Скрыть
2:2
2:3
2:5
2:6
2:7
2:8
2:13
2:16
2:17
2:18
2:19
2:20
2:21
2:22
2:23
2:24
Нундун уулу Жашыя Шитимден эки чалгынчыны жашыруун жиберип жатып, аларга: «Барып, жерди жана Жерихону кљрєп келгиле», – деди. Экљљ жљнљп кетти да, Рахап деген бузулган аялдын єйєнљ келип, ошол жерде тєнљп калышты.
Ошондо Жерихо падышасына «Тєндљ бул жакка Ысрайыл уулдарынан кишилер жер чалууга келишти» деген кабар жетти.
Жерихо падышасы бузулган аял Рахапка мындай деп айттырды: «Сенин єйєњљ келген кишилерди бизге чыгарып бер, анткени алар биздин бардык жерлерибизди байкаганы келишти».
Бирок аял ал эки кишини жашырып койду да: «Мага кишилердин келгени чын, бирок алардын кайдан келгенин билген эмесмин.
Алар кєєгєм киргенде, дарбаза жабыларда кетип калышкан. Кайда кетишкенин билбейм, тезирээк артынан куугула, аларды кууп жетесињер», – деди.
Љзє болсо аларды єйєнєн єстєнљ алып чыгып, єйєнєн єстєндљ жаткан зыгыр боолорунун арасына жашырып койду.
Куугунчулар аларды Иорданды карай кеткен жол менен дарыянын љткљљлєнљ чейин кууп кетишти. Куугунчулар чыгып кетер замат дарбаза бекиди.
Тигил эки киши жата электе аял єйдєн єстєнљ чыгып,
аларга мындай деди: «Тењир бул жерди силерге бергенин билем, анткени силер бизге коркунуч туудурдуњар, бул жерде жашагандар силерден коркуп жатышат.
Анткени Мисирден чыкканыњарда, Тењир силердин кљз алдыњарда Кызыл дењиздин ортосун кургатканын, Иордандын ары жагындагы аморлуктардын эки падышасы Сихон менен Огду кандай кылып кыйратканыњарды укканбыз.
Бул жљнєндљ укканыбызда, жєрљгєбєз тєшєп, силерге каршы турууга эч кимибиз батынбай калдык, анткени силердин Кудай-Тењирињер жогорудагы асмандын да, тљмљндљгє жердин да Кудайы экен.
Ошондуктан мен силерге ырайым кылгандай, силер да атамдын єйєнљ ырайым кылабыз деп, Тењир менен ант бергиле.
Атамды, энемди, ага-инилеримди, эже-сињдилеримди жана алар менен жашагандардын бардыгын тирєє калтырып, жаныњарды сактап калабыз деп, мага ишенимдєє белги калтыргыла».
Ал кишилер аялга мындай дешти: «Эгерде силер бул ишибизди ачпасањар, силердин ордуњарга биздин жан кыйылсын. Тењир бизге жерди бергенден кийин, биз сага ырайым жана адилеттик кылабыз».
Аял аларды аркан менен терезеден тєшєрєп койду, анткени анын єйє шаар дубалында болчу, ал дубалда жашачу.
Аял аларга: «Куугунчулар алдыњардан чыгып калбашы єчєн, тоого бара тургула, силерди кубалап кеткендер кайрылып келгиче, єч кєн ошол жерде жашына тургула. Андан соњ жолго чыксањар болот», – деди.
Тигил кишилер аялга мындай дешти: «Эгерде мындай кылбасањ, анда биз сага берген антыбыздан бош болобуз:
биз бул жерге келгенде, бизди тєшєрєп койгон терезење бул кызыл арканды байлап кой да, атањ менен энењди, бир туугандарыњды, атањдын бардык урук-тууганын єйєњљ чогулт.
Эгерде єйєњдљн бирљљ сыртка чыга турган болсо, анын каны љз мойнунда болот, анда биз сага берген антыбыздан бош болобуз. Ал эми сенин єйєњдљгє адамга бирљљнєн колу тийсе, анда анын каны биздин мойнубузда.
Эгерде сен биздин бул ишибизди ача турган болсоњ, анда дагы сага берген антыбыздан бош болобуз».
Аял аларга: «Силер айткандай болсун!» – деди да, аларды коё берди. Алар жљнљп кетишти. Аял болсо кызыл арканды терезеге байлап койду.
Алар жљнљп кетишип, тоого келишти да, аларды кууган куугунчулар кайрылып келгенче, єч кєн ошол жерде болушту. Куугунчулар аларды жолдордун баарынан издеп, таппай коюшту.
Ошентип, ал эки киши артка кайрылып, тоодон тєшєп, Иордандан љтєп, Нундун уулу Жашыяга келди. Эмне болгонунун баарын айтып берди.
Алар Жашыяга: «Тењир ал жердин баарын бизге бериптир, ал жерде жашагандардын баары бизден коркуп жатышыптыр», – дешти.
Толкования стиха Скопировать ссылку Скопировать текст Добавить в избранное
Библ. энциклопедия Библейский словарь Словарь библ. образов Практическая симфония
Цитата из Библии каждое утро
TG: t.me/azbible
Viber: vb.me/azbible