Скрыть
1:9
1:10
1:12
1:15
1:17
1:18
Тењирдин кулу Муса каза болгондон кийин, Мусанын кызматчысы Нундун уулу Жашыяга Тењир мындай деди:
«Менин кулум Муса кљз жумду. Эми сен тур, Мен Ысрайыл уулдарына берип жаткан жерге Ысрайыл уулдары менен бирге мына бул Иордан аркылуу љт.
Мусага айтканымдай, бутуњар баскан жердин баарын Мен силерге берем.
Чљлдљн жана мына бул Лебанон жеринен улуу Эфрат дарыясына чейинки хеттиктердин бардык жери, ошондой эле батыштагы улуу дењизге чейинки аймак силердики болот.
Љмєрєњ љткљнчљ сага эч ким туруштук бере албайт. Мен Муса менен кандай болсом, сени менен да ошондой болом. Сенден четтебейм, сени таштабайм.
Бекем, кайраттуу бол. Анткени Мен ата-бабаларына берем деп убада кылган жерди бул элдин карамагына сен љткљрєп бересињ.
Болгону, бекем, љтљ кайраттуу бол, сага Менин кулум Муса берген мыйзамды так сактагын жана аткаргын, бардык иштерињди акылмандуулук менен кылуу єчєн, андан оњго да, солго да бурулба.
Бул мыйзам китебинде жазылгандар оозуњдан тєшпљсєн, анда жазылгандардын бардыгын так аткарыш єчєн, алар жљнєндљ кєнє-тєнє ой жєгєрт, ошондо сен љз жолдоруњда ийгиликке жетишесињ жана акылмандуулук менен иш кыласыњ.
Мен сага буйрук кылам: бекем, кайраттуу бол, жалтанба да коркпо, анткени сен кайда барсањ, Кудай-Тењирињ ошол жерде сени менен болот».
Анан Жашыя эл башчыларга мындай деп буйрук берди:
«Станды аралап, элге мындай буйрук бергиле: “Жолуњарга азык камдагыла, анткени єч кєндљн кийин, ата-бабањардын Кудай-Тењири силерге мурас кылып берген жерди алганы барыш єчєн, Иордандын ары жагына љтљсєњљр”».
Ал эми Рубейин, Гат уруусуна жана Менашенин жарым уруусуна Жашыя мындай деди:
«Тењирдин кулу Муса силерге эмне буйруганын эстегиле. Ал мындай деген: “Кудай-Тењирињер силерди тынчтандырып, силерге ушул жерди берди.
Аялдарыњар, балдарыњар жана малыњар Иордандын ары жагында, Муса берген жерде калсын. Ал эми силер, согушка жарактууларыњар, куралданып алып, бир туугандарыњардын алдында баргыла да, аларга жардамдашкыла.
Тењир силер сыяктуу эле силердин бир туугандарыњарды да тынчтандырмайынча, Кудай-Тењирињер берген жерди алар мурас кылып алышмайынча, аларга жардамдашкыла. Ошондон соњ мурасыњарга кайрылып келгиле да, Тењирдин кулу Муса Иордандын ары жагынан, чыгыш тараптан берген жерди ээлегиле”».
Алар Жашыяга жооп кылып: «Бизге эмне буйрусањ, ошонун бардыгын жасайбыз, кайда жиберсењ, барабыз.
Биз Мусаны кандай уксак, сени да ошондой угабыз. Кудай-Тењирињ Муса менен болгондой, сени менен да болсун.
Сенин буйругуња каршы чыккан, сен буйрук кылып айткан сљздљрєњдєн бардыгына кулак салбаган ар ким љлєм жазасына тартылат. Болгону, сен бекем, кайраттуу бол!» – дешти.
Толкования стиха Скопировать ссылку Скопировать текст Добавить в избранное
Библ. энциклопедия Библейский словарь Словарь библ. образов Практическая симфония
Цитата из Библии каждое утро
TG: t.me/azbible
Viber: vb.me/azbible