Скрыть
23:4
23:8
23:15
Тењир Ысрайыл уулдарын туш тараптагы бардык душмандарынан куткарып, тынчтандыргандан кийин, кљп мезгил љттє. Жашыя абдан карып калды.
Жашыя Ысрайылдын бєт жамаатын, алардын аксакалдарын, башчыларын, башкаруучуларын, кљзљмљлдљљчєлљрєн чакыртып алып, аларга мындай деди: «Мен карып калдым.
Кудай-Тењирињер ушул турган элдерди силердин алдыњарда эмне кылганын љз кљзєњљр менен кљрдєњљр, анткени Кудай-Тењирињер силер єчєн Љзє салгылашты.
Мен Иордандан батыштагы улуу дењизге чейинки элдердин бардыгын кырып, калган элди силердин укум-тукумуњарга љкчљмљ таш боюнча бљлєп бердим.
Кудай-Тењирињер силерге айткандай, алардын жерлерин мурастап калышыњар єчєн, Кудай-Тењирињер Љзє аларды алдыњардан кууп чыгып, силердин кљз алдыњарда жок кылат.
Ошондуктан Мусанын мыйзам китебинде жазылгандардын бардыгын так сактап, так аткарууга аракет кылгыла, андан оњго да, солго да бурулбагыла.
Арањарда калып калган элдер менен байланышпагыла, алардын кудайларын эскербегиле, аттарын атабагыла, аларга кызмат кылбагыла, табынбагыла,
бирок бєгєнкє кєнгљ чейин жабышып келгенињердей, Кудай-Тењирињерге жабышкыла.
Тењир кљп сандаган кєчтєє элдерди силердин алдыњардан кууп чыкты. Бєгєнкє кєнгљ чейин силерге эч ким туруштук бере алган жок.
Бирљљњљр эле мињди кубалайсыњар, анткени Кудай-Тењирињер Љзє айткандай, силер єчєн Љзє кєрљшєп жатат.
Ошондуктан Кудай-Тењирињерди бєт кєчєњљр менен сєйєєгљ аракет кылгыла.
Эгерде силер Тењирден баш тартып, арањарда калган бул элдер менен катышып, кыз алышып, кыз беришип, силер аларга, алар силерге келе турган болсо,
анда билип койгула: Кудай-Тењирињер бул элдерди арањардан кууп чыкпайт, алар силерге жайылган тор, мойнуњарга салынган сыйыртмак болот, Кудай-Тењирињер берген берекелєє бул жерде силер кырылып калмайынча, алар жонуњарга камчы, кљзєњљргљ тикенек болот.
Жарык дєйнљ менен коштошорума аз калды. Силер жљнєндљ Кудай-Тењирињер айткан бардык жакшы сљздљрдєн бири да аткарылбай калбаганын бєт жєрљгєњљр, жан-дилињер менен таанып билгиле, бардыгы силер єчєн жєзљгљ ашты, бир да сљз аткарылбай калган жок.
Бирок Кудай-Тењирињер силерге айткан бардык жакшы сљздљрєн кандай аткарып келсе, бардык жаман сљздљрєн да Кудай-Тењирињер берген берекелєє бул жерде силерди жок кылмайынча, ошондой аткарат.
Эгерде Кудай-Тењирињердин силер менен тєзгљн келишимин бузуп, башка кудайларга кызмат кылып, аларга табынып кетсењер, анда Тењир силерге каарданат, силер Тењир берген бул берекелєє жерде бат эле кырылып жок болосуњар».
Толкования стиха Скопировать ссылку Скопировать текст Добавить в избранное
Библ. энциклопедия Библейский словарь Словарь библ. образов Практическая симфония
Цитата из Библии каждое утро
TG: t.me/azbible
Viber: vb.me/azbible