Скрыть
20:7
20:9
20:11
20:15
20:17
20:23
20:26
20:27
20:28
Ысрайыл уулдары, бєт жамаат, биринчи айда Син чљлєнљ келип, Кадешке токтоду. Ошол жерде Мириям каза болуп, ошол жерге коюлду.
Жамааттын ичер суусу жок болгондуктан, алар Муса менен Арунга каршы чогулушту.
Эл Мусага мындай деп наалыды: «О, биз ошондо эле, Тењирдин алдында бир туугандарыбыз љлгљндљ эле љлєп калсак эмне?
Эмне єчєн силер Тењирдин элин бул чљлгљ алып келдињер? Бул жерде бизди малыбыз менен кошо кырылып калсын дедињерби?
Эмне єчєн силер бизди Мисирден эгин эккенге болбогон, анжыр, жєзєм, анар љспљгљн, атєгєл, иче турган суусу жок бул жаман жерге алып келдињер?»
Муса менен Арун элден бљлєнєп, жыйын чатырына келип, жєзтљмљндљп жыгылышты, ошондо аларга Кудайдын дањкы келди.
Ошондо Тењир Мусага мындай деди:
«Таякты колуња алып, бєт жамаатты чогултуп, бир тууганыњ Арун менен алардын кљз алдында аскага айт, ошондо ал љзєнљн суу чыгарып берет. Ошентип, сен аскадан суу чыгарып, жамаатка да, анын малдарына да суу ичиресињ».
Муса Тењирдин буйругу боюнча Тењирдин алдындагы таягын алды.
Анан Муса менен Арун элди асканын жанына чогултушту. Ошондо Муса аларга мындай деди: «Кулак салгыла, баш ийбес эл, ушул аскадан силерге суу чыгарып берелиби?»
Анан Муса колун кљтљрєп, таягы менен асканы эки чапты эле, шаркырап суу агып чыкты. Ошондо жамаат да, алардын малы да суу ичти.
Ошондо Тењир Муса менен Арунга мындай деди: «Мага ишенбей, Ысрайыл уулдарынын кљз алдында Менин ыйыктыгымды кљрсљтпљгљндєгєњљр єчєн, Мен берип жаткан жерге бул элди силер алып кирбейсињер».
Бул – Мериба суусу. Бул суунун жанында Ысрайыл уулдары Тењир менен араздашып кеткен. Ошондо Тењир аларга Љзєнєн ыйыктыгын кљрсљткљн.
Муса Кадештен Эдом падышасына мындай деп айттырганы элчилерди жиберди: «Сенин бир тууганыњ Ысрайыл мындай дейт: “Сен биздин башыбызга тєшкљн кыйынчылыктардын баарын билесињ.
Биздин ата-бабаларыбыз Мисир жерине кљчєп барышкан, ошондуктан биз ал жерде кљп убакыт жашадык. Мисирликтер бизге жана биздин ата-бабаларыбызга жаман мамиле кылышты.
Ошондо биз Тењирди чакырдык. Ал єнєбєздє угуп, периштесин жиберип, бизди Мисирден алып чыкты. Азыр биз сенин чек арањда жайгашкан Кадеш деген шаарда турабыз.
Бизге сенин жерињ аркылуу љтєєгљ уруксат эт, биз айдоолор менен жєзємзарларды аралап љтпљйбєз, сенин кудуктарыњан да суу ичпейбиз, падышанын жолу менен љтљбєз, сенин чек арањдан љтєп кеткенче, оњго да, солго да кыйшайбайбыз».
Бирок Эдом ага мындай деди: «Менин жерим аркылуу љтпљ, болбосо мен сага каршы кылыч менен чыгам».
Ошондо Ысрайыл уулдары ага мындай дешти: «Биз чоњ жол менен љтљбєз, эгерде сенин кудугуњдан суу ичсек же малыбыз ичсе, акысын тљлљп беребиз, жерињди бутубуз менен гана басып љтљбєз, ал эч нерсеге турбайт».
Бирок ал: «Љтпљйсєњљр!» – деди. Анан Эдом Ысрайылга кљп сандаган эли менен, кєч-кубаттуу колу менен каршы чыкты.
Ошентип, Эдом Ысрайыл элине љз жеринен љткљнгљ макул болбой койду, Ысрайыл эли болсо андан четтеп кетти.
Ысрайыл уулдары Кадештен чыгышты. Бєт жамаат Ор тоосуна келди.
Ор тоосунда, Эдом жеринин чек арасында, Тењир Муса менен Арунга мындай деди:
«Арун љз элине барып кошулсун, Мериба суусунун жанында Менин буйруктарыма баш ийбей койгонуњар єчєн, Мен Ысрайыл уулдарына берген жерге ал кирбейт.
Арунду уулу Элазар менен кошо Ор тоосуна алып чык.
Анан Арундун кийимин чечип, уулу Элазарга кийгиз. Анан Арун четке чыгып, ошол жерде кљз жумсун».
Муса Тењир буйругандай кылды. Алар бєт жамааттын кљз алдында Ор тоосуна чыгышты.
Муса Арундун кийимин чечип, аны уулу Элазарга кийгизди. Арун Ор тоосунун чокусунда кљз жумду. Муса менен Элазар болсо тоодон тєшєп келишти.
Арундун кљз жумганын бєт жамаат билди. Бєткєл Ысрайыл эли Арунду жоктоп, отуз кєн ыйлады.
Толкования стиха Скопировать ссылку Скопировать текст Добавить в избранное
Библ. энциклопедия Библейский словарь Словарь библ. образов Практическая симфония
Цитата из Библии каждое утро
TG: t.me/azbible
Viber: vb.me/azbible