Скрыть

Некемия, Глава 2

Толкования
2:2
2:4
2:5
2:7
2:9
2:11
2:12
2:13
2:15
2:16
2:17
2:18
Нисан айында, Артакшаштанын падышачылыгынын жыйырманчы жылында, падышанын алдына шарап тартылды. Мен ал шарапты алып, падышага сундум. Адатта, мен анын алдында капалуу болуп турчу эмесмин.
Бирок падыша мага: «Эмне єчєн капалуусуњ? Ооруп жатасыњ дейин десем, оорубай эле турасыњ, бирок жєрљгєњдє бир нерсе љйєп турса керек?» – деди. Ошондо мен абдан коркуп кетип,
падышага: «Падышам кылымдан кылымга жашасын! Ата-бабаларымдын сљљгє коюлган шаар кыйрап, дарбазалары љрттљнєп жатса, кантип капа болбойм!» – дедим.
Ошондо падыша мага: «Каалаганыњ эмне?» – деди. Мен асмандагы Кудайга сыйынып,
падышага: «Эгерде падышам ылайык кљрсљ, эгерде љзєњдєн алдыњдагы кулуња ырайым кылгыњ келсе, мени Жєйєт аймагына, ата-бабаларымдын сљљгє коюлган шаарга жибер, мен ал шаарды кайра курайын», – дедим.
Ошондо падыша жана анын жанында отурган падышанын аялы менден: «Канча убакыт жол жєрљсєњ, кайра качан кайтасыњ?» – деп сурашты. Мен бир убакытты белгилегенден кийин, падыша мени жиберєєнє туура кљрдє.
Анан мен падышага мындай дедим: «Эгерде падышам туура кљрсљ, Жєйєт аймагына бара жатканымда дарыянын наркы љйєзєндљгє дубан башчылар љз жеринен љтєємљ уруксат берип турушу єчєн, аларга кат жазып берсе экен.
Падышанын токойлорун кайтарган Асапка да кат берсе экен, ал Кудай єйєнєн тегерегиндеги чептин дарбазасы єчєн, шаар дубалдары єчєн жана мен тура турган єй єчєн карагай берсин». Кудайдын жакшылык кылуучу колу менин єстємдљ тургандыктан, падыша мага сураганымды берди.
Мен дарыянын наркы љйєзєндљгє дубан башчыларга келип, падышанын каттарын бердим. Падыша мени менен кошо аскер башчыларды жана атчан аскерлерди жиберген эле.
Хорондук Санбалат менен амондук кул Тобия Ысрайыл уулдарынын жыргалчылыгы єчєн кам кљргљнє бир адам келгендигин укканда, абдан ачууланышты.
Анан мен Иерусалимге келдим. Ал жерге келгениме єч кєн болгондо,
тєн ичинде ордумдан турдум. Жанымда бир нече киши бар эле. Бирок Иерусалим єчєн иштљљнє жєрљгємљ Кудайым салганын эч кимге айткан жокмун. Љзєм минип келген жаныбардан башка жанымда эч кандай жаныбар жок эле.
Тєнє менен Ажыдаар башатынын алдындагы Љрљљн дарбазасынан љтєп, Кык дарбазасына чейин келип, Иерусалимдин кыйраган дубалдары менен љрттљлгљн дарбазаларын карап чыктым.
Анан Башат дарбазасы менен падыша кљлмљсєнљ келдим, бирок ал жерде астымдагы жаныбар љтљ турган жер жок болгондуктан,
артыма кайрылып, коктуну љрдљп чыгып, дубалдарды байкап кљрдєм, анан кайра Љрљљн дарбазасынан љтєп, кайрылып келдим.
Мен кайда барып, эмне кылып жєргљнємдє башчылар билишкен жок: жєйєттљргљ да, ыйык кызмат кылуучуларга да, атактуу адамдарга да, башчыларга да, башка жумуш башчыларга да мен буга чейин эч нерсе ачкан эмесмин.
Мен аларга мындай деп айттым: «Силер биздин башыбызга тєшкљн кырсыкты кљрєп турасыњар. Иерусалим кыйрады, дарбазалары љрттљлдє, жєргєлљ, Иерусалим дубалдарын тургузалы, ошондо мындан ары мындай кордукту кљрбљйбєз».
Анан мен аларга Кудайдын мага жакшылык кылган колу тууралуу, падышанын мага айткан сљздљрє тууралуу айтып бердим. Ошондо алар: «Курабыз», – дешип, жакшы ишти баштоого бел байлашты.
Муну уккан хорондук Санбалат, амондук кул Тобия жана аравиялык Гешем бизди шылдыњдап, жек кљрєє менен: «Эмне иш кылганы жатасыњар? Падышага каршы чыкканы жатасыњарбы?» – дешти.
Ошондо мен аларга жооп кылып: «Бизди асмандагы Кудай Љзє колдойт, биз болсо, Анын кулдары, шаарды курабыз. Ал эми силердин Иерусалимде єлєшєњљр да, укугуњар да, атыњар да жок», – дедим.
Толкования стиха Скопировать ссылку Скопировать текст Добавить в избранное
Библ. энциклопедия Библейский словарь Словарь библ. образов Практическая симфония
Цитата из Библии каждое утро
TG: t.me/azbible
Viber: vb.me/azbible