Скрыть
32:2
32:3
32:4
32:5
32:6
32:13
32:14
32:15
32:16
32:21
32:22
32:23
32:25
32:26
32:27
32:28
32:30
32:31
32:32
32:34
32:35
32:36
32:37
32:38
32:40
Рубейиндин уулдары менен Гаттын уулдарынын малы љтљ кљп эле. Алар Жазер жеринде да, Гилат жеринде да малга ылайыктуу жерлер бар экенин кљрєштє.
Анан Гаттын уулдары менен Рубейиндин уулдары Муса менен ыйык кызмат кылуучу Элазарга жана жамааттын тљрљлљрєнљ келип, мындай деп айтышты:
«Атарот, Дибон, Жазер, Нимра, Кешпон, Элалей, Сыбам, Небо жана Быйон жерлерин
Тењир Ысрайыл жамаатынын алдында кыйратып салган. Бул жерлер – малдын жайытына ылайыктуу жерлер. Кулдарыњдын болсо малы кљп.
Эгерде биз сенин алдыњда ырайым тапкан болсок, бул жерлерди љз кулдарыњдын карамагына бер. Бизди Иордан суусунан ары љткљрбљ».
Ошондо Муса Гаттын уулдары менен Рубейиндин уулдарына мындай деди: «Бир туугандарыњар согушка бара жатышса, силер бул жерде каласыњарбы?
Эмне єчєн силер Ысрайыл уулдарын Тењир берип жаткан жерге љткљрбљй айнытып жатасыњар?
Мен силердин ата-бабаларыњарды жерди кљрєп келиш єчєн Кадеш-Барнейиден жљнљткљндљ, алар да ушундай кылышкан.
Алар Эшкол љрљљнєнљ чейин барып, ошол жерди кљрєп келишкенден кийин, Тењир берип жаткан жерге Ысрайыл уулдары барбашы єчєн, аларды айнытышкан.
Ошол кєнє Тењирдин каары кайнап, мындай деп ант берген:
“Мисирден чыккан бул элдин жыйырма жана андан жогорку жаштагылары Мен Ыбрайымга, Ыскакка, Жакыпка берем деп убада кылган жерди кљрєшпљйт, себеби алар Мага баш ийбей коюшту.
Ал жерди Кеназдык Жепундун уулу Калеп менен Нундун уулу Жашыя гана кљрљт, анткени булар Тењирге баш ийишкен”.
Ысрайылга Тењирдин каары кайнап, аларды чљлдљ кырк жыл алып жєрдє. Алар Тењирдин алдында кєнљљ кылган бєт уруусу љлєп жок болгуча тентишти.
Мына азыр да, силер, кєнљљкљрлљрдєн тукуму, ата-бабањарга окшоп кљтљрєлєп чыгып, Ысрайылга Тењирдин каарын дагы кайнаттыњар.
Эгерде силер Тењирден баш тартсањар, анда Ал элди дагы чљлгљ калтырат, силер бул элди ушинтип курутасыњар».
Ошондо алар Мусага келип, мындай дешти: «Биз бул жерге малыбызга короо-сарайларды салабыз, балдарыбызга шаар курабыз.
Љзєбєз болсо биринчи болуп куралданып алып, Ысрайыл уулдарын љз жерине жеткирмейинче, алардын алдында барабыз. Ал жердин тургундары балдарыбызга коркунуч туудурбашы єчєн, аларды чептєє шаарларда калтырабыз.
Ысрайыл уулдарынын ар бири љз єлєшєн алмайынча, биз єйєбєзгљ кайтып келбейбиз.
Эгерде бизге Иордандын берки љйєзєнљн, чыгыш тараптан єлєш тийсе, анда биз Иордандын аркы љйєзєнљн жана андан аркы жерлерден алар менен бирге єлєш албайбыз».
Ошондо Муса аларга мындай деди: «Эгерде силер мындай кылсањар, эгерде Тењирдин алдында куралданып чыксањар,
силердин куралданган ар бир жоокерињер, Тењир Љзєнєн алдындагы душмандарын жок кылып бєтмљйєнчљ, Тењирдин алдында Иордандын аркы љйєзєнљ љтсљ,
Тењирдин алдында жер багынып берсе, ошондон кийин кайрылып келсењер, анда Тењирдин жана Ысрайыл элинин алдында кєнљљлєє болбойсуњар, ошондо бул жер Тењирдин алдында силердин энчињер болот.
Эгерде мындай кылбасањар, анда Тењирдин алдында кєнљљгљ баткан болосуњар, бул кєнљљњљр єчєн жазаланасыњар.
Балдарыњарга шаар, койлоруњарга короо-жай кургула, оозуњардан эмне чыкса, ошону жасагыла».
Ошондо Гаттын уулдары менен Рубейиндин уулдары Мусага мындай дешти: «Мырзабыз кандай буйруса, кулдарыњ ошондой кылышат.
Балдарыбыз, аялдарыбыз, бардык малыбыз ушул жерде, Гилат шаарларында калат.
Кулдарыњ болсо, мырзабыз айткандай, жоокерлердей куралданып, Тењирдин алдында согушка барат».
Ошондо Муса алар тууралуу ыйык кызмат кылуучу Элазарга, Нундун уулу Жашыяга жана Ысрайыл уулдарынын уруу башчыларына мындай деп буйрук берди:
«Гаттын уулдары менен Рубейиндин уулдарынын бардыгы куралданып, Тењирдин алдында силер менен бирге Иордандын аркы љйєзєнљ љтсљ, силердин алдыњарда жер багынып берсе, анда Гилат жерин алардын карамагына бергиле.
Эгерде алар силер менен бирге куралданып барышпаса, анда силер менен бирге Канаан жеринен єлєш алышат».
Ошондо Гаттын уулдары менен Рубейиндин уулдары мындай деп жооп беришти: «Тењир сенин кулдарыња кандай айтса, так ошондой кылабыз.
Биз Тењирдин алдында куралданып, Канаан жерине барабыз, биздин єлєшєбєз Иордандын бул љйєзє болсун».
Муса Гаттын уулдары менен Рубейиндин уулдарына, Жусуптун уулу Менашенин жарым уруусуна Амор падышасы Сихон падышачылык кылып турган жерлерди, Башан падышасы Ог падышачылык кылып турган жерлерди шаарлары менен, чет жакаларындагы айыл-кыштактары менен берди.
Гаттын уулдары Дибон, Атарот, Аройер,
Атрот-Шопан, Жазер, Жокпея,
Бейт-Нимра, Бейт-Аран деген бекем коргондуу шаарларды, койлорго короо-сарайларды курушту.
Рубейиндин уулдары Кешпон, Элалей, Кирийатайим деген шаарларды курушту.
Аттары љзгљртєлгљн Небо менен Баал-Мейонду, ошондой эле Сыбманы курушту. Алар љздљрє курган шаарларга ат коюшту.
Менашенин уулу Махирдин уулдары Гилатка барып, аны басып алып, ал жерде жашаган аморлуктарды кууп чыгышты.
Муса Менашенин уулу Махирге Гилатты берди, ал ошол шаарга отурукташты.
Менашенин уулу Жайыр барып, айыл-кыштактарын басып алып, аларды Жайырдын айыл-кыштактары деп атады.
Нобах да барып, Кенатты жана ага караштуу шаарларды басып алып, аларды љз атынан Нобах деп атады.
Толкования стиха Скопировать ссылку Скопировать текст Добавить в избранное
Библ. энциклопедия Библейский словарь Словарь библ. образов Практическая симфония
Цитата из Библии каждое утро
TG: t.me/azbible
Viber: vb.me/azbible