Скрыть
21:14
21:17
21:19
21:20
21:25
21:26
21:27
21:31
21:32
21:35
Тєштєк тарапта жашаган Канаан падышасы Аратта Ысрайыл элинин Атаримге барчу жол менен келатканын угуп, аларга каршы согуш ачып, алардын бир нече кишисин туткунга алды.
Ошондо Ысрайыл эли Тењирге мындай деп убада берди: «Эгерде бул элди менин колума салып берсењ, анда булардын шаарларын талкалайм».
Тењир Ысрайыл элинин єнєн угуп, канаандыктарды анын колуна салып берди. Ысрайылдыктар аларды шаарлары менен кошо талкалап жок кылышты. Ошондуктан ал жерди Хорма деп аташты.
Эдом жерин айланып љтєш єчєн, алар Ор тоосунан Кызыл дењизге карай кеткен жол менен жљнљштє. Жолдо элдин чыдамы кете баштады.
Алар Кудайга каршы, Мусага каршы мындай деп наалышты: «Бизди Мисир жеринен чљлдљ љлсєн деп алып чыктыњар беле? Анткени бул жерде нан да, суу да жок, бул жарыбаган тамак кљњєлєбєзгљ тийди».
Ошондо Тењир элге уулуу жыландарды жиберди. Алар Ысрайыл уулдарын чагышты, ошондо алардын бир тобу љлдє.
Анан эл Мусага келип, мындай деди: «Биз Тењирге жана сага каршы сєйлљп, кєнљљгљ баттык. Тењирге сыйынчы, Ал жыландарды жоготсун». Ошондо Муса эл єчєн сыйынды.
Тењир Мусага мындай деди: «Жезден жылан жасап, шыргыйга кадап кой, жылан чаккан киши аны бир караса эле, тирєє калат».
Муса жезден жылан жасап, шыргыйга кадап койду. Жылан чаккан киши жез жыланды карап, тирєє калып жатты.
Ысрайыл уулдары жолго чыгып, Оботко келип токтошту.
Оботтон чыгып, Жей-Абаримге келип токтошту, ал кєн чыгышта, Мааптын каршысындагы чљлдљ жайгашкан.
Ал жерден чыгып, Зерет љрљљнєнљ келип токтошту.
Ал жерден чыгып, Арнон суусунун аморлуктардын чек арасына кирбеген жагындагы чљлгљ келип токтошту, анткени Арнон суусу Маап менен аморлуктардын ортосунда жаткан Мааптын чек арасы болчу.
Ошондуктан Тењирдин согуштары китебинде мындай деп айтылган:
«Кызыл дењиздеги Байеп жана Арнон суулары, алардын Шебет-Арга тєшкљн жогорку башаттары Маап менен чектешип турат».
Ал жерден Бейирге бет алышты. Тењир Мусага «Элињди чогулт, Мен аларга суу берем» деп айткан кудук ушул.
Ошондо Ысрайыл мындай деп ырдады: «Тол, тол кудук! Ал жљнєндљ ырдагыла!
Бул – тљрљлљр жана эл башчылар љздљрєнєн мыйзам таяктары менен казган кудук». Бул чљлдљн чыгып, Матанга бет алышты.
Матандан Нахалиелге, Нахалиелден Бамотко жљнљштє.
Бамоттон чыгып, Маап жериндеги Пизги тоосунун чокусундагы чљлдє караган Айга жљнљштє.
Ысрайыл аморлуктардын падышасы Сихонго мындай деп айттырганы элчилерин жиберди:
«Мага сенин жерињ аркылуу љтєєгљ уруксат эт. Эгин талааларыњ менен жєзємзарларыњды аралап љтпљйбєз, кудуктарыњдан да суу ичпейбиз. Жерињден падышанын жолу менен гана љтєп кетебиз».
Бирок Сихон Ысрайыл уулдарына љз жери аркылуу љтєєгљ уруксат бербей койду. Ал љзєнєн элин чогултуп, чљлдљ Ысрайыл элине каршы чыгып, Жааска чейин келип, Ысрайыл эли менен салгылашты.
Ысрайыл аны кылычы менен кыйратып, Арнондон Жабокко чейинки, анын амондуктардын чек арасына чейинки жерлерин басып алды, анткени амондуктардын чек арасы бекем болчу.
Ошентип, Ысрайыл ушул шаарлардын баарын ээлеп алды. Ысрайыл аморлуктардын бардык шаарларында, Кешпондо жана ага караштуу бардык шаарларда жашап турду.
Анткени Кешпон аморлуктардын падышасы Сихондун шаары эле. Ал мааптыктардын мурунку падышасы менен согушуп, анын Арнонго чейинки жеринин баарын тартып алган.
Ошондуктан ырчылар мындай деп ырдашат: «Кешпонго келгиле, Сихондун шаарын кайрадан кургула, тегерете бекемдегиле.
Анткени Кешпондон чыккан от, Сихондун шаарынан чыккан жалын Ар-Маапты жана Арнондун бийиктиктерин ээлеп жаткандарды жалмады.
Маап, сага кайгы! Кемош эли, кыйрадыњ! Уулдарыњ качып жљнљштє, кыздарыњ болсо Амор падышасы Сихондун туткуну болуп калышты.
Биз аларды жебе менен кыйраттык. Кешпон Дибонго чейин кыйрады, биз аларды Мейдебанын жанындагы Нопахка чейин кыйраттык».
Ошентип, Ысрайыл аморлуктардын жеринде жашап турду.
Муса Жазерди кљрєп келєєгљ киши жиберди. Анан алар ага караштуу айыл-кыштактарды басып алышты, ал жерлерде жашаган аморлуктарды кууп чыгышты.
Анан артка кайрылып, Башанды кљздљй жљнљштє. Ошондо Башан падышасы Ог бєт эли менен аларга каршы чыгып, Эдрейдин жанында салгылашты.
Ошондо Тењир Мусага: «Сен андан коркпо, анткени Мен анын љзєн, бєт элин, бєт жерин сенин колуња салып берем. Кешпондо жашаган Амор падышасы Сихонду кандай кылсањ, муну да так ошондой кыласыњ», – деди.
Ошентип, ысрайылдыктар анын љзєн, уулдарын, бєт элин бирин калтырбай кыйратышты, анын жерлерин ээлеп алышты.
Толкования стиха Скопировать ссылку Скопировать текст Добавить в избранное
Библ. энциклопедия Библейский словарь Словарь библ. образов Практическая симфония
Цитата из Библии каждое утро
TG: t.me/azbible
Viber: vb.me/azbible