Скрыть
9:2
9:4
9:5
9:8
9:9
9:11
9:12
9:13
9:15
9:16
9:19
9:21
9:22
9:25
Муну уккан Иордандын аркы љйєзєндљгє тоодо жана тєздљ, Лебанондун жанындагы улуу дењиздин бєт жээгинде жашаган хеттиктердин, аморлуктардын, канаандыктардын, периздиктердин, хибиликтердин жана жебустуктардын падышалары
Жашыя менен Ысрайыл элине каршы салгылашыш єчєн чогулушту.
Бирок Жерихо менен Айды Жашыя эмне кылганын уккан Гибон тургундары мындай амал колдонушту:
алар жолуна нан камдап, эшектерине эски каптарын жана шарап куюлган эски, чалдыбары чыккан, жамаачыланган чаначтарын артып, аларды карай жљнљп калышты.
Буттарына жамаачыланган эски бут кийим, єстєлљрєнљ эски кийим кийип алышты. Алардын жолго алган наны да кљгљрєп, катып калган нан эле.
Алар Жашыяга, ысрайылдыктардын станы турган Гилгалга келишти да, ысрайылдыктар менен Жашыяга мындай дешти: «Биз алыскы љлкљдљн келдик, биз менен келишим тєзгєлљ».
Ошондо ысрайылдыктар хибиликтерге мындай дешти: «Силер бизге жакын турган эл болуп жєрбљгєлљ, андай болсо кантип келишим тєзљбєз?»
Алар Жашыяга: «Биз сенин кулдарыњбыз», – дешти. Жашыя алардан: «Силер кимсињер, кайдан келдињер?» – деп сурады.
Алар Жашыяга мындай дешти: «Сенин кулдарыњ Кудай-Тењирдин ысымы єчєн эњ алыскы љлкљдљн келишти, анткени биз Анын дањкы жљнєндљ, Мисирде кылган бардык иштери жљнєндљ уктук.
Ошондой эле Ал Иордандын аркы љйєзєндљ жашаган аморлуктардын эки падышасын: Кешпон падышасы Сихон менен Аштаротто жашаган Башан падышасы Огду эмне кылганын билебиз.
Мына ушуларды уккан биздин аксакалдар менен биздин љлкљнєн эли бизге мындай дешти: “Колуњарга жол азык алып, аларды утурлай чыгып, мындай деп айткыла: «Биз силердин кулуњарбыз, биз менен келишим тєзгєлљ.
Силерди карай жолго чыккан кєнє єйєбєздљн алып чыккан бул наныбыз ысык болчу. Азыр болсо ал катып, кљгљрєп кетти.
Мына бул шарап куюлган чаначтар да жапжањы эле, жолдо чалдыбары чыкты, жолдун узактыгынан єстєбєздљгє кийимибиз да, бутубуздагы бут кийимибиз да жыртылып калды»”».
Ысрайылдыктар алардын колундагы нанды алышты, бирок Тењирдин эркин сурашкан жок.
Анан Жашыя алар менен тынчтык келишимин тєзєп, алардын љмєрєн сактоого макул болду. Жамааттын башкаруучулары аларга ант беришти.
Ысрайылдыктардын алар менен тынчтык келишимин тєзгљнєнљ єч кєн болгондон кийин, алардын кошуна эл экенин, жакын эле жерде жашарын угушту.
Анткени Ысрайыл уулдары жолго чыгып, єчєнчє кєнє алардын шаарларына келишкен. Алардын шаарлары Гибон, Кепира, Бейрот жана Кирийат-Жейарим эле.
Ысрайыл уулдары аларды кыйратышкан жок, анткени жамаат башчылары Ысрайылдын Кудай-Тењири менен ант берип коюшкан. Мына ушул єчєн Ысрайылдын бєткєл жамааты башчыларга нааразы болду.
Ошондо башчылардын бардыгы бєт жамаатка мындай дешти: «Биз аларга Ысрайылдын Кудай-Тењири менен ант берип койгонбуз, ошондуктан аларга тие албайбыз.
Биз аларды мындай кылалы: аларга берген антыбыздан улам Кудайдын каарына калбашыбыз єчєн, аларды тирєє калтыралы».
Башчылар дагы мындай дешти: «Булар жашай беришсин, бирок бардык жамаат єчєн отун жарып, суу ташышат». Ошондо алар башчылар айткандай кылышты.
Анан Жашыя аларды чакырып алып, мындай деди: «Бизге жакын жашап туруп, эмне єчєн силер бизди: “Биз эњ алыскы љлкљдљн келдик”, – деп алдадыњар?
Мына ушул єчєн силерди каргыш урсун! Љмєр бою кул болуп, Тењиримдин єйєнљ отун жарып, суу ташыйсыњар!»
Алар Жашыяга мындай деп жооп беришти: «“Ысрайылдын алдындагы бєт элдерди кырып, алардын бєт жерин аларга бер”, – деп, Кудай-Тењир Љз кулу Мусага буйруганы жљнєндљ сенин кулдарыња кабар жеткен. Ошондуктан љмєрєбєздљн ажыратпасын деп, љтљ корккондуктан, ушундай иш кылдык.
Мына, эми биз сенин колуњдабыз. Эмне кылсањ, љзєњ бил, сага эмне жакшы жана адилеттєє кљрєнсљ, бизге ошондой кыл».
Жашыя аларды мындай кылды: аларды Ысрайыл уулдарынын колунан куткарды. Аларды ысрайылдыктар љлтєрєшкљн жок.
Ошол кєнє Жашыя аларды жамаатка жана Кудайдын курмандык чалынуучу жайына отун жаргыч, суу ташыгыч кылып дайындады. Тењир кайсы гана жерди тандабасын, алар ошол жерде, атєгєл, ушул кєнгљ чейин кул болуп жєрєшљт.
Толкования стиха Скопировать ссылку Скопировать текст Добавить в избранное
Библ. энциклопедия Библейский словарь Словарь библ. образов Практическая симфония
Цитата из Библии каждое утро
TG: t.me/azbible
Viber: vb.me/azbible