Скрыть
22:8
22:9
22:10
22:12
22:13
22:14
22:15
22:16
22:17
22:19
22:20
22:21
22:22
22:23
22:24
22:25
22:26
22:27
22:29
22:30
22:32
22:33
22:34
22:35
22:36
22:37
22:38
22:39
22:40
22:41
Ысрайыл уулдары жолго чыгышып, Жерихонун каршысындагы Иордан суусунун боюна, Маап тєздєгєнљ келип токтошту.
Сипордун уулу Балак Ысрайыл элинин аморлуктарга эмне кылганын кљрдє.
Маап эли бул элден абдан коркту, себеби элдин саны кљп эле. Маап эли Ысрайыл уулдарынан абдан коркту.
Ошондо мааптыктар Мидиан аксакалдарына мындай дешти: «Љгєз талаадагы чљптє кандай кайсаса, эми бул эл да биздин айланабызды ошондой кайсайт». Ошол убакта Сипордун уулу Балак Маап элинин падышасы болчу.
Ал Эфрат дарыясынын боюндагы Пытордо, љзєнєн элинин жеринде жашаган Бейордун уулу Биламды чакыртып мындай деп айттырыш єчєн элчилерди жиберди: «Мисир жеринен бир эл келип, жердин бетин каптап, менин жанымда жашап калды.
Келип, ушул элди каргап бер, анткени бул эл менден алда канча кєчтєє. Балким, бул элди кыйратып, жеримден кууп чыкканга ошондо кєчєм жетер. Сен кимге бата берсењ, ал бата аларын, кимди каргасањ, ал каргышка каларын мен билем».
Анан Маап аксакалдары менен Мидиан аксакалдары сыйкырчылык кылдырыш єчєн, белектерин кљтљрєп, Биламга келишип, Балактын айткан сљздљрєн ага айтып беришти.
Ошондо Билам аларга мындай деди: «Ушул жерге тєнљп калгыла. Тењир мага кандай айтса, силерге ошондой жооп берем». Маап аксакалдары Биламдыкында тєнљп калышты.
Кудай Биламга келип, мындай деп сурады: «Сеникинде тєнљп калган кайсы кишилер?»
Билам Кудайга мындай деп жооп берди: «Буларды мааптыктардын падышасы Сипордун уулу Балак мындай деп айттырыш єчєн мага жибериптир:
“Мисир жеринен бир эл келип, жер бетин каптап калды. Келип, бул элди каргап бер. Балким, мен ошондо булар менен согушууга жарап, жеримден кууп чыгармын”».
Ошондо Кудай Биламга мындай деди: «Булар менен барба, ал элди каргаба, анткени ал эл – бата алган эл».
Билам эртењ менен туруп, Балактын тљрљлљрєнљ мындай деди: «Жерињерге кете бергиле, анткени Тењир менин силер менен барышымды каалаган жок».
Маап тљрљлљрє ордуларынан туруп, Балакка келип, мындай дешти: «Билам биз менен келєєгљ макул болбой койду».
Балак алардан да атактуу, кадыр-барктуу тљрљлљрдє жиберди.
Алар Биламга келип, мындай дешти: «Сипордун уулу Балак: “Мага келбей койбо.
Сага чоњ сый кљрсљтљм, сен мага эмне айтсањ, ошонун бардыгын жасайм. Келип, бул элди каргап бер”, – деп жатат».
Балактын кулдарына Билам мындай деп жооп берди: «Балак мага алтын-кємєшкљ толгон єйєн берсе да, Кудай-Тењиримдин буйругун аттап, чоњ да, кичине да иш кыла албайм.
Ошентсе да, мында тєнљп калгыла. Тењир мага дагы эмне дээр экен, ошону билейин».
Кудай тєн ичинде Биламга келип, мындай деди: «Бул кишилер сени чакырып келсе, ордуњан туруп, булар менен жљнљ, бирок Мен айтканды гана кыл».
Билам эртеси эртењ менен туруп, эшегин токуп, Маап тљрљлљрє менен жљнљдє.
