Скрыть
7:3
7:4
7:7
7:8
7:10
7:11
7:12
7:17
7:18
7:20
7:21
7:22
7:23
Бирок Ысрайыл уулдары кылмыш кылып, каргышка калган нерселерден катып алышты. Жєйєт уруусунан Зерактын уулу, Забдийдин уулу, Карминин уулу Ахан каргышка калгандардан катып алды. Ошондо Ысрайыл уулдарына Тењирдин каары кайнады.
Бейтелдин чыгыш тарабындагы Бейт-Абенге жакын турган Ай шаарына Жашыя Жериходон кишилерди жљнљтєп, аларга мындай деди: «Барып, жерди кљрєп келгиле». Алар жљнљп кетишти да, Айды карап келишти.
Анан Жашыяга кайтып келип, мындай дешти: «Бардык эл барбасын, эки же єч мињге жакын адам барып, Айды басып алсын. Бєт элди убара кылып, ал жакка жибербе, анткени ал жердеги эл аз эле экен».
Ошентип, элдин арасынан ал жакка єч мињге жакын киши кетти. Бирок алар Айдын тургундарынан качып жљнљштє.
Айдын тургундары алардын отуз алты кишисин љлтєрєштє, аларды шаар дарбазасынан Шебаримге чейин сая кууп жетип, тоонун эњкейишинде талкалашты. Ошондо элдин ємєтє єзєлєп, кљњєлє чљктє.
Жашыя жана аны менен кошо Ысрайыл аксакалдары кийимдерин айрып, Тењир сандыгынын алдына кљмкљрљсєнљн кулап, кечке чейин жатышты, баштарына кєл чачышты.
Анан Жашыя мындай деди: «Оо Эгедер Тењир! Бизди аморлуктардын колуна салып берип, кырдыра турган болсоњ, эмне єчєн элди Иордандан љткљрдєњ? Оо, Иордандын ары жагында эле жашап калсак эмне!
Оо Тењир! Ысрайыл душмандан качкандан кийин, мен эмне айтмак элем?
Канаандыктар менен жер бетинин тургундары муну угуп, бизди курчоого алышат, биздин атыбызды жер єстєнљн љчєрєшљт. Ошондо Љзєњдєн улуу ысымыња эмне кыласыњ?»
Ошондо Тењир Жашыяга мындай деди: «Тур, эмне єчєн жєзтљмљндљп жыгылдыњ?
Ысрайыл кєнљљ кылды. Аларга берген Менин келишимимди бузушту, каргышка калган нерселерден уурдап, жашырып, љз буюмдарынын арасына катып алышты.
Мына ошон єчєн Ысрайыл уулдары кас душмандарына туруштук бере албай, душманынан качып жљнљштє, анткени алар каргыштын астында калышты. Эгерде арањардагы каргышка калгандарды жок кылбасањар, Мен силер менен мындан ары болбойм.
Тур, элди ыйыкта. Аларга мындай де: “Тањ атканга чейин ыйыкталгыла, анткени Ысрайылдын Кудай-Тењири мындай дейт: «Каргышка калган нерсе сенин ичињде, Ысрайыл, каргышка калган нерсени љзєњдљн алып салмайынча, кас душмандарыња туруштук бере албайсыњ»”.
Эртењ эртењ менен уруу-уруу болуп келгиле. Тењир кљрсљткљн уруу тукум-тукум болуп келсин. Ал эми Тењир кљрсљткљн тукум єй-бєлљ-єй-бєлљ болуп келсин. Тењир кљрсљткљн єй-бєлљдљгєлљр бир-бирден келсин.
Каргышка калган нерсени уурдап айыбы ачылган адамды отко љрттљп жиберишсин, Тењирдин келишимин бузуп, Ысрайылдын ичинде мыйзамсыз иш кылганы єчєн, љзєн жана ага тиешелєє нерселердин бардыгын љрттљшсєн».
Жашыя эртењ менен эрте туруп, Ысрайылга: «Уруу-уруу болуп келгиле», – деп буйрук кылды. Ошондо Жєйєт уруусу кљрсљтєлдє.
Анан ал Жєйєт уруусу келсин деп буйрук кылды. Ошондо Зерактын тукуму кљрсљтєлдє. Зерактын тукумуна єй-бєлљ-єй-бєлљ болуп келсин деп буйрук кылды, ошондо Забдийдин єй-бєлљсє кљрсљтєлдє.
Анын єй-бєлљсєндљгєлљр бир-бирден келсин деп буйрук кылды. Ошондо Жєйєт уруусунан Зерактын уулу, Забдийдин уулу, Карминин уулу Ахан кљрсљтєлдє.
Ошондо Жашыя Аханга мындай деди: «Уулум! Тењирди, Ысрайылдын Кудайын, дањазала, Анын алдында кєнљљњдє мойнуња ал, анан эмне кылганыњды мага айт, менден жашырба».
Ахан болсо Жашыяга мындай деп жооп берди: «Ысрайылдын Кудай-Тењиринин алдында кєнљљгљ батканым чын, мен мындай кылдым:
олжолордун арасынан бир жакшынакай Шинар кийимин, эки жєз кємєш шекелди, салмагы элєє шекел уютулган алтынды кљрдєм. Алар мага жагып калды, ошондуктан мен аларды алдым. Мына, алар чатырымдын ортосунда кљмєлєп турат, кємєштљр да ошол жерде».
Жашыя кишилерди жљнљттє, алар чатырга жетип барышты. Булар чатырга катылыптыр, кємєштљр да ошол жерде экен.
Аларды чатырдан алып чыгып, Жашыяга жана Ысрайыл уулдарына алып келишти да, Тењирдин алдына коюшту.
Жашыя менен бардык ысрайылдыктар Зерактын уулу Аханды кємєшє, кийими, уютулган алтыны, балдары жана кыздары, љгєздљрє жана эшектери, койлору жана чатыры, бардык буюм-тайымдары менен Акойак љрљљнєнљ алып чыгышты.
Анан Жашыя мындай деди: «Биздин башыбызга мєшкєл тєшєргљнєњ єчєн, Тењир бєгєн сенин башыња мєшкєл тєшєрљт». Ошондо бєт ысрайылдыктар аны таш барањга алышты да, аларды отко љрттљп жиберишти, єстє-єстєнљ таш ыргытышты.
Ыргытылган таштар єйєлєп, дљбљ болду, ал бєгєнкє кєнгљ чейин бар. Ошондон кийин Тењирдин кайнаган каары токтоду. Андыктан ал жер азыркыга чейин Акор љрљљнє деп аталат.
Толкования стиха Скопировать ссылку Скопировать текст Добавить в избранное
Библ. энциклопедия Библейский словарь Словарь библ. образов Практическая симфония
Цитата из Библии каждое утро
TG: t.me/azbible
Viber: vb.me/azbible