу жабышсын, анын єстєнљ дењиз жаныбарынын терисинен жасалган жабуу жабышсын, анан шыргыйларын киргизишсин.
Ачык кљк жєндљн жасалган жабуу менен чырактанды жана анын чырактарын, кычкачтарын, чырак љчєргєчтљрєн жана зайтун майы куюлган идиштерин жабышсын.
Чырактанды жана ага тиешелєє бардык нерселерди дењиз жаныбарынын терисинен жасалган жабуу менен жаап, замбилдерге салышсын.
Алтындан жасалган жыпар жыттуу зат тєтљтєлєєчє жайдын єстєнљ ачык кљк жєндљн жасалган жабуу жаап, анын єстєнљ дењиз жаныбарынын терисинен жасалган жабуу жаап, шыргыйларын киргизишсин.
Ыйык жайда кызмат кылганда колдонулуучу буюмдарды ачык кљк жєндљн жасалган жабууга ороп, анын єстєнљ дењиз жаныбарынын терисинен жасалган жабуу жаап, замбилдерге салышсын.
Анан курмандык чалынуучу жайдын кєлєн чыгарып, анын єстєнљ ачык кызыл тєстљгє жабуу жабышсын.
Анын єстєнљ кызмат кылганда колдонулуучу буюмдарды: чок салгычтарды, айрыларды, калактарды, чараларды, курмандык чалынуучу жайдын бардык идиштерин салып, дењиз жаныбарынын терисинен жасалган жабуу менен жаап, шыргыйларын киргизишсин.
Стан жолго чыгарда, Арун менен анын уулдары ыйык жайды жана анын бардык буюмдарын жаап бєткљндљн кийин, Кааттын уулдары аларды алып жљнљш єчєн келишсин, бирок ыйык жайга колдорун тийгизишпесин, болбосо љлєп калышат. Жыйын чатырынын бул буюмдарын Кааттын уулдары кљтљрєп жєрєшсєн.
Ыйык кызмат кылуучу Арундун уулу Элазарга чырактанга куюлуучу зайтун майы, тєтљтєлєєчє жыпар жыттуу зат, кєндљ алып келинєєчє нан курмандыгы, жыйын чатырына тиешелєє бардык нерселер тапшырылсын».
Тењир Муса менен Арунга мындай деди:
«Лебилердин ичинен Каат уруусун тукум курут болуудан сактагыла.
Алар ыйыктын ыйыгына жакын келгенде љлєп калбаш єчєн, мындай кылгыла: Арун менен анын уулдары келип, алардын кимиси эмнени кљтљрљрєн кљрсљтєп беришсин.
Бирок Арун жана анын уулдары ыйык жайды жаап жатышканда, алар љлєп калбаш єчєн, жакын келип карашпасын».
Тењир Мусага мындай деди:
«Гейиршон уулдарын да уруусу, єй-бєлљсє боюнча санап чык.
Жыйын чатырында кызмат кылганга жарактуу отуз жаштан элєє жашка чейинки эркектерин санап чык.
Алардын кылар кызматы жана кљтљрљр жєгє бул:
алар жыйын чатырынын жабууларын, жыйын чатырын, анын жабуусун, алардын єстєндљгє дењиз жаныбарынын терисинен жасалган жабууну жана жыйын чатырынын эшигиндеги кљшљгљнє,
жыйын чатыры менен курмандык чалынуучу жайдын тегерегиндеги жабууларды, короонун эшигиндеги кљшљгљнє, алардын аркандарын, аларга тиешелєє бардык буюмдарын кљтљрєп жєрєшсєн жана ушул буюмдарга тиешелєє жумуштарды аткарышсын.
Гейиршон уулдарынын кљтљрљ турган жєгє, аткара турган жумушу Арундун жана анын уулдарынын буйругу боюнча болсун. Аларга кљтљрєп жєргљн буюмдарын сактоону тапшыргыла.
Ыйык кызмат кылуучу Арундун уулу Итамар кљзљмљлдєк кылган Гейиршон уулдарынын жыйын чатырында кылар кызматы жана сактап жєрєєчє буюмдары мына ушулар.
Мерари уулдарын уруусу, єй-бєлљсє боюнча санап чык.
Жыйын чатырында кызмат кылганга жарактуу отуз жаштан элєє жашка чейинки эркектерин санап чык.
Алардын жыйын чатырында кыла турган кызматы мындай: жыйын чатырынын устундарын, мамыларын, шыргыйларын, таканычтарын,
короонун мамыларын, таканычтарын, казыктарын, аркандарын жана ага тиешелєє бардык нерселерин кљтљрєп жєрєшсєн. Алар кљтљрєп жєрєєгљ милдеттєє болгон буюмдардын аттарын атап санап чыккыла.
Ыйык кызмат кылуучу Арундун уулу Итамар кљзљмљлдєк кылган Мерари уулдарынын жыйын чатырындагы кылар кызматы ушул».
Анан Муса менен Арун жана Ысрайыл уулдарынын башчылары Каат уулдарын уруусу, єй-бєлљсє боюнча санап чыгышты.
Жыйын чатырында кызмат кылганга жарактуу отуз жаштан элєє жашка чейинки эркектерди санап чыгышты.
Аларды уруулары боюнча санап чыкканда, эки мињ жети жєз элєє болду.
Тењирдин буйругу боюнча Муса менен Арун санап чыккан Каат урууларынын ичинен жыйын чатырында кызмат кылгандары ушулар.
Анан Гейиршон уулдарын уруусу, єй-бєлљсє боюнча санап чыгышты.
Жыйын чатырында кызмат кылганга жарактуу отуз жаштан элєє жашка чейинки эркектерди санап чыгышты.
Аларды уруусу, єй-бєлљсє боюнча санап чыкканда, эки мињ алты жєз отуз болду.
Тењирдин буйругу боюнча Муса менен Арун санап чыккан Гейиршон урууларынын ичинен жыйын чатырында кызмат кылгандары ушулар.
Анан Мерари уулдарын уруусу, єй-бєлљсє боюнча санап чыгышты.
Жыйын чатырында кызмат кылганга жарактуу отуз жаштан элєє жашка чейинки эркектерди санап чыгышты.
Аларды уруусу, єй-бєлљсє боюнча санап чыкканда, єч мињ эки жєз болду.
Тењирдин буйругу боюнча Муса менен Арун санап чыккан Мерари урууларынын ичинен жыйын чатырында кызмат кылгандары ушулар.
Ошентип, Муса менен Арун жана Ысрайылдын уруу башчылары лебилерди уруусу, єй-бєлљсє боюнча санап чыгышты.
Алар жыйын чатырында кызмат кылууга жарактуу отуз жаштан элєє жашка чейинки жєк кљтљрљ турган эркектерди санап чыгышты.
Аларды санап чыкканда, сегиз мињ беш жєз сексен болду.
Муса Тењирдин буйругу боюнча алардын ар бирине кыла турган жумушун, кљтљрљ турган жєгєн дайындады жана Тењир буйругандай санап чыкты.
Толкования стиха Скопировать ссылку Скопировать текст Добавить в избранное
Библ. энциклопедия Библейский словарь Словарь библ. образов Практическая симфония
Цитата из Библии каждое утро
TG: t.me/azbible
Viber: vb.me/azbible