Анын кеткенине Кудай каарданды. Ошондо ага тоскоолдук кылыш єчєн, Тењирдин периштеси алдынан чыкты. Билам љзєнєн ургаачы эшегин минип бараткан, жанында эки малайы бар эле.
Ошондо эшеги колуна кылыч кармап жолунда турган Тењирдин периштесин кљрєп, жолдон бурулуп, талаага салды. Билам болсо эшегин жолго кайрыш єчєн сабап кирди.
Тењирдин периштеси жєзємзарлардын ортосундагы кууш жолдо туруп калды. Жолдун эки тарабы тењ дубал эле.
Эшек Тењирдин периштесин кљргљндљ, дубал жакка ыктап, Биламдын бутун кысып салды. Билам дагы сабап кирди.
Тењирдин периштеси болсо ал жерден жылып, оњго да, солго да бурула алгыс тар жерге туруп алды.
Билам минип турган эшек Тењирдин периштесин кљрєп, жата калды. Биламдын каары кайнап, эшекти таяк менен сабап кирди.
Ошондо Тењир эшекке тил киргизди. Эшек Биламга мындай деди: «Мени єчєнчє ирет сабап жатасыњ, мен сага эмне кылдым?»
Билам эшекке: «Мени келеке кылганыњ єчєн сабадым. Эгерде колумда кылыч болсо, башыњды азыр эле кыя чапмакмын», – деди.
Эшек болсо Биламга: «Ушул кєнгљ чейин љзєњ минип жєргљн алдыњдагы эшегињ мен эмес белем, сага ушинте турган љнљкљтєм бар беле?» – деди. Билам: «Жок!» – деди.
Тењир Биламдын кљзєн ачты. Ал колуна жалањдаган кылыч кармап жолдо турган Тењирдин периштесин кљрдє. Ошондо ал ага таазим кылып, жєзтљмљндљп жыгылды.
Тењирдин периштеси ага мындай деди: «Эмне єчєн эшегињди єч жолу сабадыњ? Бараткан жолуњ Менин алдымда туура болбогондуктан, Мен сага тоскоолдук кылыш єчєн чыктым.
Эшегињ Мени кљрєп, єч ирет жолдон бурулду. Бурулуп кетпегенде, Мен аны тирєє калтырып, сени љлтєрєп коймокмун».
Билам Тењирдин периштесине мындай деди: «Мен кєнљљ кылдым, анткени мен Сенин мага каршы чыгып, жолумда турганыњды билген эмесмин. Бул Сага жакпаса, анда мен кайра тартайын».
Ошондо Тењирдин периштеси Биламга мындай деди: «Бул кишилер менен бара бер, бирок Мен сага эмне десем, ошону гана сєйлљйсєњ». Ошентип, Билам Балактын тљрљлљрє менен жљнљп кетти.
Балак Биламдын келе жатканын угуп, аны Арнондун жанындагы чек арада жайгашкан мааптыктардын шаарынан тосуп чыкты.
Балак Биламга мындай деди: «Мен сени чакыртканы киши жибербедим беле. Эмне єчєн келбей койдуњ? Мен сени кантип эле сыйлай албай калайын?»
Билам Балакка мындай деди: «Мына, мен сага келдим, бирок мен љзєм бирдеме айта алар бекем? Кудай оозума эмнени салса, мен ошону гана айтам».
Анан Билам Балак менен кетти. Алар Кирийат-Хутсотко келишти.
Балак љгєздљрдє, койлорду союп, Биламга жана аны менен бирге келген тљрљлљргљ берип жиберди.
Балак эртеси эртењ менен Биламды Баал бийиктиктерине чыгарып, ошол жерден Ысрайыл элинин бир бљлєгєн кљрсљттє.
Толкования стиха Скопировать ссылку Скопировать текст Добавить в избранное
Библ. энциклопедия Библейский словарь Словарь библ. образов Практическая симфония
Цитата из Библии каждое утро
TG: t.me/azbible
Viber: vb.me/azbible